2005-жылы болгон элдик революция күнүнө карата президент Садыр Жапаров кайрылуу жасады. Өлкө башчысы 2005-жылдын 24-март «окуялары эгемен Кыргызстандын тарыхындагы эң орчундуу окуя катары эсте калганын» белгиледи.
«Бийликке нааразы болгон жарандарыбыз ошол күнү өлкөнүн бардык булуң-бурчунан агылып келип, ордо калаабыздын тургундары менен чогуу парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну, президенттин бийликтен кетүүсүн талап кылышты.
Кыргыз элинин бул күнү революцияга белсенип чыгуусуна бир катар терс көрүнүштөр, атап айтканда, адилетсиз бийлик менен мыйзамсыздыктын, үй-бүлөлүк башкаруунун орнотулушу менен жеке кызыкчылыктын мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору коюлушу себеп болду. Кыргыз эли — байыртадан эле эрки күчтүү, кайраттуу, адилетсиздикке эгерим моюн сунбаган эл», — деп айтылат кайрылууда.
Президент өлкөдө туруктуулук үстөм болуп, мыйзамдар аткарылып турса, «мамлекет сөзсүз өнүгүү жолуна түшөт» деп белгиледи.«Ал үчүн жарандарыбыз жапа тырмак аракеттенип, алган багытыбыздан тайбайлы», — деп билдирди президент кайрылуусунда.
«Жоогазын революциясы»
2005-жылдагы революцияда бийлик эгемендүү Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу күч менен алмаштырылып, анын негизинде туңгуч президент Аскар Акаев тактан кулатылган.
Анда миңдеген кыргызстандыктар Акаевдердин үй-бүлөлүк-кландык режимине каршы наарызылыгын билдирип чыгышкан. Элдин көтөрүлүшүнө эл аралык байкоочулар тарабынан жасалмаланган деп таанылган парламенттик шайлоонун жыйынтыктары себеп болгон. Бийликчил «Алга, Кыргызстан» партиясы анда добуштардын эң көбүн алган. Мунун натыйжасында, 15 жыл өлкөнү башкарган Аскар Акаев үй-бүлөсү менен Орусияга качкан.
24-март окуясы Бишкек боюнча талоончулук жана мародёрчулук менен коштолгон. Демонстранттар Ак үйдөн колуна эмне тийсе, ошонун баарын чыгарып кеттишкен. Ал эми талоончулук Бишкекте түнү бою уланган: кылмышкерлер ондогон дүкөн, соода борборлорун жана интернет клубдарды тоноп, өрттөп кетишкен. Кийинчерээк бийлик мародёрлордун жоругу үчүн шаардыктардан кечирим суроого аргасыз болгон.
Акаевдин ордуна Курманбек Бакиев келген, ал да беш жылдан кийин ошондой эле жол менен 2010-жылдагы апрель ыңкылабынын натыйжасында бийликтен кулатылган. Бакиев Беларуска качкан.
Майрамбы же мародёрлор күнүбү?
Кыргызстанда 24-март 2008-жылдан баштап эс алуу «кызыл» күн деп эсептелчү. Бирок кыргызстандыктардын баары эле бул күндү майрам деп атабайт, айрымдар 24-март — «мародёрлор күнү» деген пикирди карманышат.
2012-жылы Жогорку Кеңеш 24-мартты майрамдык күндөр тизмесинен чийип салган. Бул окуяларды расмий түрдө белгилөөнүн жокко чыгарылышын талап кылгандардын бири депутат Дастан Бекешев болгон.
Анда ал 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин 24-март окуясы актуалдыгын жоготкон деп белгилеген.
«7-апрелден кийин 24-мартты майрам катары белгилүү туура эмес болуп калмак. 7-апрель деле жылнааманын “кызыл” күнү эместигин да унутпоо керек, анын зарылчылыгы жок эле», — деп айткан депутат.