«Кулдай иштетип жатышат». Опера жана балет театрынын солисттери жетекчиликке нааразы

Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын солисттери өздөрүнүн көйгөйлүү маселелери жөнүндө маалымат жыйында айтып беришти. Артисттер маселеге көңүл бурдуруу үчүн чет өлкөдөн келген бийчилер менен сахнага чогуу чыгуудан баш тартышып, «Ак куу көлү» (“Лебединое озеро”) оюнун үзгүлтүккө учуратышкан. Бирок көрүүчүлөрдөн кечирим сурашты.

Бул чыр ортого чыккандан кийин театрдын көйгөйлүү маселелери жөнүндө журналисттер айтып башташты, ал эми Маданият министрлиги атайын комиссия түздү. Мындан тышкары биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков чырга катышы барларды элдештирүүгө, опера жана балет өнүгө тургандай, көрөрмандар театрга келгенде чыр-чатактардан зыян тартпагандай кылып тараптарды жараштырууга аракет кылды.

Артисттердин версиясы

Балет бийчилеринин айтымында, алардын жеке ар бири менен эмгек келишими түзүлгөн эмес — Эмгек кодексинин жалпы жоболорун камтыган жамааттык келишим гана бар. Бул келишимде коммерциялык долбоорлордо эмгек акыларын төлөө, оюндардын саны сыяктуу бир катар орчундуу маселелер каралган эмес — бир айлык эмгек маянасы гана бекитилген. Ал 9 миң сомду түзөт.

Жеке ишкерлердин демилгеси менен коммерциялык спектаклдер коюлганда, чет элдик артисттер менен чогуу сахнага чыгуу үчүн кыргыз операсынын бийчилери, хор, оркестр жана солисттер сый акы алышпайт. Ошол эле кезде, биздин бийчилерибиз балет үчүн атайын бут кийим жана башка керектүү буюмдарды өздөрү сатып алышы керек. Театрда берилген атайын кийимдердин сапаты начар.

«Бул маселе биринчи жолу көтөрүлүп жаткан жок, биз мындай адилетсиздикке акыркы үч директордун жетекчилигинде туш болуп жатабыз. Буга чейин пикир келишпестиктерди жалпыга маалымдоо каражаттарына жеткирбей, театр көшөгөсүнүн артында эле чечкенге аракет жасачубуз. Тилекке каршы бизди эч ким уккан жок, канча жылдан бери бизди кулдай иштетип жатышат, биз ишибизди толук аткарсак дагы, тиешелүү эмгек акыбызды алган жокпуз», — деп балеттин солист бийчиси Марад Сыдыков айтып берди.

Балеттин дагы бир бийчиси, Екатерина Белоустун айтымында, артисттер «дээрлик акысыз иштеп жатышат, пайданын баарын башка кишилер көрүп жатышат». Ал турсун, бул кишилер театрга жана маданият министрлигине эч бир байланышы жок. Артисттер чет элдик кесиптештер менен бир сахнага чыгууга каршы эмес, бирок ошол эле учурда алардын эмгеги да татыктуу төлөнүшү зарыл.

«Укуктук негизди түптөбөй туруп иштеп, биз Маданият министрлигин оңтойсуз абалда калтырып жатабыз. Биз муну каалабайбыз. Эгер кайсы бир уюмдун же жеке кишинин чет элдик артисттерди алып келгенге акчасы бар болсо, чакыра беришсин. Бирок, ошол эле учурда артисттердин бардыгына бирдей шарт түзүлсүн», — деп Белоус билдирди.

Театр жетекчилиги эмне дейт?

Опера жана балет театрынын жетекчиси Каримберди Турапов «Ак куу көлү» боюнча чыр-чатак чыкканда иш сапарда болчу, бирок 24.kg аны менен байланышкан. Турапов мындан ары коммерциялык спектаклдер коюлбай, чет элдик артисттер чакырылбай турганын билдирген.

Тураповго кийинчерээк артисттер нааразылыгын билдирип, өз позициясын түшүндүргөн кат жазганын ал Kaktus.media басылмасына айтып берди. Бирок театрдын артисттери «Ак куу көлүнө» сахнага чыгып, андан кийин чакырылган артисттер менен чогуу оюндарга чыкпай турганы жөнүндө убада беришкен имиш.

«Оюн коюлардын алдында эркектер жана аялдар топторунун жетекчилери баары жакшы болот, бийчилердин баары сахнага чыгат, бирок мындан кийин сахнага чет элдик артисттер менен чогуу чыкпай, өздөрү эле чыгышат деп мени ишендиришти. Мен болсо “чет элдик артисттер мастер-класс көрсөтүп беришсе, өздөрүнө эле пайдалуу болот да” деп айткам. Бийчилерибиз болсо, “өзүбүз деле мыкты чебербиз” деп жооп беришти», — деп Турапов белгиледи.

Вице-премьер Новиков эмне деди?

Балет театрындагы чуу өкмөткө чейин жетти. Биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков жаңжалдашкан эки тарап менен жана Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри менен жолукту.

«Спектакль үзгүлтүккө учурады. Бул жагдайда көрөрмандар гана зыян тартты, театрдын залы эстетикалык ырахат алгысы келген элге жык толгон болчу. Албетте, артисттер да, театрдын жетекчилиги да өзүнүкүн туура деп ойлойт. Бирок, мындай кырдаал дагы бир жолу кайталанбашы керек. Мындай көйгөйлүү маселелерди көз жаздымда калтырбай, сүрсүтүп калтырып койбой, өз убагында дароо чечиш керек», — деп аткаминер айтты.

Новиков Маданият министрлигине жеке ишкерлер алып келген коммерциялык оюндар коюлганда жергиликтүү театр артисттеринин эмгек акысы боюнча маселелерди мыйзамдарда жазуу тапшырмасын берди. Ошондой эле, министрлик артисттердин сахнага чыгуусунун санын эске алып туруп, эмгек акысын төлөө жадыбалын түзүшү керек. Ал эми театрдын жетекчилиги репертуардагы спектаклдерди калыбына келтирип, «ар түрдүү жана кызыктуу программаны» түзүүгө милдеттүү.