Жогорку соттун судьясы 70 млн сом төлөп үй камагына чыкты — УКМК

Биринчи май райсоту 20-мартта Жогорку соттун судьясы Камил Осмоналиевдин баш коргоо чарасын эч жакка кетпөө тил катына өзгөрттү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Осмоналиев 2020-жылдын декабрь айында мыйзамсыз баюууга шектелип кармалган. Ага карата Улуттук коопсуздук комитетинин ТИЗОсуна камакка алуу чечими чыккан болчу.

«Тергөө учурунда Осмоналиев күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, мамлекеттин кирешесине 70 миллион сом кайтарып берди», — деп айтылат маалыматта.

УКМКнын маалыматына караганда, тергөө учурунда судьяга таандык делген мүлктөр аныкталган. Алардын баасы судьянын расмий кирешесинен 114 млн сомго ашып түшкөн. Комитеттен белгилешкендей, калган 44 млн сомду Осмоналиев үч ай ичинде төгүп берүүгө милдеттүү.

УКМК кызматкерлери судьяны 2020-жылдын декабрь айында кармаган. Анда Бишкектин Биринчи май райондук соту Осмоналиевди Коопсуздук комитетинин ТИЗОсуна камакка алган.

УКМК судья өзүнүн жеке кызыкчылыктарын ишке ашырып, киреше булактары жок болсо да көптөгөн кыймылсыз мүлктөрдү сатып алганын аныктаган.

Алардын арасында VIP-шаарчадагы элиталык кыймылсыз мүлктөр, алдыңкы курулуш компанияларынан батирлер, Ысык-Көлдүн жээгиндеги престиждүү пансионаттардан коттедждер, соода борборлорунда коммерциялык объектилер жана люкс-класстагы автоунаалар бар.

Мындан сырткары, судьянын жакындары Бириккен Араб Эмираттарына, Түркияга жана Америка Кошмо Штаттарынын курорттук аймактарына байма-бай каттап турганы аныкталган.

«О.К.Т. мыйзамсыз тапкан кыймылсыз мүлктөрүнүн изин жашыруу максатында тиешелүү органдарда атуулдук-укуктук келишимдерди жүргүзгөндүгүн каттабай, айрым учурларда керектүү сатык келишимдерин башка, киреше булактары жок болгон жарандарга каттатып келген», — деп билдирген УКМК.

Ошондой эле, ведомствонун маалыматына ылайык, судья Осмоналиев коммерциялык уюмдардын бирине биргелешип ишкердик жүргүзүү үчүн декларациясына кирбеген 150 миң доллар берген.

Андан тышкары Жогорку соттун судьясына Максим Бакиевдин үй-бүлөсүнө тиешелүү мүлктүн бир бөлүгүн улутташтыруу боюнча Убактылуу өкмөттүн декретин жокко чыгарып, «мамлекеттик казынага көп миллиондогон чыгым келтирген» деген айып тагылган.

УКМК Осмоналиев мындай чечим кабыл алгандыгы үчүн улутташтырууга жаткан мүлктүн бир бөлүгүн сый акы катары өзүнө алган деп шектеп жатат.

14-декабрда Соттер кеңешинин дисциплинардык комиссиясы Башкы прокуратуранын судьяны кылмыш жоопкерчилигине тартуу өтүнүчүн канааттандырган.

Кийин Temirov Live каналынын журналисттери Жогорку соттун судьясы Камил Осмоналиевдин мүлктөрү тууралуу чакан иликтөө жарыялашкан. Анда УКМК судьянын баасы 950 миң доллар турган хансарайын камактан чыгарганы айтылган.