УКМК Каракол шаарынын депутатын жана жол департаментинин башчысын кармады

УКМ Каракол шаардык кеңешинин депутатын жана Транспорт министрилигине караштуу Жол чарба департаментинин аймактык жетекчисин ишенилип берилген мүлктү менчиктеп алуу жана коромжулоого шектеп кармады.

Маалыматка ылайык, жергиликтүү депутат 2015-жылдан 2020-жылга чейинки мезгилде «Дорстройсервис» ЖЧКсынын негиздөөчүсү болгон. Ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жол чарба департаментинин башчысы менен жең ичинен сүйлөшүп алып, өз ишканасы тарабынан Каракол шаарынын жол тармагын оңдоо иштерин ашыкча көлөмдө аткаруу үчүн келишимдерди түзүшкөн.

Учурда УКМК тарабынан мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо жана ошондой эле аталган фактыларга башка кызмат адамдарынын тиешеси бар-жогун аныктоо максатында ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Кармалган адамдар Каракол шаарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.