Сутка ичинде 68 адамдан COVID-19 аныкталып, эки бейтап каза болду

Акыркы суткада COVID-19 жуктурган эки адам көз жумду. Эки учур тең Бишкек шаарында катталды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына таянсак, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда 1 490 адам коронавирустан каза тапкан.

Ошондой эле, штабдан билдиришкендей, сутка ичинде коронавирус жуктуруунун 68 жаңы учуру катталган. Ооруга чалдыккандардын көпчүлүгү борбор калаанын жашоочулары.

  • Бишкек — 45;
  • Чүй облусу — 12;
  • Ысык-Көл облусу — 6;
  • Ош — 4;
  • Жалал-Абад облусу — 1.

Штабдын маалыматына ылайык, пандемия башталгандан бери коронавирус жуктуруунун 87 389 учуру катталган.

Андан тышкары штаб сутка ичинде 55 бейтап оорудан айыгып, ооруканадан чыгарылганын кошумчалады. Жалпы өлкө боюнча пандемия башталгандан бери 84 185 адам COVID-19 илдетинен жана пневмония дартынан айыгып чыккан.

Республикалык штаб белгилегендей, 21-мартка карата Кыргызстанда коронавирус жуктуруп, ооруканада дарыланып жаткандардын саны 410ду түзөт, анын ичинен 113 адамдын абалы оор. Ал эми 19 адамдын абалы өтө оор деп бааланууда. Дагы 361 бейтап үй шартында дарыланууда.

Медиктер арасында COVID-19га кабылган эки учур катталды. Алардын бири Бишкек шаарында жуктурса, экинчиси — Чүй облусунда. Пандемия башталгандан бери COVID-19 4 219 медиктен аныкталган, алардын 4195и айыгып чыккан.