Сот Бишкектин борборунда 22-апрелге чейин тынчтык митингдерин өткөрүүгө тыюу салды

Бишкектин Биринчи май райондук соту борбор калаада 22-апрелге чейин тынчтык митингдерин жана жөө жүрүштөрдү өткөрүүгө тыюу салды. Бул тууралуу адвокат Евгения Крапивина билдирди.

Бишкек шаарында тынчтык жөө жүрүштөрү негизинен Эркиндик аллеясында өткөрүлөт, жүрүшкө катышкандар Ала-Тоо аянтынан өтүп, Жогорку Кеңештин имаратына карай барышат. Ала-Тоо аянтында ар кандай митингдер өтүп келген — эми сот тынч жыйналыштарга катышкысы келгендерге Бишкектеги Спорт Ордосунун жанындагы Горький сейил багына барууну сунуштап жатат.

Өлкөнүн баш мыйзамында — Конституцияда жазылган тынчтык митингдерине болгон жарандык укукту чектөө талабы менен Биринчи май райондук администрациясы сотко кайрылган. Акимчиликтин маалыматы боюнча, жекшемби күндөрү Эркиндик бульварында өтүп жаткан коррупцияга каршы марш башка жарандардын тынчын алып жатат.

«Адамдар көп чогулган ушул сыяктуу жыйналыштардын уюштуруучулары менен лидерлери абалды жөнгө салышпайт, тыгындарды жаратып, транспорттун жүрүшүнө тоскоолдук кылышат, жөө баскандар үчүн өтмөктөрдү жана автомагистралдарды тосуп алышат», — деп райадминистрация өз оюн билдирди.

Бирок маршты чагылдырган видеолордо катышуучулар автоунааларга тоскоолдук жаратпай, магистралдарды тоспой, өз жолу менен кетип жатканын көрүүгө болот.

Аны менен катар, акимчилик коронавирус пандемиясынан улам Бишкектин борборунда митинг өткөрүүгө тыюу салынып жатканын белгилеген. Соттук тыюу салуу 22-февралдан тартып күчүнө кирген жана 22-апрелге дейре иштейт. Бул аралыкта Бишкектин борбордук бөлүгүндө бир катар тынчтык жыйналыштары өттү — мисалы, Ак-калпак күнү майрамдалды.

Акимчиликке чейин президент Садыр Жапаров дагы мыйзамсыз чечимдерге, Конституциянын өзгөртүлүшүнө, коррупцияга каршы, студенттердин таламын коргоп жекшемби сайын уюштурулуп келген тынчтык марштарына нааразылыгын билдирип, ушул мүнөздөгү иш-чаралардын өткөрүлүшүн сындаган.

Анын айтымында, «ар жекшемби сайын митингдерди уюштурууга түрткөн», элдик толкундоолорду каржылаган кандайдыр бир күчтөр бар. Ушундай күчтөр жөнүндө сөз кылып, Жапаров өзүнө чейинки өлкө башчылары — экс-президенттер Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаевдин айткандарын кайталады.

Экөө тең митингдерди «үчүнчү күчтөр» өткөрүп жатат дешчү — Атамбаевдин учурунда бул сөз эркиндиги жана Конституцияны өзгөртүүгө каршы митингдер болсо, Жээнбеков президент болуп турганда — Райымбек Матраимовду камакка алууну талап кылган коррупцияга каршы көп сандаган нааразылык акциялары.

Тынчтык маршын өткөрүү укугу

Биринчи май райондук соту буга чейин ушул сыяктуу чечимдерди өткөн жылы да кабыл алган — анда июль айына чейин Бишкектин борборунда митингдерди жана марштарты уюштурууга тыюу салуу аракети көрүлгөн. Бирок, Бишкек шаардык соту Биринчи май райсотунун чечимин мыйзамсыз деп тапкан.

Борбордук аянтта тынчтык иш-чараларын өткөрүүгө тыюу салуу чечимин сот 8-марттын алдында кабыл алган. Ал күнү жыл сайын болуучу аялдардын укугун коргоого арналган марш өтмөк. Бийлик аялдардын укугун коргоого арналган маршка жыл сайын тоскоолдук жаратып, Коснтитуцияга каршы келген тыюу салуу чараларын колдонуп келет.

Конституцияга ылайык, эч ким тынчтык акцияларын чектөөгө же тыюу салууга укугу жок. Ошол эле маршты шаар четиндеги паркка же Спорт ордосунун артындагы скверге (тынчтык акцияларын адатта ошол скверге жылдырышат) жылдыруу — бул чектөө деп эсептелет.

Тынчтык жыйналыштары жөнүндөгү конституциялык укуктарына таянып, кыргызстандыктар Бишкектин же башка шаарлардын каалаган бөлүгүнө чыкса болот. Ошондой эле, адамдар чогулары тууралуу жергиликтүү бийликке билдирүү жөнөтүүгө укуктуу — алар акциянын катышуучуларынын коопсуздугун камсыздоосу үчүн.

«Тынч чогулуштар жөнүндө» мыйзамына ылайык, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары — мисалы мэрия — жарандарды жынысы, расасы же саясий ынанымдары боюнча айырмалабастан урматтоого жана тынч чогулуштарга эркиндик укугун камсыз кылууга милдеттүү.

Уюштуруучулар бийлик органдарын жана милицияны пландалып жаткан иш-чара жөнүндө алдын ала билдире алышат — бул учурда милиция митингде чагымчылдыкка жол бербей, коопсуздукту камсыз кылып берүүгө милдеттүү.

Бирок, 2020-жылдын 8-мартында Бишкекте аялдардын укугун коргогон жөө жүрүшкө чабуул жасалган. Милиция коопсуздукту камсыз кылып берген эмес. Беткапчан белгисиз адамдар маршка катышкан кыз-келиндерге кол салышып, аларды түрткүлөп, чагымчыл аракеттирди кылып, транспаранттар менен плакаттарды сындырып талкалашкан.

Мунун баарын милиция кызматкерлери көрүп турушкан — натыйжада кол салгандарды кармабай эле, маршта жабыркагандарды кармап кетишкен. Бул окуялар бүткөндөн кийин, милиция органдары коомчулукка тынч чогулуш жөнүндө алдын ала маалымат албаганын ишендирүү аракетин көрүшкөн, бирок уюштуруучулар муну төгүндөшкөн.

Мындан тышкары, марштын катышуучуларынын бири Жеңиш аянтынын жанында турган милиция кызматкерлеринин бирине келип, марштын катышуучуларына каршы чагымчыл аракеттерге барышы ыктымыл болгон белгисиз адамдар турганын айтканын тастыктаган видео да жарыяланган. Милиция кызматкери ага маани берген эмес — ал кийинчерээк аялдардын укуктарын коргоого арналган тынч иш-чара жөнүндө эч нерсе билбегенин билдирген.