Ош шаары. Сүрөт: Дастан Үмөтбай уулу / Azattyk.kg

2020-жыл оңой болгон жок. COVID-19 пандемиясы бардык өлкөлөрдүн экономикасына сокку урду, алардын арасында Кыргызстан да бар.

Өлкөдө негизги азыктар катаал карантин алынгандан кийин кымбаттап баштаган. Мисалы, коронавирусту алдын алууга жардам берет делген лимон жана сарымсакка болгон баа апрелде кескин көтөрүлгөн, ал эми уй эти августта, жумуртка, күнкарама майы жана кумшекер сентябрда кымбаттаган.

Экономика боюнча эксперт Нүргүл Акимова, баалардын өскөнүнүн бирден-бир себеби азык-түлүктөрдүн таңкыстыгы (дефицит) деди. Мындай абал айрым азыктар өлкөнүн ичинде суроо-талап болгону менен экспортко кеткенде жаралат. Мындан сырткары, 2020-жылы Кыргызстанга импорттолгон товарлардын көлөмү 26,2 пайызга кыскарган. Акимова таңкыстыкты жоюу үчүн өндүрүштүк базаны кеңейтүү керек деп эсептейт.

Кандай азыктарга баа дагы деле өсүүдө?

Кыргызстанда 2020-жылы керектөө бааларынын индекси* акыркы беш жылга караганда эң жогору болгон. Ал эми өлкөдө товар жана кызматтарга болгон баа 9,7%га көтөрүлгөн.

«Элибиз жакыр, ошондуктан кирешенин көпчүлүгүн тамак-ашка коротот. Ошондуктан азык-түлүк инфляциясы көбүрөөк таасир этет. Мындан тышкары, жалпы эле экономика өспөй жатат. Маяна көтөрүлгөн жок, адамдар бай жашай албайт. Күйүүчү май да кымбаттап жатат, демек импорттолгон товарларга болгон баа дагы өсөт. Мунун баары жакырчылыктын деңгээлине таасир этет», — деп түшүндүрдү экономика боюнча эксперт Денис Бердаков.

*Керектөө бааларынын индекси — белгилүү бир мезгилдин ичинде товарлардын жана кызматтардын бааларынын орточо деңгээлин өлчөө үчүн экономикада ойлонуп табылган индекстердин түрү.

*Инфляция — узак убакытка товар жана кызматтардын бааларынын жалпы деңгээлде өсүшү. Инфляцияда белгилүү бир суммадагы акчага убакыттын өтүшү менен аз санда товар жана кызмат сатып алууга болот. Тагыраагы акча кунун жоготту.

Чынында уй этинин баасы 2020-жылы январда өткөн жылдын ушул эле айына салыштырмалуу 64 сомго кымбат. Күнкарама майына болгон баа 45 сомго, кумшекер 10 сомго, жумуртка 20 сомго өскөн.

Улуттук статистика комитети берген маалыматтарга таянсак, айрым азыктардын баасы түшүп жатат. Мисалы, тоок эти (окорочка) 12 сомго, капуста 5 сомго, алма 11 сомго арзандаган. Эгерде сатып алуучу булардан килограммдан сатып алганда 212 сом коротот. Чыныгы киреше* азайып, жакырчылык деңгээли жогорулаган абалда капчык бир топ эле жукарат. Дүйнөлүк банктын божомолунда 2020-жылы Кыргызстандын жашоочуларынын 31%ы жакыр жашаган.

*Чыныгы киреше — эсептей келгенде инфляция эске алынган жеке жактын, топтун же өлкөнүн кирешеси.

Өкмөт кымбатчылыкты токтото албайт

Былтыры ноябрь айынында Айыл чарба министрлиги айыл чарба продукцияларынын айрым түрлөрүн экспорттоого алты айга тыюу салган. Ага кой-эчки жана бодо мал, кумшекер, өсүмдүк майы жана ун да кошулган.

Февраль айында жаңы өкмөт башчы Улукбек Марипов эң керектүү айыл чарба товарларга жана азык-түлүккө болгон бааны туруктуу кармоону 100 күндүк планына киргизген.

5-мартта Экономика жана финансы министрлиги үч соода түйүнү өсүмдүк май, нан, ун жана кумшекердин баасын кымбаттатпайт деп билдирди.

Бирок кыргыз өкмөтүнүн азык-түлүк бааларын туруктуу кармоо аракетине карабастан, баалар баары бир кымбаттайт, жакырчылык өсөт. Пандемия бүтө элек, ал эми Кыргызстандын экономикасын жандантуу үчүн жылдар өтүшү керек.

Авторлору: Айбике Адилет кызы, Дастан Үмөтбай уулу, Элвира Султанмурат кызы

Дата-редактор: Чолпон Узакбаева

Бул материал Дүйнөлүк Банк жана IDEM менен биргеликте Кыргыз Республикасында USAIDдин колдоосу менен ишке ашырылган «Кыргызстандагы Интерньюс» «Медиа-К» долбоорунун дата-журналистика программасынын стипендиаттары тарабынан түзүлдү.

Программанын ментору — Андрей Дорожный. Материалдагы ой-пикирлер жана тыянактар сөзсүз эле «Интерньюстун» жана анын өнөктөштөрүнүн көз-карашын чагылдырбайт.