Бишкекте Телеграм аркылуу баңгизат сатууга шектелген орус жараны кармалды

Бишкекте милиция психотроптук жана баңги заттарды сатууга шектеп Орусиянын жаранын кармады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

ИИМден билдиришкендей, баңгизаттар Телеграм мессенжери аркылуу онлайн сатылып турган. Издөө учурунда милиция 1993-жылы туулган шектүү кызды кармаган.

Кармалган кыздын жашаган жерин тинтүү учурунда милиция белгисиз дары-дармектер менен тамеки чегүүчү жабдууларды тапкан. Соттук-химиялык экспертизанын корутундусу табылып алынган заттар салмагы 41 граммды түзгөн «жаңы психоактивдүү заттар» экенин көрсөткөн.

Милиция баңгизаттарды сатуу ишине тиешеси бар башка адамдарды да издеп жатат.