Мыйзамдарды инвентаризациялоо боюнча эксперттик топ түзүлдү. Ал эмне иш кылат?

Мыйзамдарды инвентаризациялоо боюнча эксперттик топтун мүчөлөрү, сүрөт: Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы

Премьер-министр Улукбек Марипов 10-мартта Мыйзамдарга инвентаризация жүргүзүү боюнча ведомстволор аралык эксперттик топ түзүү жөнүндө буйрукка кол койду. Эксперттик топтун өзү президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен түзүлгөн, өлкө башчысы жарлыкка 8-февралда кол койгон.

Эксперттик топ эмне иш аткарат?

Ал укук тармактары боюнча Кыргызстандын кабыл алынган концепцияларынын, стратегияларынын, программаларынын жана мыйзамдарынын Конституцияга шайкеш келүүсүнө инвентаризация жүргүзөт.

Аны менен бирге эксперттик топ алардын «социалдык адилеттүүлүк, максатка ылайыктуулук жана натыйжалуулук, укуктагы ички карама-каршылыктарды жана боштуктарды жоюу принциптерине шайкеш келүүсүнө» текшерет.

*Премьер-министр кол койгон буйрукта эксперттик топ канча убакыт иштеп берери айтылган эмес. Бирок президенттин жарлыгында ведомстволор аралык топ 2021-жылдын 31-декабрына чейин иштеп берери көрсөтүлөт. Тактап айтканда, аталган топ ишин 11-апрелде өтө турган референдумдун жыйынтыгына карабастан улантат.

Эксперттик топ ишинин аягында өкмөттүк аппаратка аныкталган дал келбестиктерди жоюуга багытталган сунуштарын бериши керек.

Мындан тышкары, ведомстволор аралык эксперттик топ үч айлык мөөнөттө президенттик аппаратка эгерде мыйзамдар Конституцияга шайкеш келбесе алардын бардыгынын колдонулушун токтотууну шарттаган мыйзам долбоорун киргизет. Эксперттик топ конституциялык мыйзамдарды, кодекстерди жана эл аралык келишимдерди ратификациялоо жөнүндө мыйзамдарына тийишпейт.

Андан соң өлкөнүн мыйзамдарын эмне кылышат?

Андан соң топ алты айдын ичинде талаптарга жооп берген жана укуктук боштуктары жок жаңы мыйзамдарды кабыл алуу жана күчүнө киргизүү жөнүндө сунуштарды иштеп чыгышы керек. Ошол эле кезде эксперттик топ маморгандардын да пикирин эске алышы керек.

Эксперттик топ кийинки кадамы менен «Ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамдын долбоорун иштеп чыгат. Жаңы долбоордо мыйзамдардын жана алардын алкагында кабыл алынган ченемдик укуктук актылардын колдонулушун токтотуунун жөнөкөйлөштүрүлгөн механизми жазылат.

Жарлыктын аткарылышын көзөмөлдөө президенттин аппаратынын укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнө жүктөлөт.

*Контекст: 11-апрелде өлкөдө жергиликтүү кеңештерге шайлоолор, аны менен бирге 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоодон кийин башталган саясий кризистин кесепети болуп калган Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өтөт.

Буга чейин 10-январда болуп өткөн референдумда шайлоочулар президенттик башкаруу формасын тандашкан. Эгерде 11-апрелде шайлоочулар өлкөнүн негизги мыйзамын өзгөртүү үчүн добуш беришсе, анда мыйзамдардын көпчүлүк бөлүгүн жаңы Конституцияга шайкеш келтирүүгө туура келип калат.

Дагы караңыз:

Юрист Венеция комиссиясынын корутундусун ГЭС куруунун мисалында түшүндүрдү