1917-жылдын декабрь айында Октябрь революциясынан бир ай өткөндөн кийин убактылуу өкмөт мурдагы Орусия империясынын аймагында аялдардын укуктарын чектеген бардык мыйзамдарды жокко чыгарат. Аялдар билим алууга, жеке менчикке, кесипти эркин тандоого, ажырашууга жана аборт кылууга укук алышат. Аял-эркектердин эмгек акысы тең төлөнүүгө тийиш болуп, аялдардын жарандык жана саясий укуктары алгачкы советтик Конституцияда бекитилет. Мындайча советтер союзуна кирген мамлекеттерде экономикалык жактан өнүккөн мамлекетти курууда аялдардын мобилизациясын түшүндүргөн марксисттик феминизм башталат.

*Марксисттик феминизм (англ. Marxist feminism) — гендердик теңсиздик жана аялдарды басмырлоонун негизин жеке менчик институту менен капитализмде деп эсептеген феминизмдин багыты.

СССРдеги феминизмдин тарыхы убактылуу өкмөт менен түзүлгөн совет өкмөтүн так бөлөт, анткени аялдардын укуктарына байланышкан революциялык өзгөрүүлөр дал ушул убактылуу жетекчиликтин алдында кирген.


Убактылуу өкмөттүн курамында аялдардын тең укуктуулугун жана феминисттик көз караштарды колдогон радикалдык интеллигенция болгон. Феминисттер убактылуу өкмөттүн колдоосуна ээ болуп, аялдардын укуктарын мыйзам чыгаруу тармагында алга сүрөп баштаган.


Убактылуу өкмөт падышалык режим кулаганга чейин алда качан эле феминисттер даярдап койгон мыйзамдык пайдубалга негизделген революциялык мыйзамдарды кабыл алат. Кийинчерээк кабыл алынган үй-бүлөлүк жана аялдардын репродукциялык укуктарын жөнгө салган мыйзамдар да феминисттер сунуштаган мыйзамдын негизинде түптөлгөн.

Феминисттик кыймыл менен совет бийлигинин андан аркы тандеми аялдарды кабыл алуудагы коммунисттик идеологиядан улам ишке ашкан эмес — кеңеш өкмөтү аялдарды өз алдынча субъект катары эмес, мамлекеттик машиненин объектиси катары караган. Феминисттик идеология аялдарды эркин, өз алдынча инсан катары караган чакта, аялдардын кесиптик, жеке активдүүлүгүнүн бардыгы мамлекеттик алкакка салынган.

Бир аз убакыт өткөндөн кийин феминисттер «буржуазиянын калдыктары» деп таанылып, таптык күрөштүн максатына каршы келет деп жарыяланган. Аялдардын кыймылдары куугунтукка алынып, 1918-жылы феминисттик уюмдар толугу менен жоюлган.


Феминисттик идеология марксисттик идеологияга дал келбегендиктен, большевиктер «аялдарга жарандык укуктардын баарынын берилишин» өздөрүнүн атына жазып алып, феминисттерди совет тарых барактарынан чийип салышканын изилдөөчүлөр белгилешет.


1918-жылы өткөн Бүткүлорусиялык жумушчу аялдардын съездинде Ленин аялдардын укугун чектөөлөр жоюлганын жар салган. Коммунисттик жол башчынын сөздөрү кийин батыш дүйнөсүнүн гезит беттерине тең укуктуулуктун үлгүсү катары чечмеленет. Бирок аялдардын укугу жана абалы жөнүндөгү жаңычылдыктар шашылыш болгон жана реалдуулук менен дал келген эмес. Аялдар кагаз жүзүндө гана эркин болушкан: реалдуу жашоодо мамлекет коомдогу аялдардын жаңы абалын социалдык коргоо жана институттар менен камсыздоого даяр эмес болчу.

Бул көрүнүш Борбор Азия өлкөлөрүндө айдан ачык байкалып жатты. Аялдардын азаттануу (эмансипация) кыймылы эркектердин каршы соккусуна жана агрессиясына кабылып жатты. Советтик доорго чейинки Кыргызстанда көп аял алуу, кыздарды кичине кезинен эле калың үчүн сатып жиберүү, аялды мурас катары калтыруу (аялдын күйөөсү каза болсо, аны агасына же инисине үйлөнтүү), алакачуу, уруу, өлтүрүү ж.б.у.с. нормалар болгон. Мүлк жана мурас укуктары бир гана эркектерге таандык болгон.

