Коронавирустан төрт киши каза болуп, 63 жаңы учуру катталды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 12-мартта өлкөдө коронавирустун 63 жаңы учуру катталганын маалымдады. Ооруну жуктургандардын арасында бир медициналык кызматкер бар.

COVID-19 инфекциясы Бишкек шаарында — 31, Чүй облусунда — 18, Ысык-Көл облусунда алты, Нарын облусунда үч, Жалал-Абад жана Баткен облустарында экиден, Ош шаарында бир кишиден аныкталды.

Ошондой эле акыркы суткада коронавирустан 48 бейтап айыкты. Коронавирустан Бишкек шаарында — 18, Чүй облусунда — 11, Ош облусунда алты, Ысык-Көл облусунда беш, Нарын облусунда төрт, Жалал-Абад облусунда жана Ош шаарында экиден бейтап айыкты.

Мындан сырткары илдеттен төрт бейтап көз жумду: алар Бишкек шаарында, Чүй, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында катталды.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 86 755ке жетти. Алардын ичинен 83 766 бейтап айыгып, 1 480 киши көз жумду.

Бүгүнкү күндө илдеттен 312 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат — алардын ичинен 20 киши өтө оор абалда. Ошондой эле, 260 адам үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.