Кыргызстан Камбар-Ата ГЭСин өзү кура албайт — Шыкмаматов

Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин директору Алмамбет Шыкмаматов өкмөттүн Камбар-Ата ГЭСин Өзбекстан менен биргелешип куруу боюнча планына комментарий берди. Бул тууралуу ал 23-мартта «Азаттыктын» эфиринде айтты.

Ал Кыргызстан ГЭСти акыркы 15 жылдан бери кура албай жатканын, себеби өлкөнүн аны өз алдынча курууга мүмкүнчүлүгү жоктугун белгилеп, бул идеяны «утопия» деп атады.

Анын айтымында, президент Садыр Жапаровдун жакын арада Өзбекстанга болгон сапарында ГЭСти биргеликте куруу жөнүндө макулдашуу жетишилген.

«Албетте, бул маселеде биздин мамлекетибиздин кызыкчылыктары бар. Камбар-Атаны салбаш керек, аларга жолобош керек дегендерди мен билем. көбүн тааныйм. Көзү сопсонун жетип турат, бул жакшы долбоор экенин билет. Реалдуу караганда Камбар-Атаны биргелешип салсак жакшы болот. Бир нерсени так гана айтыш керек, башкаруу өзүбүздө болот, өндүрүлгөн жарык бизде болот, менчик биздики болот, алар менен теңи силердики, теңи биздики деген болбойт, алар болгону капитал — акча гана салышат. Биз азыр ал капиталды Кытайдан издеп жатабыз, ал капиталды Орусиядан издеп жатабыз, башка өнүккөн өлкөлөр жолуккулары келбей жатат, а кошуна эл “биз жардам берели” деп жатат» — деп айтты Шыкмаматов.

Анын айтымында, азырынча ГЭСти куруу боюнча расмий макулдашуу түзүлө элек, азырынча тараптар бир гана өз ниеттерин билдиришти.

Камбар-Ата-1

Кыргызстан менен Өзбекстан Нарын дайрасында «Камабар-Ата-1» ГЭСин биргеликте куруу чечимин кабыл алган. Бул чечим Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун коңшу өлкөгө барган сапарынын алкагында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушууда жетишилген.

Жапаров «Азаттыкка» курган маегинде иш башталганын, долбоорду үч жылда бүтүрүү пландалып жатканын билдирген.

«Толук кандуу ишке ашат. 30 жылдан бери кура албай келатабыз. Кудай буюрса үч жылда куруп бүтөбүз деп турабыз», — деген Садыр Жапаров.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев да бул темага кайрылып, «суу жана энергетиканы колдонуу тармагында биргеликте кызматташуу даярдыгы» бышыкталганын билдирген.

«Биздин компаниялар Кыргызстандагы гидроэнергетикалык объектилерди куруу жана чогуу иштетүү жөнүндө долбоорлорду бирге иштеп жатышат. Бул өтө олуттуу, ири долбоорлор болот. Биз бул жөнүндө меморандумга эмес, биринчи жолу макулдашууга бардык. Бул биздин келишимдердин реалдуу далили болуп саналат. Эми биз бул иштер боюнча элибиздин алдында отчёт берип турушубуз керек», — деген ал.

Жапаровдун 11-12-мартта Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында 22 документке кол коюлган, документтин экөөсү энергетика тармагына тиешелүү: эки өлкөнүн Энергетика министрликтеринин ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу жана Кыргызстандын энергетика жана өнөр жай министринин, Өзбекстанстандын суу чарба министринин жана Өзбекстандын энергетика министринин электр энергиясын бири-бирине берүү боюнча протокол.

Атамбаев менен макулдашуу

Тараптар Кыргызстанда биргелешип ГЭС куруу боюнча мурда да макулдадышкан.2017-жылы Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга болгон алгачкы сапарында Өзбекстан Кыргызстанга Камбар-Ата ГЭСин курууда жардам берерин айткан.

Анын айтымында, Кыргызстан менен Өзбекстан суу маселелери жана Камбар-Ата ГЭСи боюнча «олуттуу түрдө келишишкен».

«[Кыргызстандын президенти] Алмазбек Шаршенович бир дагы станция Өзбекстандын катышуусусуз курулбастыгын айтты. Мен толугу менен макулмун, биз каржылоо боюнча эң жигердүү катышабыз, Камбар-Ата ГЭСин чогуу курабыз, анткени ал бизге керек. Бул эки өлкө үчүн пайдалуу», — деп билдирген ал.

Өзбекстандын маркум мурдагы президенти Ислам Каримов Кыргызстандын аймагында ГЭС курууга каршы чыгып келген. Каримов бул Өзбекстанда жана Борбор Азия чөлкөмүндө суунун тартыштыгына алып келет деп эсептеген.

Каримов чөлкөмдөгү суу маселеси «ушунчалык деңгээлге чейин чыңалып, бир гана тирешүүгө алып келбестен, согуш дагы чыгып кетиши мүмкүн» деп билдирген.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы суу боюнча талаш-тартыштар Советтер биримдиги тарагандан кийин башталган, анткени Борбор Азия чөлкөмүндөгү өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын эске алган бирдиктүү суу-энергетикалык комплекс иштебей калган.

Кыргызстандын аймагындагы дайралардын башында суу ресурстарынын көлөмү абдан чоң. Ал эми дайра агымынын ылдый жагында суу жетишпеген Өзбекстан бар.

Кыргызстан негизинен сууну ГЭСтерде электр энергиясын өндүрүү үчүн колдонот, ошон үчүн кышкысын суу коё берилет. Жайкысын өлкө суу ресурстарын кышкы жылытуу сезонуна карата чогултат. Бирок Өзбекстанда суу дал ошол жайкысын жерлерди сугаруу үчүн керектелет.