Бажы кызматы Абхазиядан келген унааларды сатып албоого чакырды

Иллюстративдик сүрөт

Мамлекеттик бажы кызматы Абхазия республикасында каттоодо туруп Кыргызстанга алынып келинген унааларды сатып албоого чакырды.

Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, аталган унаалар ЕАЭБдин товары болуп эсептелбейт. Бирок өлкөнүн аймагында убактылуу гана пайдаланса болот. Мындан улам бажы кызматы ЖКККБ менен биргеликте Абхазиядан келген унаалардын декларациясын текшерүү үчүн рейд жүргүзүүдө.

«Абхазиядан убактылуу алып келинген унаалар ишеним кат менен гана пайдаланууга жатат. Ал унааларды Кыргызстандын аймагына алып келип, бажы каттоосунан өткөрбөй туруп, эксплуатациялоо мыйзамсыз», — деп жазылат бажы кызматынын билдирүүсүндө.

Маалыматка ылайык, Абхазиянын унааларын айдап жүргөн кыргызстандыктардан текшерүү учурунда убактылуу пайдалануу тууралуу бажы декларациясы талап кылынат. Декларациясы жок же пайдалануу мөөнөтү өткөн унаалар камакка алынат.

Учурда рейддин алкагында 10го жакын унаа камакка алынган. Ал эми 19-мартта Абхазиядан келген унаалардын айдоочулары Бишкек шаарында митингге чыгышкан. Чогулган 50дөй киши бийликтен унааларын каттоого алууну талап кылышкан.

Кыргызстан 2015-жылы ЕАЭБге мүчө болгондон бери өлкөгө оң рулдуу унааларды алып келүүгө тыюу салган. Анткен менен унааларды сырттан коррупциялык элементтер менен алып кирүү аракеттери катталган.