УКМК Чүй районунун тергөөчүсүн 2 миң АКШ долларын опузалоого шектеп кармады

Чүй районунун тергөөчүсүн кармоо, Токмок шаары, сүрөт: УКМКнын басма сөз борбору

18-мартта УКМК тарабынан Токмок шаарында 40 миң сом пара алып жаткан тергөөчү кармалды. Ал Чүй РИИБнин кызматкери экени аныкталды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Коопсуздук комитетинин маалыматына караганда, шектүү жергиликтүү тургундан алдамчылыкка байланышкан кылмыш ишинде сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн 2 миң АКШ долларын опузалаган. Аталган факты «Пара талап кылуу» беренеси менен КЖБРде катталды.

Кармалган тергөөчү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.