Ош шаарында «Сантерра-Юг» коомдук фонду 20-мартта Даун синдрому бар балдар үчүн ресурстук борбор ачты. Ал 1-апрелден тарта иштей баштайт.
Ачылышка калаа башчысы Таалайбек Сарыбашов да катышып, мэрия борборго 144 миң сом каражат бөлдү.
Ошондой эле Сарыбашов борбордун мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу үчүн кеткен чыгымдарынын баары мэриянын колдоосунда боло турганын убадалады.
«Борбор ачылганга чейин фонддун өкүлдөрү менен жеке жолугуштум. Мэрия тараптан колдоо болуп турат. Кыштын камын жазда көр демекчи борбордун жылуулугун борбордук системага кошуу боюнча тапшырма берилди. Жакынкы күндө ишке ашат», — деди ал.
«Сантерра-Юг» фондунун жетекчиси Жылдыз Туратбекова борборду ачуунун негизги максаты — балдарды коомго аралаштырууга, алардын келечекте өз ордун табууга өбөлгө түзүү.
Туратбекованын өзүнүн уулу Даун синдрому менен төрөлгөн. Эне Даун синдромун алып жүргөн балдардын ата-энелерине колдоо көрсөтүп, синдром тууралуу коомдо калыптанган стреотиптерди жокко чыгарууну көздөйт.
«Бул ресурстук күндүзгү окуу борбору деп аталат. Балдар өнүгүүсүнө карап тайпаларга бөлүнүп, мектепке чейинки даярдоо, өзүн-өзү тейлөө үйрөтүлөт. Атайын даун синдрому бар балдар үчүн иштелип чыккан программа аркылуу окутабыз», — деди ал.
Мындан сырткары Туратбекова борборду ата-энелер өздөрү ортодо каржылаарын белгиледи.
«Ата-энелер кимдин колунан кандай жардам келсе ортодо чогултабыз. Эмерек, керектүү буюмдарды да өзүбүз алып, ижарага алган имараттын ремонтуна өзүбүз акча чогулттук. Ал эми ачылыш болгондон кийин шаардын мэри имараттын бир жылдык ижара акысын төлөп берүү үчүн каражат берди», — деди ал.
Даун синдрому деген эмне?
Адамдын ар бир клеткасында 23 жуптан турган 46 хромосом болот. Алардын жарымы — энесинен берилген, экинчи жарымы атасынан берилген генетикалык коддолгон маалымат болуп саналат.
Ал эми Даун синдрому бар адамдардын клеткалары бөлүнүшүндө хромосомунун 21-жубуна дагы бир кошумча хромосом кошулуп, 46 эмес 47 хромосом болот.
Даун синдрому менен балдар бардык эле кылымдарда төрөлүп келген, бирок бул синдром тууралуу англиялык дарыгер Джон Лэнгдон Даун 1866-жылы биринчилерден болуп так маалымат берилген. Ошонун натыйжасында аталган синдром Даундун фамилиясында аталып калган.
Бул түшүнүксүз процесс эмнеге байланыштуу пайда болоору тууралуу окумуштуулар али күнгө чейин так жооп табыша элек.
Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун маалымат боюнча дүйнөдө жылына ар бир 700-800-наристе «Даун синдрому» менен төрөлөт.
Дарыгерлер «наристенин денесиндеги ашыкча хромосом үчүн эч кимдин, анын ичинде ата-энесинин да күнөөсү жок» деп эсептешет.