Ошто төрт партия «Ата-Журт Кыргызстанды» админресурс колдонууга айыптады

Ош шаардык кеңешине ат салышып жаткан төрт партия 15-мартта «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы менен шайлоону тынч өткөрүү, ыплас жана мыйзамсыз иштерге жол бербөө боюнча меморандумга кол коюудан баш тартты.

Кол коюудан баш тарткан — «Бүтүн Кыргызстан», «Улуу журт», «Бир бол», «Улуттар Биримдиги» — партиялар «Ата-Журт Кыргызстан» калаада админресурс колдонуп, атаандаштарына кысым көрсөтүп жатканын айтышууда.

«Эбегейсиз админресурс колдонулуп жатат»

«Улуттар биримдиги» партиясынын өкүлү Дастан Ходжаев Ош шаарында «эбегейсиз админресурс колдонулуп жатат» деген пикирде. Ал партиянын төрт талапкери жана бир топ кварталдык комитеттердин төрагалары «шаардык мэрияга чакырылып» жумуштарынан алынганын билдирди. Мындан улам ал «шаардык бийликке мамлекеттин кызыкчылыгы кереги жокпу?» деп суроо салды.

«Бийликтин партиясыбыз деп жамынып алып, кечээ күнү “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан” болуп, бүгүнкү күндө калпактарын алмаштырып “Ата-Журт Кыргызстанга” кирген биздин конкуренттерибиз менен жолубуз башка. Алардын биз менен меморандумга кол койгонго моралдык деле укугу жок. », — деди ал.

Ал эми «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын өкүлү акча таратылып жатканын жана шаардын домкомдору «Биз “Ата-Журт Кыргызстанга” тизме берип койгонбуз» деп жүргөнүн айтты. Мындан сырткары алардын партиясындагы мектепте иштеген талапкерди «мажбурлап иштен кетиришкенин» билдирди

Ал «меморандумдун шарттарын жана шайлоо жөнүндөгү мыйзамды одоно бузган партия менен меморандум түзүүнүн кажети жок» деп эсептейт.

«“Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын өкүлдөрүнүн бүгүнкү күнгө чейинки жана мындан кийинки кыла турган аракеттери аларды каттоодон чыгарып салууга толук негиз болуп жатат», — деди ал.

Партиялардын мүчөлөрү «Ата-Журт Кыргызстандын» үстүнөн тиешелүү органдарга кайрылышаарын кошумчалашты.

Анткен менен «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын Ош шаары боюнча координатору Акыл Түгөлбаев партияга карата «куру айыптоо болуп жатат» деп билдирди. Ошондой эле башка партиялардын талапкерлерин кызматтан алууга партиянын ыйгарым укугу жок дейт.

«Далил, фактылар болсо ошолорду аймактык шайлоо комитетине, тийиштүү органдарга жолдосоңор. Бул жерден куру күнөөлөгөнүңөр туура эмес да [...] Биз колубуздан келишинче иштеп жатабыз, өзүбүздүн саясатты жүргүзүп жатабыз», — деди Түгөлбаев.

Ал эми БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов меморандум «расмий документ эместигин» белгилеп, ал «юридикалык күчкө да ээ эмес» дейт. Бирок Бекматов «Ата-Журт Кыргызстандын» үстүнөн түшкөн даттануулар боюнча тиешелүү органдар иш жүргүзөөрүн билдирди.

«Биз укук коргоо органдарынын, прокуратуранын, УКМКнын регионалдык бөлүгүнүн жетекчилиги менен биргеликте партиялар менен ошол маселелерди талкууладык. Алар өздөрүнүн арыздарын жазып беришти. Азыр конкреттүү план түзүп, ошол боюнча иш жүргүзүп жатабыз», — деди Бекматов.

«Ата-Журт Кыргызстан» партиясы кимге таандык?

Коомчулукта «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевге тиешелүү деген маалыматтар тараган. Ал эми Юстиция министрлигинин сайтында «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын жетекчиси катары Айбек Маткеримов көрсөтүлгөн.

Маткеримов Камчыбек Ташиевдин айылдашы — ал 2016-жылдан тартып 2020-жылдын октябрына чейин Барпы айыл өкмөтүндө «Ата-Журт» партиясынан депутат болуп турган.

Ошондой эле 2017-жылы Жалал-Абад шаардык кеңешине «Ата-Журт» партиясынан талапкер болгон. Өткөн жылдын октябрында жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого «Мекенчил» партиясы менен аттанган. Камчыбек Ташиев болсо шайлоодо «Мекенчил» партиясын баштап барган.

Мындан сырткары Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев да Жалал-Абад шаардык кеңешине «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынан талапкерлигин койду.

Ал эми Ташиев өзү 2010-жылы Жогорку Кеңешке «Ата-Журт» партиясынын курамында келген. Ага чейин ал парламентте 2005-2007-жылы депутат болгон.

Мындан сырткары Оштун мурдагы мэри Мелис Мырзакматов блогер Адыл Акжол уулуна берген маегинде Камчыбек Ташиевдин атын жамынып шайлоого катышып жаткандар бар деп билдирген. Ал ошол эле учурда «Кыргызстандын тарыхында атайын кызматтын башында турган адам партия түзгөн эмес» деп айткан.

Мырзакматов түптөгөн «Улуттар Биримдиги» партиясы да Ош шаардык кеңешине ат салышып жатат.

Кыргызстанда жергиликтүу кеңештерге шайлоо 11-апрелде өтөт. Ал эми Ош шаардык кеңешине тогуз партия ат салышып жатат.