«Ханституцияга каршы» борборунун кеңсесинде жана активисттин үйүндө тинтүү жүргүзүлдү

Оппозициялык саясатчы Жеңиш Молдокматов «Клоопко» Бишкек ШИИБинин кызматкерлери тарабынан «Ханституцияга каршы» борборунун кеңсесинде жана активист Тилекмат Куреновдун үйүндө 15-мартта тинтүү жүргүзүлгөнүн билдирди.

Молдокматов тинтүү кечинде жүргүзүлгөнүн жана милиционерлер электрондук серверлерди, флешкаларды, компьютерлерди алып кетишкенин айтты.

«Кеңседе отурсам спецназ келди. Бандиттерди кармагандай эле кызматкерлерди басып жыгышты. Мени көргөндө токтошту, мен телефонго тартып баштадым. Ошол фейсбукка чыкты. Тилекмат Куреновдун иши боюнча дешти. Анткени биз ижарага алган офис “Ханституцияга каршы” борбору болгон. Ошол эле маалда спецназ менен Тилекматтын үйүнө киришкен. Анын кичинекей балдары бар, оорукчан жубай жана атасы бар», — деди саясатчы.

Молдокматов активисттин кармалышынын артында саясий өңүт бар деп эсептейт жана тандалма саясат жүргүзүлүп жатканын айтат.

«Фейсбукта импичмент деген посту бар экен. Ар бир постту ар башка чечмелесе болот. Ошол эле учурда президент Садыр Жапаровдун да тарапташтары өмүргө коркунуч келтирип, “өлтүрүп кетебиз” деген постторду жайгаштырып жатпайбы. Анда баарына бирдей караш керек. А биз бийликке сын айтканыбыз, Конституцияга каршы чыкканыбыз үчүн куугунтук болуп атат», — деди Молдокматов.

15-мартта башкармалыктын 10-бөлүмү (Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызмат) Куреновду кармаган. Ал 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Бишкек ШИИБден активист Тилекмат Куренов социалдык тармактагы билдирүүлөрү үчүн кармалганын тастыкташты. Бул факт боюнча «Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар» жана «Массалык баш аламандыктар» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталганын билдиришти.

Куренов парламенттин тарап кетүүсүн талап кылган жана жаңы Конституцияга каршы 9-мартта өткөн митингдин уюштуруучулардын бири. Ал фейсбукта Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы экенин билдирген постторду жайгаштырып келген. Мындан сырткары Куренов «Жетим-Тоо темир кенин коргоо» кыймылыгын төрагасы.

Президент Садыр Жапаров «Азаттык» басылмасына 15-мартта курган маегинде саясатчыларга, журналисттерге карата саясий куугунтук болбой турганын билдирген.

Конституцияны өзгөртүүгө каршы митинг

9-мартта Ак үйдүн астында оппозициячыл саясатчылар жана жарандык активисттер жаңы Баш мыйзамдын долбоорун кабыл алууга каршы митингге чыгышкан. Алардын арасында экс-депутат Исхак Масалиев, Жеңиш Молдокматов жана «Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова болушкан.

Чогулгандар парламенттин алтынчы чакырылышын таратууну же аларды каржылоону токтотуу талабын да коюшкан. Мындан сырткары митингчилер Жогорку Кеңештин депутаттары конституциялык реформа жүргүзүүгө «моралдык укугу жок» болгонун айтып, жаңы Баш мыйзамды жетинчи чакырылыштын депутаттары демилгелеши керек болчу деген пикирин билдиришкен.

Кийинчерээк Молдокматов журналисттер менен маек куруп, Жогорку Кеңештин ар бир депутатын жана президент Садыр Жапаровду сотко бере турганын билдирген.

«“Ханституцияга каршы борбор” түзүлгөн, ошонун ичинде саясий күчтөр, жарандык активисттер жана башкалар бар. Биргеликте, персоналдуу түрдө депутаттарды жана президентти [бийликти] узурпация боюнча сотко беребиз — ар бирин бирден», — деген Молдокматов.