Садыр Жапаров: Токтогул суу сактагычындагы абал катастрофалык деңгээлге жете турган болуп калды

Токтогул ГЭСи

Президент Садыр Жапаров «Казинформ» басылмасына берген маегинде Токтогул суу сактагычындагы суунун жетишсиздиги тууралуу сөз кылды. Жапаровдун айтымында, суу сактагычтагы абал «катастрофалык деңгээлге жете турган» болуп калды.

Өлкө башчы учурда Өзбекстан жана Казакстандан электр энергиясын импорттоо маселеси каралып жатканын билдирди.

«Казакстан Республикасы жакында 900 млн кВт — 1 млрдга жакын кВт электр энергиясын бизге бере турган болду. Өзбекстан менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Себебин айтайын, эгер биз азыр сиздерден электр энергиясын албасак, анда бизге элибизди электр энергиясы менен өзүбүз камсыз кылууга туура келет. Эгерде биз азыр Өзбекстан менен Казакстандан импорт ала албасак, анда вегетациондук мезгилде биз сиздерге суу бере албай калабыз», — деди Жапаров.

Кыргызстандагы электр энергиянын тартыштыгы

Кыргызстанда электр энергиясын жалпысынан жети ири гидроэлектростанция, эки жылуулук электр борбору жана 11 кичи ГЭСтер өндүрөт. Алардын ичинде эң көп электр энергия Токтогул ГЭСинен иштелип чыгат. Расмий маалыматка ылайык жыл сайын Токтогулда орто эсеп менен 5,4 млрд кВт өндүрүлөт — бул Кыргызстан боюнча жалпы өндүрүлгөн электр энергиянын дээрлик 27 пайызын түзөт.

Сүрөт: «Все об электроэнергии»

Токтогул суу сактагычынын толук көлөмү 19,5 млрд кубометрди түзөт. Ал эми 2-мартка күнгө карата суунун көлөмү 9,5 млрд кубометрди түзүүдө. Салыштырып көрсөк өткөн жылы ушул эле убакытта Токтогулда 12,4 млрд кубометр суу болгон.

22-февралда Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйынында депутат Умбеталы Кыдыралиев Токтогул суу сактагычтагы суунун көлөмү тууралуу маселени көтөргөн. Кыдыралиев Улуттук энергохолдингдин жетекчиси Бакыт Сыдыковдон 2021-жылдын 1-апрелине карата суунун көлөмү канчаны түзө турганын сураган.

«Токтом боюнча биз апрель айына 9,7 млрд кубометр менен чыгышыбыз керек. Бирок суунун келишине, андан сырткары керектөөнүн көбөйүшүнө байланыштуу биздин божомолубуз 8,5 млрд кубометр суу», — деди Сыдыков.

Ошондой эле Сыдыков эгерде суунун көлөмү 5,5 млрд кубометрге түшсө Токтогул ГЭСтин ишмердүүлүгү толугу менен токтотула турганын кошумчалаган.

«5,5 млрд кубометрге жеткенде станцияны толугу менен токтотушубуз керек, анкени “кавитация”, башкача айтканда лопасттардын бузушунун коркунучу жаралат. Негизи оптималдуу режим 9,5 млрд кубометр суу болуп эсептелет. Биз 1-апрелге 9,5 млрддан түшсөк эле бул нормадан чыгып кеткен режимге алып барат», — деп түшүндүргөн Сыдыков.

Президент Садыр Жапаров 28-январда инаугурация учурунда, энергетика тармагындагы абал катастрофалык кырдаалга кептелгенин билдирген. Ошондой эле тармактын 137 миллиард сом карызы бар экенин белгилеген. Ошондуктан алгачкы жарлыктары экономикалык жандануу, кризистик жагдайдан чыгууга багытталарын айткан.