Экономикалык жана эмгек эркиндигинин алкагында чыгыш аялдарын тиричиликтеги жана энелик милдеттеринен бошотуу жөнүндөгү советтик идеология мыкаачылык менен өлтүрүү, жазалоо менен коштолгон. Ошол аймак «артта калган» деп сыпатталып, өзгөчө мамилени талап кылган:

«Чыгыш аялдар» СССРдин европалык бөлүгүнө салыштырмалуу басмырланган категория деп саналган. Мындай эзүүнүн негизин жергиликтүү аймактын өзгөчөлүгү түзгөн: «Бул жаатта Орто Азия менен Казакстандын аялдары борбордук Орусиянын аялдарына караганда көбүрөөк эзүүгө кабылган. Анткени класстык жана үй-тиричиликтик басмырлоого улуттук басмырлоо кошулган… Аялзаты турмуш-тиричилик буюму, эркектин менчиги катары каралган. Буюм катары аялдарды калыңга сатып, сатып алып турушкан».

*Ж.С. Татыбекова Улуу Октябрь жана Кыргызстан аялдары. Фрунзе: Кыргызстан, 1975

Билим берүү боз үйлөрү

Аялдардын азаттануусу боюнча жүргүзүлгүн кампаниялар СССРдин европалык аймагы менен Борбор Азияда чоң айырмаланган. Большевиктер Борбор Азияда эл көчмөн турмуш-тиричиликти жүргүзгөнүнө жана калктын көбү элет жеринде жашаганын эске алып, «кызыл боз үйлөрдү» тигип, ал жактарга аялдар чакырылган. Кыз-келиндер бул боз үйлөрдө сайма сайганды, токуганды, тиккенди үйрөнүшкөн, медициналык жана акушердик кызматтарды алышкан. 1925-жылы Кыргыз ССРнин бүткүл аймагы боюнча беш көчмө кызыл боз үй иш жүргүзгөн. Бул боз үйлөр аялдарга абдан жаккан — эркектердин агрессиясынан улам, көчмөн кыз-келиндер атайын билим берүүчү жайларга барууну туура көрүшкөн.


Кандай болсо да, окуучу кыздар, активист кыз-келиндер, делегат аялдар кордук көрүп, ур-токмокко алынып, киши колдуу болушу токтогон эмес:


«Кара-Сууда (Ошко жакын жерде) басмачылар съездге делегат аялдарды шайлоо үчүн үгүт иштерин жүргүзүп жаткан эки активист аялды кармап алышып, аларды мыкаачылык менен өлтүрүшкөн. Аялдардын сөөгүн эт базарда дарга асып салышкан».

«Кыргыз кыз-келиндерди мектепке тартуу өтө оор шарттарда өткөн. Бай-манаптар, молдолор аялдардын билим алуусуна каршы күчтүү үгүт иштерин жүргүзүшкөн. Кыргызстандын түштүк тарабында бир аз убакыт иштеген Турсун Усманова, басмачылар бир жолу Ичкилик Төө Моюн кыштагында мектепке кол салып, окуучу кыздарды ур-токмокко алып, бир нече кызды күчкө салып алып кеткенин эстейт».

*Татыбекова Ж.С. Улуу Октябрь жана Кыргызстан аялдары. Фрунзе: Кыргызстан, 1975

Энелик институттун түптөлүшү

«Кыргыздар жаңы төрөгөн аялдарды эмне кылат? Эрте жана ашыкча жыныстык ырахат алууданбы же дайыма ат үстүндө жүргөндүктөн улам жамбаш сөөгү кууш болгонгобу, кыргыз аялдарынын төрөтү көбүнчө оор өтөт. Кыргыздар адаттан тыш төрөттү жин-шайтан каптады деп түшүнүп, төрөгөн аялды ур-токмокко алып, коркутуп, тилин чоюшат. Мындай жапайы түшүнүктөр, аначылар менен акушерлердин жоктугунан, албетте далай аялдар төрөттө же ур-токмоктон көз жумат. Канчалаган эл келтеден, сасык тумоодон, котон жарадан жана башка дарттан, бейтаптарга эч ким жөндүү медициналык жардам көрсөтө албаганынан өлгөн».

