Кыргызстан 11 жылдан бери биринчи жолу «эркин эмес» өлкө деп таанылды

Freedom House эл аралык бейөкмөт уюму жыл сайын өтүүчү «Дүйнөдөгү эркиндик — 2021» баяндамасын сунуштады. Анда Кыргызстан акыркы 11 жылда алгачкы жолу эркин эмес мамлекеттердин катарына кирген.

Кыргызстан рейтингден 11 пункт жоготкон. 2020-жылы 100дөн 39 балл болсо, 2021-жылы бул көрсөткүч 28ге төмөндөгөн. Демек 2020-жылы Кыргызстандын жарандарынын саясий укугу жана эркиндиктери кыйла начарлаган дегенди билдирет.

Саясий укуктун деңгээли боюнча, Кыргызстан 40 баллдан 4 балл алган, ал эми жарандык эркиндиктин деңгээли боюнча 60 баллдын ичинен 24 баллга ээ болгон.

Мындай балл менен Кыргызстан 2009-жылдан бери биринчи жолу Борбор Азиядагы төрт өлкө менен бир катарга түшүп, «жарым жартылай эркин» мамлекеттен «эркин эмес» мамлекетке айланган. Бир жылдын ичинде дүйнөдөгү башка мамлекеттерге салыштырмалуу Кыргызстан эң көп балл жоготкон.

«Кыргызстандын макамы “жарым жартылай эркин мамлекеттен” “эркин эмес” мамлекеттердин катарына түшкөн. Анткени ыплас өткөрүлгөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы саясий басым жана коркутуу менен коштолуп, бийликти соттолгон кылмышкер, тарапташтарынын жардамы менен абактан чыккан улутчулдардын лидери басып алган», – деп жазылган отчетто.

Ошондой эле уюм 2005-2010-жылдардагы революциядан кийин Кыргызстан парламенттик башкаруу формасын кабыл алганын түшүндүрдү. Бирок башкаруучу коалициялар туруксуз болуп, ал эми коррупция тамырлап кеткен.

«Кыргызстандын социал-демократтар партиясы (КСДП) бир нече жылдар сот системасын саясий оппоненттери менен жарандык коомдун баш көтөргөн өкүлдөрүнө басым жасоочу курал катары колдонуп, бийлигин бекемдеп турду», — деп түшүндүрдү Freedom House.

Урунттуу учурлар

Мындан тышкары, баяндамада Кыргызстандагы эркиндиктин рейтингин баалоого таасир эткен урунттуу учурлар сүрөттөлгөн.

Октябрь окуялары маалында нааразылыкка чыккандар абакта жаткан жогорку кызмат адамдарын парламенттик шайлоого каршы нааразылык акциясынын шартында күч менен бошотуп алганы белгиленген.

«Жыйынтыктар шайлоо өткөн кийин эки күндөн соң жокко чыгарылган, бирок зордук-зомбулук бир айга чейин созулган. Камактан чыгарылган улутчул саясатчы Садыр Жапаровдун тарапташтары өткөөл өкмөт түзүүгө аракеттенген оппозициялык топторду коркутуп, кол салышкан», – деп жазылган докладда.

Андан кийин Жапаров президент Сооронбай Жээнбеков менен премьер-министр Кубатбек Боронов отставкага кеткенден кийин президенттин м.а. жана премьер-министр болуп дайындалган. Кийин Жапаров 2021-жылдын январь айындагы президенттик шайлоого катышуу үчүн эки кызматын тең тапшырган.

Ошондой эле Freedom House кыргыз бийлиги COVID-19 пандемиясына кайдыгер мамиле жасап, өлкөнүн саламаттык сактоо системасына жүк келип жатат деген далилдерге карабай ага көңүл бурбаганын белгиледи.

«COVID-19 дартына бийликтин реакциясын сындаган блогерлер, журналисттер жана медиктер март, апрель айларында айткан сөздөрү үчүн кечирим суроого аргасыз болушкан», — деп белгиленген отчетто.

Ошондой эле, отчетто 2010-жылы Кыргызстандын түштүгүндө башаламандыктарды уюштурууга шектелген өзбек тектүү укук коргоочу Азимжан Аскаров абакта июль айында пневмониядан көз жумганы эскерилген.

«Абакта кыйноого кабылган Аскаров ден соолугу начарлаганына, боштондукка чыгаруу тууралуу бир нече чакырыктарга карабай темир тор артында калган», — деп баса белгилешти уюмдан.

«Дүйнөдөгү эркиндик» баяндамасы

Freedom House дүйнөнүн 195 мамлекеттиндеги жарандык эркиндиктин жана саясий укуктардын деңгээлин талдап, анын жыйынтыгы менен жыл сайын «Дүйнөдөгү эркиндик» баяндамасын жарыялап турат.

Кыргызстан рейтингге 1991-жылы «жарым-жартылай эркин» өлкө макамы менен кирген. Өлкө 2000-жылга чейин бул макамды сактап келген, бирок Аскар Акаевдин акыркы беш жыл башкаруусунун тушунда «эркин эмес» мамлекеттердин катарына түшкөн.

«Жоогазын революциясынан» кийин Кыргызстан кайрадан «жарым жартылай эркин» мамлекеттердин катарына кирген, бирок Курманбек Бакиев башкарган беш жылдын ичинде бул макамдан ажыраган. «Эркин эмес» мамлекеттердин катарына 2009-жылы кирген. Бул учурда Бакиев таза өтпөгөн президенттик шайлоодо экинчи мөөнөткө шайланган. 2010-жылдагы революциядан кийин 2011-жылы Кыргызстан кайрадан «жарым жартылай эркин» мамлекеттердин катарын толуктаган.

Баяндамага ылайык, акыркы 15 жылда дүйнөдө эркиндиктин рейтинги төмөндөгөн, ал эми эркин эмес мамлекеттердин саны өсүп барат.

Мисалы, 2005-жылы 89 «эркин» өлкө бар болчу, ал эми 2020-жылы алардын саны 82ге чейин кыскарган. 15 жыл ичинде «эркин эмес» өлкөлөрдүн саны 45тен 54кө чыкты. Коронавирус пандемиясы жана 2020-жылдагы экономикалык каатчылык дүйнөдөгү абалды огобетер начарлатты.

Кыргызстандан кийинки рейтинги төмөндөгөн өлкө — Белоруссия (-8). Буга 2020-жылдын август айындагы президенттик шайлоодогу Лукашенконун күмөндүү жеңиши, шайлоодон кийинки демонстранттарды кууп таркатуу жана куугунтуктоо себеп болгон. Нааразылыкка чыккандар менен «күрөш» бүгүнкү күндө дагы уланууда.