Жергиликтүү кеңешке шайлоо: Бишкекте 27, Ошто 10 партия ат салышат

1-март күнү саат 23:59да БШК 11-апрелде өтүүчү шаардык жана жергиликтүү кеңешке шайлоого катыша турган партиялардын билдирүүлөрүн жана документтерин кабыл алууну жыйынтыктады. Ал күнү Бишкек, Ош шаарлары баштаган 28 шаарда жана 420 айылдык кеңешке шайлоо өтөт.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына 27 партия документ тапшырды. Булар:

  • «Улутман»;
  • «Тынчтык»;
  • «Айкөл Кыргызстан»;
  • «Кыргызстан»;
  • «Ак Бата»;
  • Кыргызстандын жаштарынын прогрессивдүү партиясы;
  • «Замандаш»;
  • Кыргызстан демократиялык кыймылы партиясы;
  • «Реформа»;
  • «Биздин эл»;
  • Кыргызстан коммунисттеринин партиясы;
  • «Ынтымак»;
  • «Свобода выбора» саясий партиясы;
  • «Ишеним»;
  • «Кыргызстан социал демократтар» партиясы;
  • «Партия Патриот» саясий партиясы;
  • Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы;
  • Жашылдар партиясы;
  • «Ыйман нуру»;
  • «Эмгек»;
  • «Бүтүн Кыргызстан»;
  • «Улуу Журт»;
  • «Республика»;
  • «Элдик партия» саясий партиясы;
  • «Бийлик элге»;
  • Кыргызстандын социалисттик партиясы;
  • «Ата-Журт Кыргызстан».

Kaktus.media билдиргендей, белгиленген мөөнөткө эки саат калганда Бишкек шаардык АШКга 10дон ашуун партиянын өкүлдөрү келген. Комиссия кызматкерлери белгиленген мөөнөт аяктаганга чейин бардык партиялардын документтерин кабыл алууга үлгүргөн, бирок журналга каттоо саат 00:34 чейин уланган.

Ош шаардык АШКга 10 партия документин алып келген. Алар:

  • «Тилектештик»;
  • «Бүтүн Кыргызстан»;
  • «Бир Бол»;
  • «Ынтымак»;
  • «Ыйман нуру»;
  • «Улуттар биримдиги»;
  • «Улуу Журт»;
  • «Ишеним»;
  • «Республика»;
  • «Ата-Журт Кыргызстан».

Бир сутка аралыгында АШК документтердеги каталар тууралуу билдирүү жөнөтө алат. Андан кийин эки сутка аралыгында партиялар каталарын оңдосо болот. Эгерде документтерде олуттуу каталар болсо, АШК каттоодон баш тартканга укуктуу.

Кайсы партиялар шайлоого катышуудан баш тартты?

«Бирге — Вместе» партиясы Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого, ал эми «Элдик» партиясы Ош шаардык кеңешине ат салышуудан баш тартты.

УКМКнын учурдагы башчысы Камчыбек Ташиев 2006-жылы негиздеген «Ата Журт» партиясы буга чейин документтерин чакыртып алып, Ош жана Бишкек шаардык кеңештерине ат салышуудан баш тарткан.

«Легалайз» шайлоо фондун түзгөн эмес, ошондой эле күрөө төлөбөй, ишенимдүү өкүлдөрүн дайындаган эмес. Ал эми «Ата Мекен» жана «Кыргызстан элдеринин шериктештиги» берилген мөөнөт ичинде эч бир документти тапшырышкан эмес.

Буга чейин «Мекенчил» партиясы парламенттик жана жергиликтүү кеңештерге шайлоого баруудан баш тарткан. Аталган партия 2010-жылы азыркы президент Садыр Жапаров жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев тарабынан негизделген.

«Жапаров партиясына парламенттик жана жергиликтүү деңгээлдеги шайлоолорго катышууга жол бербейт. Мындай кадам менен ал бийликке кайрадан ошол эле саткын, эки жүздүүлөрдүн өтүп кетүү тобокелин жокко чыгарды. Мындан ары “бийликчил партия” деген түшүнүк болбойт, Жапаров элдин тынчтыгы менен кызыкчылыгын биринчи орунга койду», — деп билдирген партиянын штабынын жетекчисинин орун басары Эркин Баяманов.

Шаардык жана айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоо эмнеси менен айырмаланат?

Шаардык кеңешти шайлоо эрежелери айылдык кеңештердикинен айырмаланат. Шаардык кеңештерге партиялар катышса, ал эми айыл кеңештерине өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлер катышат. Мындан тышкары, каттоо мөөнөттөрү жана үгүт иштерин баштоо күнү да айырмаланат.

Боршайком бардык шарттар аткарылса 11-мартка чейин партияларды каттоого алышы керек. Ал эми айылдык кеңештерди шайлоого катышуу үчүн өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлер 22-мартка чейин каттоого алынат.

Эгер партиялар же өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлер шайлоого катышуудан баш тартса келсе, алар муну 7-апрелге чейин (ошол күнү дагы) билдириш керек. БШК 22-мартка чейин шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызын берген партияларга жана талапкерлерге шайлоо күрөөсү кайтарыларын билдирди — бул күнү комиссия бюллетендин формасын жана текстин бекитет. Ал эми 1-апрелден кийин баш тарткандар тизмеден кол менен чийилет.

Партиялар жана өзүн-өзү көрсөткөндөр арасында катар номерлерин аныктоо боюнча чучукулак 1-апрелде кармалат.