«Парламенттеги ар бир орун үчүн күрөшөбүз». Отунбаева аялдардын коомдогу орду тууралуу

Экс-президент Роза Отунбаева 10-мартта «Аялдардын лидерлиги — жаңы доорго карай чоң кадам» форумунда саясат, дин жана бейөкмөт уюмдардагы аялдар жөнүндө кеп кылды.

Отунбаева коронавирустун пайда болушу менен Кыргызстанды жакырлык каптап, аялдардын абалы аларга карата жасалган зордук-зомбулуктун кесепетинен өтө начарлаганын белгиледи.

Анын айтымында, коронавирусту аялдар жеңди, анткени Кыргызстандын саламаттык сактоо тутумунда иштегендердин 85%ы — аялдар.

«Кыргызстанда дарыгерлер өтө жогорку деңгээлде ишин аткарышты. Аларга терең ыраазычылык билдиребиз. Дарыгерлерге, медайымдарга, бейтаптарды багып тейлегендерге, бизди бул азаптан куткарып, алып чыккан бардык медициналык кызматкерлерге таазим кылабыз. Адамдар [медиктер] жанын оозуна тиштеп, кызыл зоналарга барып жатышты», — деп ал белгиледи.

«Биз парламентте ар бир орун үчүн күрөшөбүз»

Экс-президенттин айтымында, Өзбекстан парламентинде аялдар — 30%, Казакстанда — 27%, Түркмөнстанда — 25%, Тажикстанда — 24%, Кыргызстанда болсо болгону 17%ды түзөт.

Президенттик башкаруу формасына өткөн Кыргызстандын парламентинде аялдардын иштеши үчүн тийиштүү минималдык көрсөткүч камсыздаларына экс-президенттин көзү жетпейт.

«Биздин башкаруубуз “күч кимдин колунда” деген көз караш боюнча түзүлүүдө — муну мачо-башкаруу деп койсо болот. […] Биз ар бир орун үчүн күрөшөбүз. Бүгүн мен залда алыскы аймактардан келип, форумга катышып жаткан аялдар менен жолуктум. Мына дал ушундай кишилер бул өлкөнүн тагдырын чечиш керек», — деп Отунбаева билдирди.

«Мечиттерде эмнелерге чакырышат?»

Экс-президент аялдар жана дин маселесин да козгоду. Бир молдонун «Эгер паранжыны өрттөп жатышса, демек кыздарыңарды өрттөп жатышат» деп айтканы боюнча пикирин билдирди.

«Мен бийликтегилерден өлкөдөгү ибадатканаларда кандай чакырыктар айтылып жатканына, кандай сөздөр сүйлөнүп жатканына өтө чоң көңүл буруп, олуттуу иш жүргүзүшүн суранат элем. Балким, эртең биз ойгонгондо бизге "бүгүнтөн тарта баарыңар кара хижап жамынып гана жүрөсүңөр" деп айтышат», — деди ал.

Отунбаева кыргызстандык аялдар бүгүнкү күнгө чейин кандай оор жолду басып өткөнүн эстеп жүрүүнү, азыр башын тик көтөрүп, аялдардын көйгөйлүү маселелери жана лидерлик жөнүндө ачык сүйлөп жатканы жөнүндө да белгилеп кетти.

«Бейөкмөт уюмдар өлкөбүздүн пайдасына иштейт»

Ошондой эле, Роза Отунбаеванын бейөкмөт уюмдарга каршы пикирин билдирген депутаттардын иш-аракеттерине ачуусу келди.

«Эл аралык уюмдар мамлекетке ишенбегендиктен бейөкмөт уюмдарга каражат берет. Айрым депутаттар өтө эле көөп кетип, бейөкмөт уюмдарга каршылыгын билдирип жатышат. Урматтуу эл өкүлдөрү, силер өлкөнүн бюджетин түзүп жатканда, эл аралык донорлордон канча акчаны жардам катары күтөсүңөр?» — деп ал эл өкүлдөрүнө кайрылды.

Анын айтымында, мамлекет жалаң гранттардын эсебинен жан багып жатат. Европа Биримдиги окуу китептерине жана жабдууларга акча бөлүп берет, саламаттык сактоого жана билим берүү тармагына да абдан чоң суммадагы акчалар берилет. Ошол эле учурда, экс-президент бейөкмөт уюмдар өлкөнүн пайдасына гана иштейт деп эсептейт.

Мындан тышкары, экс-президент Кыргызстанды өнүктүрүү жана аны каатчылыктан чыгаруу боюнча оюн ортого салды. Отунбаеванын ою боюнча, мамлекет билим берүү жана саламаттык сактоо тармактарына артыкчылык бериши керек.