Өлкөдөн 59 млдр сом чыгарып кетүүгө шектелген финполчу эки айга камакка алынды

Коррупцияга шектелип кармалган финполдун Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысы. Сүрөт: УКМК

3-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту финполдун Бишкек шаардык башкармалыгын жетекчисинин баш коргоо чарасын аныктады.

Аткаминер 2021-жылдын 1-майына чейин УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу «Тазабек» соттун басма сөз кызматына таянып билдирди.

Финполчу УКМК тарабынан 1-мартта коррупцияга шектелип кармалган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, кармалган адам жана финполдун башка кызматкерлери Кыргызстандан «ири суммадагы акчаларды» адалдаштырып, андан соң чыгарып кетүү боюнча коррупциялык схемаларды уюштургандар менен жең ичинен сүйлөшүп алышкан.

«2020-жылдын март айынан октябрь айына чейинки мөөнөттө жүргүзүлгөн мыйзамсыз ишмердиктин жыйынтыгында Кыргызстандан 59,5 млрд сом чыгарылып кеткен. Салыктан качуу түрүндө мамлекетке келтирилген зыян алдын ала эсеп боюнча 500 млн сомдон ашышы мүмкүн», — деп УКМК белгилеген.

Ошондой эле, Улуттук коопсуздук комитети финполдун кызмат адамдары мыйзам бузууларга көз жумганы үчүн акча адалдоону уюштуруучулардан 180 млн сом пара алганын аныктаган.