*Чокон Валиханов, «Орто Азиядагы Мусулманчылык жөнүндө»

1918-жылдан тарта советтик аялдарды «боштондукка чыгаруу» программасынын алкагында балдарды багуу боюнча социалдык институттар түзүлөт: бүткүл союз боюнча бала бакчалар жана энеликти коргоо институттары ачылат. Балдарды багуу боюнча китептер, брошюралар, плакаттар басылып, кеңири жайылтылат, педиатр-врачтар менен жолугушуулар өткөрүлөт.

Кыргыз АССРинде көчмөн жана элеттик калк көпчүлүктү түзгөнүнө байланыштуу, энени жана баланы коргоо системасы 1920-жылдардын аягында гана түптөлүп баштаган.

1925-жылы Фрунзе шаарында 20 орундуу биринчи төрөт үйү жана балдар консультациясы ачылат, кийинки жылдары булардын саны өсүп баштаган. 1926-жылы Кыргыз АССРинин Саламаттык сактоо боюнча элдик комиссариатынын аппаратында энелерди жана жаңы төрөлгөн балдарды коргоо боюнча өз алдынча бөлүм түзүлүп, 1928-жылы биринчи 29 акушер окууну бүтүрөт. Элдин көпчүлүгүнүн көчмөн турмушун эске алып, Саламаттык сактоо боюнча элдик комиссариат көчмө төрөт үйлөрүн жана дарыгерлердин кеңеш берүү кызматтарын уюштуруп, санын көбөйткөн.

Хүжүм — Чыгыш аялдарын боштондукка чыгаруу

Совет бийлиги орногондон кийин, Борбор Азиянын аялдары дагы эле «кош оторчулукту» башынан өткөрүп жатышты. Кош оторчулук — бул термин аялдардын мурдагы империалисттик оторчулдардын жана патриархаттын кош эзүүчүлүгүн түшүндүрөт. Учурдан пайдаланып алып, большевиктер «суррогаттык пролетариат» идеологиясын колдонушат, мында «артта калып кеткен» чөлкөмдө мусулман пролетарларынын көтөрүлүшүн ишке ашырууда аялдар күчтүү тарапташы боло алышмак. Гендердик теңчилик жана азаттыкка жетүү ой-пикирин пропаганда кылуу аркылуу большевиктер Борбор Азияда фундаменталдык өзгөрүүлөрдү аткаруу үчүн аялдардын мобилизациясына жетише алышкан.

1927-жылдын 8-мартында Аялдар бөлүмү «Чыгыштын аялдарын азаттыкка жеткирүү» боюнча «Хүжүм» деп аталган (арапчадан «чабуул» дегенди түшүндүрөт) кампанияны баштайт. Кампаниянын башкы максаты — күчкө салып нике кыюу максатында аялдарды уурдоо, эрте жашта никеге тургузуу, аялдардын бети-башын, денесин чүмкөнтүп, ороп жабуу, ур-токмокко алуу, өлтүрүү, коомго аралаштырбоо, айыптоо сыяктуу «эскирген» социалдык үрп-адаттарды түп-тамырынан жок кылуу. Чыгыштын аялдары коомдук мейкиндикке чыгарылып, коомдук-саясий ишке жана өндүрүштө иштөөгө тартылышат, үйдөгү турмуш-тирилик трансформацияланат.

Аялдардын бети-башындагы паранжаны чечип, андан баш тартышы «артта калып кеткен» чөлкөмдүн азаттануусунун жана заманга уйкаш жашап баштоосунун символуна айланат. Атайын плакаттар басылып чыгып, паранжаны өрттөө боюнча радикалдык акциялар өткөрүлөт — бул акциялар эзүүдөн жана кулчулуктан боштондукка чыгууну түшүндүрөт. Аялдардын укугун тепселеген жергиликтүү жосунсуз жоруктар кылмыш деп таанылат.

