«Жапаровдун кошунасына тийгем». Кочкор-Ата коллежинин мугалимдери жетекчини кызматтан алууну талап кылышууда

Жалал-Абад мамлекеттик университетине караштуу Кочкор-Ата коллежинин мугалимдери «Клооптун» редакциясына кайрылышты. Алар окуу жайдын жетекчиси Эктибар Молдокеримова Билим берүү жана илим министрлигинин комиссиясы чыгарган чечимге карабай кызматтан бошотулбай жатканына даттанышты.

Ошондой эле Молдокеримова иш ордун сактап калуу үчүн ден соолугуна байланыштуу өргүүгө чыгып кеткенин айтышты. Ал эми анын милдетин убактылуу аткарып жаткан Дамира Байчубакова кызматкерлерге басымга кылып жатышканын билдиришти.

«Бул ойлонулган иш да. Себеби ден соолугуна байланыштуу өргүүгө чыкканда министрлик кызматтан бошото албай калат. Өзү ооруп жатабы же жокпу ошол деле күмөн. Ооруганы тууралуу маалымкатты ооруканага барып бирөөдөн деле жаздырып алат. “Убакыттан утайын, министр менен сүйлөшө коём” деп, чоңдорду ортого салып кызматта калып калуунун айласын карап жатат», — деди кызматкерлердин бири.

Ошондой эле анын айтымында, Байчубакованын билими жана тажрыйбасы жетекчинин милдетин аткарууга жол бербейт.

«Милдетин аткаруучу Байчубакова 17-декабрь күнү психолог болуп келген жумушка. Бирок коллежде психолог деген штат жок. Директор эптеп киргизүү максатында жок штатты ачкан. Андан соң кадрлар бөлүмүнө башчы болгон. Буга чейин такси кызматтарында диспетчер болуп иштеген. Эмгек китепчесинде билим берүүгө тиешелүү жарытаарлык тажрыйбасы жок», — деди ал.

Ал эми дагы бир мугалим Байчубакова жамаатка «Мен Талант Мамытовдун таанышымын» деп «басым кылып жатат» дейт.

«Кечке эле Мамытовго таянып, “ошонун тууганымын, мен ага түз чыгам, любоюңарды эметип коём” деп жатат. Анан Садыр Жапаровдун дубалдаш кошунасына тийгем деп басым кылып жатат бизге», — деди окутуучу.

Кызматкерлердин айтымында, жетекчи менен болгон чыр эки жылдан бери уланууда. Буга Молдокеримованын «мыйзамсыз иштери себеп болгон» дейт мугалимдердин бири.

«Жумуштан кетирүү үчүн жакпаган адамдарынын айлыктарын азайтып, кызматтардан түшүргөн. Алар айла жок кетип калышкан. Кеткенден кийин алардын ордуна өзүнүн туугандарын, жакындарын аябай эле көбөйтүп салды. Коллеждин тагдыры да өтө түшүнүксүз абалга келип калды», — деди ал.

«Мен ушунча иш кылып, бир тыйын жеген жокмун»

Окуу жайдын жетекчиси Эктибар Молдокеримова аны жумуштан кетирүүгө жамаат «өздөрүнүн мыйзамсыз иштери ачылып калбашы үчүн кызыктар болуп жатат» деп эсептейт.

«Мен келгенде ар бир кызматкер үч-төрт ставкадан иштечү экен. Мен аны мыйзам чегинде 1 жарым ставкага чейин түшүрүп койгом. Ошондо кызматкерлердин айлыктары эки эсеге азайып кетти. Андан кийин алар менин үстүмдөн жок эле шылтоолор менен арыз жаза башташты», — дейт Молдокеримова.

Ал «текшерүүлөрдөн соң иш сотко чейин жетип, райондук жана облустук соттордо акталгам» деп билдирди. Ошондой эле министрликтен келген комиссиялар бир тараптуу иш алып барышкан деген пикирде.

«Ар дайым комиссия келгенде “эже арызыңыз менен эле кетип калбайсызбы, текшербей эле коёлу” дешет. Мен ушунча иш кылып, бир тыйын жеген жокмун. Арыз жазып бербейм. Мен да коллежди текшергиле деп финполицияга жазып бердим», — деди ал.

Молдокеримова мугалимдер аны «жумушка жакындарын алып келген» деп айткан маалыматты тастыктады. Ал жумушка бир тууган эжесинин кызын алганын — буга анын «көп жылдык тажрыйбасы себеп болгонун» айтты.

Ошондой эле ал мугалимдер нараазы болгон милдетин аткаруучуну Эмгек кодексинин 74-беренесине таянып дайындаганын билдирди. Мындан сырткары Байчубакованы жумушка алууда мыйзам бузулган эмес дейт.

«Зарылчылык болсо медсестра, соцпедагог, психолог алыш керек деген өкмөттүн токтому бар. Юридикалык билими бар, алар психология сабагын көп өтөт экен. Ошондуктан психолог кылып алдым. Анан ал сырттан келген, ортодогу адам болгондуктан дайындадым», — деди Молдокеримова.

