«Апрель» телеканалынын журналисти Канат Каниметов УКМКга барып, сурак бергени жөнүндө айтып берди. 11-мартта ал УКМКнын мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаевдин иши боюнча суракка чакырылганын маалымдаган эле.
Каниметовдун айтымында, иш «Белизгейт» чырына байланышкан.
*2016-жылы Сегизбаев УКМКнын төрагасы болуп турган кезде президент Алмазбек Атамбаев демилгелеген Конституцияга өзгөртүүлөргө каршылыгын билдирген «ата мекенчи» Текебаев, Салянова жана Шыкмаматовдорду «Мегакомдун» акцияларына ээлик кылышат деп билдирген. Далил катары ал Борбордук Америкадагы Белиз мамлекетинен келген документти көрсөткөн. Бул жаңжал тарыхка «Белизгейт» деп кирген. Депутаттардын өздөрү документти «өтө орой жасалмалоо» деп аташып, ал түгүл Сегизбаевди сотко беришкен, бирок сотто жеңилип калган. Сегизбаевдин ордуна УКМКнын башчылыгына Идрис Кадыркулов келгенден кийин Белиздеги документтер атайын кызматка келбегени белгилүү болгон. 2021-жылы Абдил Сегизбаевди «Белизгейт» боюнча жоопкерчиликке тартуу аракети тууралуу маалым болгон — бул мезгилде УКМКнын мурдагы жетекчиси Садыр Жапаров менен тирешкенге үлгүргөн, ал Жапаровду президенттик шайлоодо катуу сындаган.
«Кечээ кечинде мага Коопсуздук комитетинин тергөөчүсү телефон чалып, суракка чакырды. Өзүн Санжар Жантаев деп тааныштырды. Ал мени менен эмнеге жолугушкусу келгенин дароо эле айтты: “Белизгейт боюнча суроо берели дегенбиз. Сиз 2016-2017-жылдары ушул темада материал даярдаган экенсиз”», — деп айтып берген Каниметов.
Журналисттин айтымында, ал тергөөчүдөн мыйзамга ылайык суракка чакыруу жөнөтүүнү өтүнгөн, бирок тергөөчү «көйгөй керек десе, таап берем деген».
«Эгерде бизге ушундай көйгөй жараткыңыз келсе, биз дагы сизге көйгөй таап беребиз. Сизге айттык го, күбө катары келесиз», — деп тергөөчүнүн сөзүнөн цитата келтирген Каниметов.
Жыйынтыгында журналист юрист менен бирге чакыруу кагазын талап кылбастан, аны суракка барганда эле алуу чечимин кабыл алган. Тергөөчүнүн айтымында, журналист күбө катары чакырылган. Каниметов сурак тууралуу социалдык тармактар аркылуу жарыялоого үлгүргөн, бул УКМК кызматкерлерине жакпай калган.
«Дароо эле мени беттен алды: «Сен эмнеге соцтармактарга жазып жибердиң?». Мындайды күтпөгөндүктөн апкаарып, айтарга сөз таппай калдым. Ичимен «А эмне, болбойт беле?» деп сүйлөнүп койдум. Тергөөчү «кылыгыма» абдан кыжырданып жатканы айдан ачык эле көрүнүп турду», — деп Каниметов баяндады.
Мындан кийин журналисттен «сотко чейинки өндүрүштүн маалыматтарын ачыкка чыгарбоо жөнүндө тилкатка» кол коюуну талап кылышты, юрист буга каршылыгын көрсөткөндөн кийин, тергөөчү туталанып кеткен.
«Тергөөчү кайрадан беттен ала баштады. Ал дээрлик кыйкырып жатты бизге: “Эмне башымды оорутуп жатасыңар?” Анда баш тартып жатабыз деп кагаз жазып бергиле!!!” Юрист макул болуп, баш тартууну жазып берди», — деп кабарлайт журналист.
Андан соң юристке иш жашыруун экенин, журналист юристтин катышуусу жок суракка алынарын билдиришкен.
«Тергөөчү юристке ошол замат жооп кайтарды: «Бул деген купуя иш. Мен сизди четтетем. Суракты сизсиз эле өткөрөм». Эгерде мен экөөбүздүн маегибиз жөнүндө бирөөгө айтып бере турган болсо, «үстүңөн кылмыш ишин ачам» деп мени коркутту», — деп, тилкатка кол коюуга макул болууга аргасыз болгон Каниметов айтып берди.
Каниметов суроо жана жооптордун баарын жазып алып турган — анын айтымында, тергөөчү журналисттин блокнотун терезеден ыргытып жиберерин айтып коркуткан.
«Ошондуктан мага кандай суроолор берилип, аларга кандай жооп бергенимди азырынча айтып бере албайм. Бирок баарын блокнотко кеңири жазып алдым. Суроо жана жооптордун бардыгын. Бул да тергөөчүнү ачуулантып жатты. Ал суракты кагазга түшүрүүгө укугум жоктугун айтып кыйкырып, блокнотту тартып алып терезеден ары ыргытып салам деп коркутту», — дейт журналист.
Каниметов — иш боюнча күбө, бирок иштин өңүтү өзгөрүп кетиши ыктымал деп чочулоодо. Ал «Белизгейт» чуусу чыкканда КТРКда журналист болуп иштеген.
«УКМК менин артыман да казып жатат деп болжоого бардык негиздер бар. Анткени мага көбүнчө айыпталуучуларга же статусу жакында өзгөрө турган күбөлөргө берилген суроолорду берип жатышты» — деди Каниметов.