Паранжаны өрттөө. 1930-жыл

Аялдар бөлүмү Октябрь революциясынын он жылдыгына карата алты айдын ичинде борбор азиялык аялдарды азаттыкка жеткирүүнү көздөйт. Бирок, иш жүзүндө кампанияны ишке ашырууга отуз жыл кетет.

Сталин доору

«Аял киши эне болуу жыргалынан баш тартууга укугу жок»

*Нике маселелери боюнча адис жана абортторго тыюу салуу боюнча жогорку советтик соттун мүчөсү

1930-жылы Сталин «аялдар маселеси» чечилди деп жарыялап, өлкө боюнча Аялдар бөлүмдөрүнүн баарын жаптырат. Өлкөдө демографиялык абал начарлап баштайт — Сталин мында «улут үчүн коркунуч туудурган» маселени көрөт. Советтик өкмөт кадам кадам менен бойдон алдыруу боюнча акылуу кызматтарды көрсөтүүнү киргизип баштайт жана эненин жана аялдын мурдагы «буржуазиялык» образын пропагандага кайтарып келет. 1935-жылы дарыканалардын текчелеринен контрацептивдер алынып салынат. 1936-жылы бойдон алдыруу мыйзамсыз деп таанылат, никеге туруу боюнча мыйзамдар катаалдашат жана сексуалдык жүрүм-турум катуу жөнгө салынат.

1955-жылдын 23-ноябрында совет өкмөтү аборттордун декриминилизациясы жөнүндө чечим чыгарат. Мунун аркасында бейтаптар үчүн тийиштүү медициналык процедураларды жүргүзүү шарттары бир топ жакшырып, алардын өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилген коркунучтар азаят. Аборттордун саны 1960-жылдардын ортосуна чейин өсүп, бүткүл Советтер союзу боюнча рекорддук 7 миллион учурга жетет. 1980-жылдары абортторду кылуу боюнча медициналык көрсөтмөлөр өзгөртүлөт — бойдон алдыруу үчүн уруксат берилген кош бойлуулуктун мөөнөтү 12 жумадан 24 жумага чейин көбөйтүлөт, 1987-жылы түйүлдүк 28 жумага чейин болсо аны бойдон алдырууга уруксат берилет.

Жылымдоо. Диссиденттик феминизм

1970-жылы СССРде Ленинград шаарында Татьяна Горичева, Наталья Малаховская жана Татьяна Мамоновалардын редакторлугу алдында «Россия жана аялдар» диссиденттик альманахынын басылып чыгышы менен феминизм кайрадан жанданат.

Феминисттик жана расмий түрдө тыюу салынган журналдар аялдардын коомдо айтылбай, жаап-жашырылган маселелери жана абалы тууралуу кеп кылып башташат. Жашыруун өз алдынча басылма окурмандарга үй-бүлөлүк көйгөйлүү маселелер, бойдон алдыруу, төрөт, зордук-зомбулук, үй-жайсыз жана түрмөдөгү аялдардын абалы тууралуу маселелерди баяндап берет. Альманахтар советтик бийликтин каарына калып, нускалар жыйналып алынып, редакторлор куугунттукка алынган, натыйжада алар Европага эмиграция кылууга дуушар болушкан.

СССР кыйрагандан кийин кыргыз аялдарынын абалы — улутташтыруу жана радикалдаштыруу

СССР жоюлуп, 70 жыл коммунизм өкүп сүрүп бүткөндөн кийин Кыргызстанда идеологиялык боштук пайда болду. Жаңы идеологияны издөөдө заманбап мамлекеттүүлүктү издөө жолуна кайткан башка постсоветтик өлкөлөрдөн айырмаланып, Кыргызстан мындай мүмкүндүккө ээ боло алган жок. Өкмөт улутчулдукка, маданий салттарга кайтып келүү жолуна түшүп, буларды жаңы идеология үчүн пайдубал кылып түптөп алган.

Сыйнат Султаналиева «Феминисттик диалогдор» ЗИНинде (Бишкек, 2020) Кыргызстандын постсоветтик мезгилине талдоо жүргүзүп, кыргызстандык аялдар «кыңк этпеген чыгыштын аялы» деген образга кантип кайтып келип жаткандары тууралуу баяндап берет.