Коллеждин жамааты «Клооптун» редакциясына Байчубакованун дипломун жиберишти. Анда ал Ош мамлекеттик университетинин Юридика факультетин 2020-жылдын 6-июлунда аяктаганы жазылган.

Комиссия аныктаган мыйзам бузуулар

Окутуучулар буга чейин билим берүү министрлигине кайрылганын айтышып, жыйынтыгында үч комиссия окуу-жайды текшерип кеткенин билдиришти. Ошондой эле 2020-жылдын 21-декбарындагы комиссиянын корутундусун «Клооптун» редакциясына жолдошту.

Анда мугалимдердин кайрылуусундагы төмөнкү даттануулар тастыкталганы жазылган:

  • Мугалимдердин айлык акыларынын тез-тез өзгөрүп турушу, аны жетекчи өз алдынча бөлүштүрүшү;
  • Сыйлоо жана жазалоо чараларынын башаламан жүргүзүлгөнү, жетекчи сыйлыктарды берүүдө атайын тартипке баш ийбей, өз жакындарына гана алып бериши;
  • Эки жыл аралыгында окуу жайдын оңдолбогону;
  • Жетекчи өзүнө каршы чыккандардын айлык акысын жана кызматтан түшүрүшү, штаттык түзүмгө өзү каалаган убакытта, каалагандай өзгөртүү киргизиши;
  • Ошондой эле жетекчи өз жакындарынын негизсиз жогору эмгек акы дайындоосу, премиалдык акчалар жана сыйлыктарды өз жакындарына гана берүүсү;
  • Такыр жумушка келбей, бирок башкалардан көп айлык алган кызматкерлер — анын арасында жетекчинин бир тууганынын кызы бар экени;
  • Жетекчинин күйөө баласы коллеждин студенти болуп туруп айдоочу катары бир чен менен жумушка киргени;
  • Жетекчи өзү иш-сапарларга айрым учурларда өз кызыкчылыгы үчүн барганы, сапарга өзүнө жакын кызматкерлерди кошо алып, барбагандары үчүн да каражат жаздырып аны мыйзамдаштырганы;
  • Кызматтык унаа иштетилбесе да анын күйүүчү майы үчүн каражат бөлүнгөнү;
  • Ошондой эле окуу жайда ээлеген кызмат ордуларына квалификациясы дал келбеген сегиз киши бар экени аныкталган.

Ошондой эле аталган комиссия жетекчи Молдокеримованын да арызын караган.

Текшерүүдө окуу жайдын айрым кызматкерлери 3 ставкага жакын иштегени, ошондой эле, алар адистигине туура келбеген жана өтпөгөн сабактарын жаздырып алып, айлык маянасын алып жүргөнү тастыкталган.

Анда комиссия мугалимдердин жана жетекчинин өзүнүн кайрылуусун эске алып, жетекчини кызматтан алууну, коллеждин 5 жылдык финансылык ишмердүүлүгүнө текшерүү жүргүзүүнү жана жетекчилик кызматка коллежге тиешеси жок кишини дайындоону сунуштаган.

Мындан сырткары үстүбүздөгү жылдын 11-январынан 14-январына чейин да текшерүү жүргөн. Анда да окуу жайда бир катар мыйзам бузуулар аныкталган. Анын ичинде штатта жок орундарга жетекчи жакын адамдарын жумушка алганы, окуу жайда иштебеген адамдарга айлык-акы төлөнгөнү жана коллежде өткөрүлгөн тендерлер мыйзамсыз өткөнү аныкталган.

Жыйынтыгында комиссия Молдокеримованы кызматтан алууну, текшерүүнүн жыйынтыгын Башкы прокуратурага жолдоону сунуштаган. Ошондой эле сунуштамада Кочкор-Ата коллежине андагы кемчиликтерди түзөтүү боюнча кат жиберүү керектиги жазылган.

Мындан улам мугалимдер жетекчинин өргүүгө чыгып кеткенин мыйзамдуулугун карап берүүнү талап кылышууда.

«Өргүүдөн чыккандан кийин чара көрүлөт»

Билим берүү министрлигинен «Клоопко» коллегияда окуу жайдын жетекчисин кызматтан алуу чечими каралганын билдиришти. Бирок ал ден соолугуна байланыштуу өргүүдө болгондуктан министрлик учурда чара көрө албайт деп айтышты.

«Эмгек кодексинин талаптарына ылайык, биз бейтапканада жаткан же дарыланууда жүргөн адамды кызматтан ала албайбыз. Анан дарылануу мөөнөтү бүткөндөн кийин министрлик тараптан чара көрүлөт», — деп түшүндүрдү министрликтин басма сөз катчысы Самат Тоялиев.

Кочкор-Ата коллежи 1981-жылы түптөлгөн. Окуу жайда жалпы 81 кызматкер эмгектенип, 1 165 студент билим алат.