Бекешев парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирди. Бул үчүн ал элден акча топтойт

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев телеграм каналында VII чакырылыштагы парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирди. Ал шайлоо кампаниясына акча каражатын топтоп баштаганын билдирди.

Бекешев 5 млн сом топтоону көздөйт жана «бул сумма олигархтардын үгүткө сарптай турган акчасына салыштырмалуу өтө эле аз» деп белгиледи.

«Бул акчаны соцтармактарда жарнамалардын акысын төлөөгө, бир-эки жарнама билбордун ижарага алууга, үгүт материалдарын басып чыгарууга, үгүтчүлөрдүн акысын төлөөгө жумшайм. Шайлоочулардын добушун сатып албайм. Кийинчерээк чыгымдардын толук отчётун берем», — деп Бекешев билдирди.

Бекешевдин айтымында, эгерде «жүйөлүү себептерден улам» шайлоого катыша албай калса, анда топтолгон акча каражаттарын билим берүүгө байланыштуу кайрымдуулукка жумшайт.

Бекешев — шайлоо кампаниясы үчүн краудфандиң ыкмасын ишке киргизген Кыргызстандагы алгачкы саясатчы. Буга чейин «Реформа» партиясы дагы 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоого катышуу үчүн ушундай эле ыкма менен 5 млн сом күрөө топтогон.

Парламеттик шайлоо

Жогорку Кеңештин 7-чакырылышын шайлоо качан өтөрү азырынча белгисиз. Буга чейин президент Садыр Жапаров парламенттик шайлоо ушул жылдын күз айларында өтөрүн билдирген.

Парламенттик шайлоо кандай системада өтөрү дагы азырынча айтыла элек. Ал 11-апрелдеги Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумдун жыйынтыгынан көз каранды.

Эгерде референдум өтүп, кыргызстандыктар сунушталган Конституциянын жаңы долбоорун тандай турган болсо, депутаттар жаңы эреже менен шайланат. Ал эрежелерди каттоо үчүн өзүнчө конституциялык мыйзам талап кылынат. Конституциянын жаңы долбоорунда парламентарийлерди шайлоонун олуттуу эрежеси деле жок — болгону эл өкүлдөрүнүн саны 90 болууга тийиш.

Конституциянын жаңы версиясына ылайык депутаттар мурдагыдай эле беш жылга шайланат. Парламентке шайлоо күнү 25 жашка толгон адамдар гана шайланууга тийиш — мурдагы редакцияда бул босого 21 жаш болчу. Эл өкүлдөрүнө «илимий, агартуучулук жана башка чыгармачылык ишмердүүлүк» менен гана алектене алат.