«Төрөлөр тарыхты даңазалап, унутта калган адамдардын аты-жөндөрүн эстеп, аларга жаңы маани берип, андан кийин мунун баарын элге таңуулап, ачык эле тааныш түзүмдөрдү жана интрументтерди колдонуп башташты. Азыркы саясий жолбашчыларга жана бийлөөчү төбөлгө советтик улутчулук коомдук мобилизациянын тааныш идеологиялык куралын колдонууну улантууга, ошол эле кезде марксизм-ленинизм маскарадын зарылчылыксыз колдоого мүмкүндүк берди».

«Ар бир президент бийликке келиши менен өлкөдө негизинен улуттук эркек каармандардын парадын гана көрдү, алар тарых китептерине, “адам жана коом” сабактарына, а түгүл мамлекеттик майрам жана сыйлыктардын катарына кирип, орун тапты. Бул каармандар мурда советтик режим эч тартынбай Борбор Азиянын аялдарын азаттыкка жеткирүүгө умтулуусунда өз убагында токтотулуп калган эркектердин үстөмдүгүнүн калыбына келишин түшүндүрмөк — эми аялдын орду «саясаттан» «очоктун алдындагы орунга» артка чегинип, улутту биологиялык жактан көбөйтүү үчүн гана борбордук орунга ээ болмок».

Султаналиева Ширин Акинердин айткандарын белгилеген (Борбор Азия боюнча эксперт):

«Эркектин камкордугу (коомго карата) концепциясы коомдук жашоонун да, жеке жашоонун да параметри катары калыбына келтирилген». Коомдук планда бул көрүнүш улуттук иденттүүлүктүн, каада-салт, үрп-адаттардын так кесе калыбына келиши деп берилген. Социализмдин күнү бүттү: эми «мамлекет камсыз кылып берген “табигый эмес” гендердик теңчиликтин, бүлдүргүч, бузуку жылдарынан кийин эркектерге үй-бүлө башчысы жана багар-көрөрү катары “табигый” макамын калыбына келтирүүгө мүмкүндүк берип, аялдар эне жана үй кожойкеси катары (мамлекет аткаргысы келбеген же аткара албаган кам көрүү милдеттерин өз мойнуна алып) өздөрүнүн “табигый” ролдоруна кайтуусуна» мезгил келип жетти.

Каада-салтчылыкка карай жол баштоо дароо өз жемиштерин берди — 1991-жылдын башынан тарта өлкөнүн экономикалык секторундагы аялдардын саны кескин түрдө азайган: кыргыз аялдардын эмгек рыногундагы үлүшү 1991-2007-жылдар аралыгында 81,6%дан 42,3%га чейин түшүп кеткен. Бул көрсөткүч күн өткөн сайын азаюуда.

«90-жылдардын башында биринчи президент Аскар Акаев ишке ашырган “шок терапиясы” жасалып бүтөр менен, убада кылынган экономикалык инвестициялар өлкөгө келбей калгандыктан, президенттин үй-бүлөсү жакшы иштеп жаткан ишканаларды менчиктештирип, өз колуна алып баштагандыктан элдин бийликке карата нааразылыгы күндөн күнгө күчөп, өлкөдө туруксуз абал жаралып, натыйжада 2005чи жана 2010-жылдардагы революциялар болду». Аялдардын эмансипациясындагы советтик патернализмди кабыл албаган улутчулук менен бирге өлкөдө курчуп жаткан саясий-коомдук абал, коомчулук тарабынан аялдардын маселелерин өткөөл мезгилдин башка маселелери менен бирдей карап чыгышынан баш тартышына алып келди.


Экинчи революциядан кийин өлкөдө улутчул көз караштар күчөп баштады.


