Финпол Gergert Sport дүкөнүн текшерип жатат. Учурда дүкөн жабык

Финпол спорттук кийим-кечелер менен жабдууларды саткан Gergert Sport дүкөнү текшерилип жатканын кабарлады. Учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатканы маалым болду.

«Тазабек» басылмасы иш салыкты жашырууга байланыштуу экенин финполго таянып билдирди. Ал эми 24.kg өз булактарына таянып, Gergert Sport дүкөнүнүн кеңселеринде тинтүү болгонун кабарлады.

Ал компания дүкөн менен Caffe Vergnano 1882 кафеси белгисиз мөөнөткө жабылганын билдирди.