Абдылас Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук опера жана балет академиялык театрынын артисттери 6-мартта сахнага чыгуудан баш тартып, көрүүчүлөрдөн кечирим сурашты.
Көрүүчүлөрдүн айтымында, алар орусиялык жылдыздардын катышуусундагы «Ак куу көлү» («Лебединое озеро») балетин 40 мүнөткө чукул күтүшкөн. Кийинчерээк улуттук балет театрдын артисттери чыгып, спектакль болбой турганын жарыялашкан.
Артист Марат Сыдыков «Клоопко» билдиргендей, артисттер коммерциялык спектаклдарды өткөрүүгө каршы болушкан. Ошондой эле, ал кыргызстандык артисттер орусиялык бийчилер менен тил табыша алган жок деген маалыматты төгүндөдү.
«Маселе мында эмес, бул маселе көтөрүлгөн да эмес. Биз орус балети менен жакшы мамиледебиз, биз анын тарыхын сыйлайбыз. Көйгөй башка нерседе — артисттер коммерциялык спектаклдарды өткөрүүгө каршы болушкан, анткени алар [уюштуруучулар] бул спектаклдер үчүн бизге төлөбөйт. Экинчи терс жагы— алар биздин спектаклдерди алып коюп, биздин солисттер ишсиз калууда», — деди Сыдыков.
Орусиялык солисттерди алып келип спектаклди уюштурган «Радужка» коомдук фондунун төрайымы Сагида Жумабекова «24.kg» басылмасына театрдын жамааты спектаклдын алдында 70 миң сом төлөп берүүнү талап кылышканын билдирди.
«Биз макул болуп акчаны алып келдик, бирок артисттер чыгышкан жок. Алар спектаклга даяр эмес болчу», — деп комментарий берди ал. Жумабекова бул алдын ала пландаштырылган акция болгон деп эсептейт.
Анын айтымында, учурда фонд акт түзүп Опера жана балет театрына доомат коюуну көздөп жатат.
«Келишим боюнча биз ижараны театрдын кассасына төлөйбүз, ал эми каражаттарды театр өзү башкарат. Биз аларга айта албайбыз. Кийинчерээк артисттер сахнанын артында биздин фондго доосу жок болгонун жарыялашкан — алар көйгөйдү театрдын жетекчилигине аз маяналарга байланыштуу көтөрүшкөн», — деди Жумабекова.
Балет 45 мүнөт кечигүү менен башталды — ал 17:00гө пландалган болчу. Ошондой эле ал программа боюнча 3 саат эмес, 1,5 саат гана созулган. Буга орусиялык солисттердин жергиликтүү труппасыз чыгуусу себеп болду.
Кыргыз бийчилеринин маянасы
2016-жылы «Клооп» балет артисттери менен алардын маянасы жана жаракат алуу коркунучу тууралуу маек курган.
«Бүтүрүүчүлөрдүн саны аздыгына карабай, театрда дайыма аз адам [иштейт]. Көпчүлүгү кетип калышат. Артисттердин маянасы аз», — деген балет мектебинин 2016-жылкы бүтүрүүчүсү Тилек Кийизбаев.
Балеттин артисттери орто эсеп менен беш миң сомдон төлөнөөрү, эмгек сиңиргендерге кошумча 10 миң сом бериле турганын айтышкан. Маяна ээлеген кызматка, бийчинин категориясына, жумуш тажрыйбасына, ролго, гастролго чыкканына карап берилет. Беш миң сомду окуу жайдын бүтүрүүчүсү деле, жөнөкөй солист деле алат.
Бийчилер пенсияга кордебалетте 20 жыл, же жеке бийлөөдө 15 жылдан соң чыгат. Бийчи Айбек Темиралиевдин айтымында, профессионалдык карьера 18 жаштан башталат, ал эми 38 жаш балет артисти үчүн — пенсиялык курак.
Ошол эле учурда бул кесипте жаракат алуу коркунучу бар — артисттин карьерасы кайсы күнү болбосун токтоп калышы мүмкүн.
«Биз буттар чарчаганча бийлей беребиз. Бир кылт этүүдөн жаракат алып, эртең да бийлей албай калышыбыз мүмкүн. Туруктуу чыңалуу да организмге терс таасирин бериши ыктымал», — деген эл аралык сынактардын лауреаты, Ваганова атындагы орус Балет Академиясынын бүтүрүүчүсү Фарух Садыркулов.
Бирок кыйынчылыктарга карабастан балеттин артисттери өздөрүн искусстводон башка жакта көрө алышпайт.
«Мен өз жумушумду сүйөм. Өзүмдү балетке арнадым жана карьераны таштай албайм», — деген эл аралык конкурстардын лауреаты, Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Марат Сыдыков.