2010-жылы «Кырк Чоро» улуттук-мекенчил кыймылы түзүлдү — алар Кыргызстандын кыз-келиндеринин кылык-жоруктарына каршы мыйзамсыз «күрөш» жүргүзүшү менен таанымал болгон вигиланте — «сазайын бергич» топ. Кыймылдын мүчөлөрү түнкү клубдарда чет өлкөлүктөр менен чогуу убакыт өткөргөн кыргыз кыздарды таап чыгууга «рейд» жүргүзүшкөн, украиналык Kazaky квир-тобунун концертин үзгүлтүккө учуратышкан, итке улуттук баш кийимди кийгизген кызды муунтуп өлтүрөбүз деп коркутушкан. 2020-жылы аял укуктары үчүн тынчтык жөө жүрүштү бүлгүнгө учуратып, жүрүштүн катышуучуларына күч колдонушту деп божомолдонот. Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери жүрүшкө тынч катышып жаткан кыз-келиндерди кармап кетип, аларды милиция бөлүмдөрүнө алып келишип, коомдук тартипти бузганы үчүн айыппул салынган. Кийинчерээк «Кырк Чоро» кыймылынын башчысы аялдардын тынчтык жүрүшүн үзгүлтүккө учуратууда «чоролордун» катыштыгы жок деп билдирген.

Тынчтык жөө жүрүшүнө кол салуу. Сүрөт: Александра Титова

Буга чейин кыймылдын мүчөлөрү «Феминале» көргөзмөсүн үзгүлтүккө учуратышкан. Аталган көргөзмө 2016-жылы 27-августта Москва шаарындагы басмаканалардын биринде тирүүлөй күйүп кеткен эмгек миграциясына кеткен 17 кыз-келиндин жаркын элесине уюштурулган. “Сазайын бергич” жоон билек топтор жылаңач активист аял катышкан перформанска тыюу салууну, Г.Айтиев атындагы көркөм өнөр музейинин директору Мира Жангарачеваны кызматтан алынышын да талап кылышкан. Өкмөттүн атынан Маданият министрлиги ультра-оң багыттагы нааразылардын оюна макул болуп, музейдин жетекчисин жумуштан кетирип, бир катар экспонаттарды «цензура» белгиси менен көргөзмөдөн чыгарып салган.

«Улутчул» деп аталгандардын аялдарга кол салуусу эбакта эле башталган. 2012-жылы Орусияда кыргыз мигрант жигиттери тарабынан мекендеш кыз-келиндерге карата бир катар кол салуулар болгон. Алар мекендеш эже-карындаштарын сабап жатканын видеого тартып, башка улуттун эркектери менен мамиле курганды токтотууларын талап кылышкан. Кыргыз мигрант жигиттеринин мындай жазалоочу жоруктары кыргыз кыздарын «кайра тарбиялоону» көздөгөн.

«Ал видеолордо зомбулукка каршы массалык каршылыктар болгонуна карабай, кыргыз коомчулугунда “патриоттордун” пикирин колдогон билдирүүлөр көп болду. Кыргыз ЖМКларындагы кыргыз-мигрант аялдарынын сексуалдуулугунун кайрадан жанданышын чагылдырган диссертациясында Сыргак Кызы (2015) жалпыга маалымдоо каражаттарын дыкан, дискурсивдүү анализге таянып жыйынтык чыгарган. Анда кыргыз ЖМКлары кыргыз аялдарынын “патриоттордун” зомбулугуна кабылышын “адеп-ахлакка туура келбеген” сексуалдык жашоо образы үчүн “жазалоо” катары чагылдырып, аны баасын түшүрүп, маргиналдаштырып, алар кабылган зомбулук үчүн өздөрү жооптуу деген таризде берген».

*Сыйнат Султаналиева, ЗИН «Феминисттик диалог» (Бишкек, 2020).

2012-жылы Bishkek Feminist Initiatives феминисттик тобунун активисттери аялдардын укугу үчүн марштарды өткөрүп, ЖМКда «аялдардын жеке жана социалдык эркиндигин чектөөгө болгон реакциячыл аракеттерге алып келген, ушул тапта кыргыз коомчулугунун дискурсундагы олуттуу ажырымды жараткан консервативдик таасир этүүгө каршы багытталган» кампанияларды уюштуруп келет.

