Коронавирус 44 кишиден аныткалып, 46 бейтап айыкты

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 7-мартта өлкөдө COVID-19дун 44 жаңы учуру катталганын маалымдады.

Коронавирустун эң көп учурлары Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунда катталды — 21 жана 12. Ошондой эле Чүй облусунда беш, Нарын облусунда төрт жана Ош шаарында эки кишиде COVID-19 инфекциясы аныкталды.

Ошондой эле акыркы суткада коронавирустан 46 бейтап айыкты — алардын ичинде бир медкызматкер бар.

COVID-19дан Бишкек шаарында — 17, Чүй облусунда — 14, Ысык-Көл облусунда сегиз, Ош облусунда төрт, Баткен облусунда эки жана Нарын облусунда бир бейтап айыкты.

Ушуну менен Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 86 550гө жетти. Алардын ичинен 83 530 бейтап айыгып, 1 471 киши көз жумду.

Бүгүнкү күндө илдеттен 346 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат — алардын ичинен 14 киши өтө оор абалда. Ошондой эле, 261 адам үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.