Ош: Кайнатасы бычактаганын айткан келин анын үй камагына чыгарылганына нааразы

Ош шаарынын Төлөйкөн айылынын 26 жаштагы тургуну Жылдыз Өсөрбай кызы кайнатасы Райым Аматовдун камалышын талап кылууда. Өсөрбай кызы кайнатасы аны бычактаганын айтып, 9-мартта жакындары менен маалымат жыйын курду.

«Зомбулук көрсөтүп келген»

Өсөрбай кызы 2015-жылы өзү сүйлөшүп жүргөн жигитке турмушка чыгып эки балалуу болгон. Анын айтымында, кайын атасы келин болуп келгенден баштап эле психологиялык зомбулук көрсөтүп келген.

Ал эми 2020-жылдын 20-декабрында Аматов кызына телефон чалып, Өсөрбай кызынын үстүнөн даттанган. Келин муну угуп калгандан кийин чыр чыгып, кайната келинин ичине бычак сайып жиберген.

«Анда кайнатам мени жамандап аткан. Анан телефонду мага беришти. Мен кайын эжеме үй жумуштарын өз убагында жасап жатканымды айттым. Кийин эле кайын атам келип, “сен мени жамандай турган болуп калгансыңбы?” деди. Мен жок дедим. Анан тамак кылып жатканымда коюп койгон бычакты ичиме сайып салды», — дейт Өсөрөва.

Жабырлануучунун айтымында, ага биринчи жардам көрсөтүлбөй жарым сааттай жерде жатып калган. Анын жакындары мындан улам келин бир литрге жакын кан жоготконун айтышты. Бул окуядан кийин Өсөрбай кызы жолдошу менен жашабай калган.

«Дарыгерлерден сурасам “бычак жүрөккө кетчү тамырга 2 мм жетпей калыптыр, эгер аны кесип кеткенде каза болуп калат эле” деп айтышты. Бычак сайылганда ашказан тешилип, жоон ичеги да кесилип калган экен [...] Кайын атасы бычакты сайып, кыйшык сууруган экен», — дейт аялдын эжеси.

Өсөрөванын дагы бир эжеси Урият Өмүрзакова өткөн жылдын 27-декабрында Ош шаардык соту Аматовду эки айга камоо чечимин чыгарганын айтты. Ал эми облустук сот аны 6-январь күнү үй камагына чыгарган дешти — буга шектүүнүн аппеляциондук даттануусу себеп болгон.

Шектүүнүн үй камагына чыгышына нараазы болгон жабырлануучунун жакындары Аматовду камоону жана ишти батырак тергөөнү талап кылышууда. Ошондой эле алар экинчи тарап менен «жарашуу тууралуу ойлору жок экенин» айтышууда.

«Азыр эми бул кызга дагы дары-дармектер керек. Майып болуп отурат. Ооруканага жатыш керек. Ошол Райым Аматовдун камалышын талап кылабыз», — деди Өмүрзакова.

«Сот үй-бүлөнү сактап калуу максатын көздөгөн»

Ош облустук сотунун басма сөз катчысы Назгүл Исманова Аматов үй камагына чыгарылганын тастыктады.

Исманова сот бөгөт коюу чарасын кароодо үй-бүлөнү сактап калуу максатын көздөгөнүн айтты. Ошондой эле ортодо балдар бар экенин жана Өсөрбай кызынын абалы «жакшы» болуп калганын эске алганын билдирди. Мындан тышкары сот жабырлануучунун ооруканада «бычакты өзүмө-өзүм сайып алдым» деген көрсөтмөсүнө таянганын айтты.

«Экспертизанын корутундусунда жабырлануучунун жаракаты курч, кесүүчү буюмдун таасиринде пайда болгонун, курсагынын астынкы бети адам өзүн өзү бычак менен жаракат келтирүүгө мүмкүн болгон дене бөлүгүндө болгондугу көрсөтүлгөн. Окуя боюнча учурда бөгөт коюу чарасы гана каралган. Жазык ишинин маңызы боюнча сотко эми келип түшөт», — деди басма сөз катчы.

Анткен менен Өсөрбай кызынын жакындары кайын энеси ооруканага жеткенче ага «бычакты өзүм сайдым дегин» деп буйрук берген дешти.

Ал эми Ош ШИИБинин басма сөз катчысы Абсаттар Тавакалов аталган факт

«Денеге оор залал келтирүү» беренеси менен катталып, соттук-медэкспертиза аялдын денесине миздүү нерсе менен жараат келгенин тастыктаганын айтты. Бирок бычак ким тарабынан сайылганы аныкталган жок деди.

«Бүгүнкү күндө тергөө аягына чыкты. Иш сотко эки-үч күндө өтөт», — деп түшүндүрдү Тавакалов.

Үй-бүлөлүк зомбулук

2020-жылдын башында үй-бүлөлүк зомбулуктан улам ажал тапкан аялдардын окуясы коомчулуктун үрөйүн учурган — январь ичинде эле ИИМ «аялдарды өлгүчө сабап», айрымдарына «атайлап өрт коюу болгон» бир нече факт тууралуу кабарлаган.

Мындан сырткары Улуттук статистика комитети пандемия учурунда аялдарга карата зомбулук 14%га, ал эми үй-бүлөлүк зомбулук 65%га өскөнүн кабарлаган.

Ошондой эле ИИМдин маалыматына ылайык, 2020-жылы үй-бүлөлүк зомбулуктун 9025 учуру катталып, анын 944ү гана сотто каралган.

Маселе бир нече жолу Жогорку Кеңеште да көтөрүлүп, өткөн жылдын жай айында депутат Исхак Пирматов үй-бүлөлүк зомбулук үчүн күнөөлүүлөрдүн жазасын күчөтүүнү сунуштаган мыйзам долбоорун демилгелеген.

Ага ылайык, ден соолукка зыян келтирилген учурда, эмгекке жарамдуулугунан ажыраса же аял жабыр тартканы «ачык көрүнүп турса» эки тараптын жарашуусуна жол берилбейт. Ошондой эле, бул учурларда түзөтүү же коомдук иштер жаза катары кала берет, ал эми штраф жокко чыгарылат.

Аталган мыйзам долбоору үстүбүздөгү жылдын башында парламентте экинчи окууда жактырылды.