2013-жылы 26-январда өкмөт «ала качуу» (никеге туруу үчүн аялдарды күчкө салып уурдоо) үчүн жазаны күчөткөн. Ага ылайык, эркиндиктен ажыратуу мөөнөтүү көбөйтүлгөн, эми бул кылмышка үч жылдан он жылга чейин эркиндиктен ажыратуу абак жазасы каралат. Бирок андан ары мыйзамга өзгөртүү киргизилип, жазасы күчөтүлгөнү менен кийинки жылдары өлкөдө аялдарды ала качуу уланып келет. Жылына орто эсеп менен кыз-келиндер жана алардын ата-энелеринен 200 кайрылуу келип турат, бирок сотко болгону 5%ы гана жетет. БУУнун маалыматына ылайык, Кыргызстанда саатына 1 кыз кыз ала качууга кабылат, натыйжада никенин 35%ы мажбурлоо аркылуу болот.

2016-жылдын 5-октябрында өкмөт жашы жетелектерге нике кыюуга тыюу салган. Баланын ата-энеси менен нике кыйган молдого үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган. Мыйзам жашы жете элек балдардын эрте никеге туруудан улам сексуалдык, физикалык жана психикалык зомбулукка кабылуусун алдын алууга жана жаш-жеткинчек кыздардын толук кандуу орто жана жогорку билим алуусуна негизделген.

2019-жылдын 8-марты, сүрөт: Гүлайым Айылчы

2019-жылы Бишкекте Bishkek Feminists Initiatives кыймылы тарабынан аялдардын, балдардын жана ЛГБТ коомунун укугуна арналган тынчтык маршы өткөрүлүп, жүздөгөн адам катышкан. Маршта жарандык кийимчен бейтааныш адамдар жүргөн жана окуянын жүрүшүн видеого тартышкан. Ультраоңчул көз караштагы «Кырк-Чоро» уюму дал ошол күнү катарлаш митинг өткөрүп, аялдардын тең укуктуулугуна арналган тынчтык машрын — гей-парад деп атаган. Коомчулук бул көрүнүшкө ар кыл көз карашта болгон, бирок салттуу коомчулукка таасир этүү үчүн талылуу жери табылган — кийинки жылдары коррупцияга каршы, мамлекеттин мыйзамсыз иш-аракеттерине каршы марштын баары гей-парад деп аталып, АКШнын мамдепартаменти акча төлөп берип жатат деген сөз жайылган.

СССРде социалисттик феминизм бар болчу. Ал жалпы коомду фундаменталдык өзгөрүүгө багытталган. Аялдар күнүмдүк тиричиликте да, профессионалдык тармакта дагы укугу тебеленген байкуш катары каралган. Нике, үйдүн түйшүгү, балдарды тарбиялоо, сойкулук бул агымдын тарапташтары тарабынан патриархалдык система тарабынан аялдарды эксплуатациялоонун жолу катары каралган. Аялдардын укугу жөнүндөгү алгачкы советтик мыйзамдардын кабыл алынышына себепкер болгон революцияга чейинки феминисттер «буржуазиялык» замандын калдыгы катары СССРдин тарыхынан өчүрүлгөн.

Учурдагы Кыргызстанда феминизм СССР кулагандан кийин калктын көзөмөлсүз радикалдашуусуна жана мамлекеттин салттуулукка карай багыты күчөшүнүн кесепетине жооп катары пайда болгон. Мажбурлап никеге туруу үчүн кыздарды салт-санаага жамынып ала качуу, эрте жашта турмушка узатуу, аялдарга карата жасалган баш-аягы жок сексуалдык, физикалык жана психикалык кордоо адамдарды биригип, өз укуктарын коргоо үчүн бек турууга түрттү. Жөө жүрүш жана нааразылык акцияларда аялдардын үнү кыргыз коомун улутчул, консервативдик жана либералдык топторго бөлүп койгонуна карабастан феминизм тез болбосо да туура багытта алдыга карай бет алып баратат. Эл аралык уюмдардын болушу аялдардын экономикалык жана саясий эркиндигин өкмөттүк деңгээлде камсыздоого шарт түзөт. Коомчулук билим берүү, гендерлик теңчилик жана феминизмди массага жеткирүүчү жаңы активисттик кыймылдар жана уюмдар менен толукталат.

Булактар: