Бостондогу теракт: АКШ Царнаевди өлүм жазасына тартуу өкүмүн кайра карайт

АКШнын Жогорку соту 2013-жылы Бостон марафонунда теракт уюштурууга катышкан деп соттолгон Жохар Царнаевдин өлүм жазасын калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгүн кайрадан карайт. Бул тууралуу АКШнын жалпыга маалымдоо каражаттары маалымдады. Жогорку Сотко чейинки инстанция сот арачыларын тандоодо калыстык принциби бузулганы үчүн өлүм жазасын жокко чыгарган.

ЖМК тараткан маалымат боюнча, АКШнын Жогорку Соту мурдагы инстанциядагы соттун чечимин жокко чыгарууну талап кылган Юстиция министрилигинин арызын күзүндө карап чыгары божомолдонууда.

Эгер Жогорку Сот мурдагы инстанциянын чечимин жокко чыгара турган болсо, Царнаеви өлүм жазасына тартуу чечими калыбына келтирилиши мүмкүн. Бирок, чечим жокко чыгарылбаган күндө да, Царнаев өмүрүнүн аягына чейин түрмөдө отурат.

Өлүм жазасына тартуу өкүмүн жокко чыгаруу

2020-жылдын 1-августунда АКШнын Биринчи округунун апелляциялык соту Царнаевди өлүм жазасына тартуу өкүмүн жокко чыгарган. Ошол кезде, сот Царнаевге карата чыгарылган өкүмдү кайрадан кароого жиберген, себеби сот процессинин жүрүшүндө сот арачыларын калыс тандоо принциби бузулган болушу мүмкүн.

Ошол эле учурда, сотто Бостон марафонунда уюштурулган теракт боюнча Царнаевдин күнөөсү жокко чыгарылбаганын, өлүм жазасынын ордуна ал өмүр бою түрмөгө кесүү жазасына тартылганын белгилешкен.

АКШнын ошол кездеги президенти Дональд Трамп апелляциялык соттун чечимин сынга алган. Ал өзүнүн твиттерине «бостондук террорист Джохар Царнаевчелик өлүм жазасына татыктуу болгондор сейрек кездешкен» деп жазган.

Бостондогу теракт жана бир тууган Царнаевдер

Жохард Царнаев учурда 28 жашта. Ал үй-бүлөсү менен бирге Кыргызстанда жана Дагестанда жашаган. Царнаевдер АКШга 2002-жылы көчүп барышкан.

2013-жылы 15-апрелде Бостон шаарында өтүп жаткан марафондо колго жасалган эки бомба жарылып, бир тууган ага-ини Тамерлан жана Жохар Царнаевдер негизги шектүү болушкан. Терактта 3 адам ажал таап, 250 адам ар кандай жараат алган.Тамерлан Царнаев колго түшүрүү операциясы маалында атып өлтүрүлгөн. Жохар Царнаев 30 пункт боюнча күнөөлүү деп табылган, алардын 17си аны өлүм жазасына тартууга негиз берген.

12 сот арачыдан турган калыстар тобу бир добуштан «Царнаев өкүнгөндүгүн көрсөткөн жок жана 2013-жылдын апрелинде болгон Бостон марафонундагы терактты уюштурууга катышкандыгы үчүн өлүм жазасына татыктуу» деген чечимге келишкен. Царнаевдин жактоочулары сот отурумдарында анын жардырууну уюштурууга катышканын моюндап, бирок теракт кылууда Жохардын улуу агасы Тамерлан «кыймылдаткыч күч» болгонун айтып көшөргөн.

Ошол эле иш боюнча АКШда Кыргызстандын атуулу Хайрулложон Матановго жалган маалымат берген, далилдерди атайлап жок кылган деген айып тагылган. Массачусетстеги федералдык сот Матановду жалган көрсөтмө бергени үчүн эки жарым жылга эркинен ажыраткан.

Матанов 2010-жылдан баштап Бостондун четиндеги Куинси аймагында жашап жүргөн. Тергөөнүн маалыматына караганда, ал теракт уюштурууга шектелгендердин бири Тамерлан Царнаев менен достук мамиледе болгон.

Джохардын колледждеги үч досу — казакстандык студенттер Диас Кадырбаев менен Азамат Тажаяков, алар менен бирге америкалык Робел Филлипос — сот адилеттигине тоскоол кылгандары үчүн күнөөлүү деп табылышкан.

Диас Кадырбаев 6 жылга эркинен ажыратылган, ал 2018-жылы Казакстанга депортацияланган.

Азамат Тажаяков үч жыл темир тор артында калып, 2016-жылы Казакстанга депортацияланган.