Москвада кыргыз жараны метронун рельсине кулап түшкөн адамды куткарды

Кыргызстандык Сыймык Алмазбек уулу Москванын метросунда рельске кулап түшкөн адамды куткарууга жардам берди. Бул тууралуу фейсбук барагында режиссёр Кенжебек Шайлообаев билдирди.

Анын айтымында, окуя 9-март күнү «Текстильщики» метро бекетинде болуп, Алмазбек уулу рельске кулап түшкөн адамды дагы бир бала менен чыгарууга жардам берген. Шайлообаев рельске кулап түшкөн адам мас абалда болгонун да жазган.

«Мындай чукул кырдаалда өз жанын тобокелге салып, башканын жанын сактап калуу ар бир адамдын колунан келе бербесе керек. Бул жигит өтө жөнөкөй, кичипейил жигит», — деп жазган режиссёр.

Бул инимдин аты Сыймык. Атына заты жарашкан өзү да сыймыктантчу бала. Кечээ 9- март күнү Москва шаарындагы "Текстильщики...

Опубликовано Кенжебеком Шайлообаевым Среда, 10 марта 2021 г.