Ысык-Көлдө 30 пансионат, балдар лагери жана санаторийлер жеке ишкерлерге берилет

Экономика жана финансы министрлиги Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында мамлекеттик объектилердин реконструкциясы үчүн жеке компаниялардан сунуштарды кабыл алат. Бул тууралуу мекеме 16-мартта жарыя кылды.

Ишканалардын бир бөлүгүн капиталдык оңдоодон өткөрүп 10 жылга ижарага алуу, ал эми калган бөлүгүнүн курулушун аягына чыгарып, модернизациялоо сунушталууда.

Кайсы объектилер берилет?

Жеке менчикке берилүүчү объектилердин көп бөлүгү Ысык-Көл жээгиндеги мамлекеттик пансионаттар. Тизмеде 30 пансионат, балдар лагерлери жана ден соолук чыңдоочу борборлор бар. Экономика жана финансы министрлигинин маалыматына караганда, бул мекемелердин бардыгы «имараттарын реконструкциялоого» жана «кызмат көрсөтүүсүн модернизациялоого» муктаж.

Буга чейин премьер-министрдин м.а. болуп турган Артём Новиков туризм тармагында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү керектигин билдирген.

«Мамлекеттик органдардын башкаруусундагы бардык туристтик объектилер чыгашалуу. Жылына 10 млн сом киреше алып келген “Витязь” пансионаты да Маданият, маалымат жана туризм министрлигине өткөрүлүп берилген соң, чыгашалуу болуп калды. Жеке секторду активдүү ишке тартып, башкалар менен катар тийиштүү механизмдерди жана чечим долбоорлорун иштеп чыгуу аркылуу мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү, ошондой эле ишке болгон мамилени өзгөртүү керек», — деген Новиков.

Пансионаттарга байланыштуу чыр-чатактар

«Витязь» пансионаты мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген. 2010-жылы пансионат улутташтырылып, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун балансында болгон. 2017-жылы ал Маданият министрлигине өткөрүлгөн.

Витязь. Сүрөт: Айбек Кулчуманов / Азаттык 

Реконструкция боло турган объектилердин тизмесине башка жаңжалдарда аты аталган дагы төрт пансионат кирди. Алар — «Бостери» (Мурдагы Алтын жээк). «Алтын-Жай» (Мурдагы «Рохат-НБУ»), «Энесай» (мурдагы «Дилором») жана «Бустон».

2016-жылы өкмөт өзбек мамкомпанияларына таандык болгон бул пансионаттарды улутташтырган. Бирок Өзбекстан эл аралык арбитраждык сотко доо арыз менен кайрылган.

Бир жылдан кийин Кыргызстан аларды кайра Өзбекстанга өткөрүп берүү чечимин чыгарган — алар совет мезгилинде Өзбекстандын ССРнин каражатына курулган жана 1992-жылдагы келишим боюнча Өзбекстанга таандык болгон.

Өкмөттүн ошол кезде айтканы боюнча, мындай чечим эки өлкөнүн ортосундагы түбөлүк достук келишиминин алкагында чыгарылган, ага ылайык жогоруда айтылган аймактар Өзбекстандын убактылуу колдонуусуна берүү боюнча макулдашуу даярдалган. Өзбек тарап пансионаттардагы шарттарды үч жана төрт жылдыздуу мейманканалардын деңгээлине чейин жакшыртууга, кыргызстандыктарды жумуш менен камсыз кылууга милдеттүү болгон.

Бирок 2019-жылы майда өкмөт Өзбекстан менен келишимге кол коюлбай калганын билдирген. Маммүлктү башкаруу фондусунун маалыматына караганда, пансионаттарды «Мүлк» мамишканасы башкарат.

2020-жылдын февраль айынын башында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду санаторийлерди жеке инвесторлорго берүү ниетин билдирген. Мекеменин планы боюнча, үч пансионат жеке ишкерлердин колуна пайдалануу үчүн гана берилмек, «санаторийлердин өздөрү мамлекеттин гана менчигинде калат» деп айтылган. Фонд мындай кадамын пансионаттарды абалы өтө начар болуп кеткени менен түшүндүргөн.

Бирок, 2016-жылга чейин аталган пансионаттарга ээлик кылып жүргөн өзбек мамкомпаниялары каршы чыккан. Алар «пансионаттарды сатууга караманча каршы экенин» билдирип биргелешкен билдирүү тараткан.

Башкы бетте «Аврора» пансионатынын сүрөтү.