Депутат Марлен Маматалиев 25-мартта «Коопсуз шаар» долбоору боюнча айыппулдун өлчөмүн азайтууну сунуштады. Ал өлкө экономикалык абал кыйын болуп жаткандыктан ушундай кылуу керек деп эсептейт.
«Эл кыйналып жатат, керек болсо дүкөндөрдө карызга батып, кезекке туруп, жөнөкөй эле жашоо-турмушу кыйын болуп кетти. Мына ушундай учурда “Коопсуз шаар” ашыкча кыжырды келтирет. Долбоор өзүн актады деп ойлоп жатам. Эң негизги биздин максат — биз ошол эреже сактоо тартибин орноттук да. Эми азыр убакыт келди, учур келди деп ойлойм, штрафтарды азайталы. Эгерде макулдугуңарды берсеңер, мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизели», — деп кайрылды депутат өкмөттүн парламенттеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абыловго.
Маматалиев штрафтарды мас болуп айдагандар үчүн эмес, «башка категориялар» үчүн азайтууну сунуштап жатканын белгиледи.
Анын пикиринде, «Коопсуз шаар» боюнча туумду алып салуу керек.
«Адам ансыз деле кыйналып, араң ошону төлөйм деп келсе туумду эки эсе очойтуп кошуп коюп жатышат. Бул эмне банк беле, каржылык уюм беле туум кошуп бергидей? Ансыз деле баягы билдирмени өз убагында бербейт, жок дегенде смс менен билдирме бере тургандай болсо мейли эле, эл аны түшүнмөк. Анан каты бир айдан кийин барып жатса, бир ай өтүп кеткенден кийин кайра туум келип жатса, ошондуктан азыр бул өтө кыжырданткан нерсе болуп жатат», — деди ал.
Буга чейин башка эл өкүлү Шайлообек Атазов да «Коопсуз шаар» боюнча штрафтардын өлчөмү чоң болуп жатканын айткан. Ал мунун айынан коомдо нааразылык күчөп жатканын белгилеген.
«Эл штраф чоң экенин айтып кайрылып жатат. Туумдары дагы бар экен. Эгерде эртең миңдеген айдоочу аянтка чыга турган болсо, чоң маселе жаралат. Штрафтар айлыкка жараша болсо жакшы болмок», — деген ал 24-мартта парламенттин жыйынында.
Анда ИИМ башчысынын орун басары Мирлан Каниметов өкмөттө айыптын айрым түрлөрүнүн өлчөмүн азайтуу боюнча жумушчу топ түзүлгөнүн билдирген.
«Коопсуз шаар»
Жол кыймыл эрежелерин бузууну каттаган жана аны алдын алган «Коопсуз шаар» системасы толук кандуу 2019-жылдын 4-мартынан тартып иштей баштаган. Ал Бишкек шаарынын көчөлөрүндө жана Чүй облусундагы эл аралык мааниге ээ авто жолдордо автоунаа кыймылдарын күнү-түнү каттап жана кылмыштардын бетин ачууга багытталган.
«Коопсуз шаар» — мамлекеттик «Таза коом» программасынын «Акылдуу шаар» долбоорунун бир бөлүгү. Бийликтин идеясы боюнча «Акылдуу шаардын» ишке кириши менен кыргызстандыктардын коопсуздугу жогорулап, ал эми мамлекеттик кызматтардын бир бөлүгүн онлайн алса болот.
2020-жылдын августунда Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети (МТБМК) Кыргызстанда «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабы башталганын, ал өлкөнү толук камтый турганын маалымдаган.
«“Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабы 7 облусту, республикалык маанидеги 2 шаарды, облустук жана райондук маанидеги 15 шаарды жана 73 калктуу конушту камтыйт», — деп билдиришкен мамлекеттик комитеттен.
Жалпысынан бийлик 306 түйүндү аппараттык-программалык комплекстер менен жабдууну пландоодо. Алардын ичинен 266сы стационардык жана 40 көчмө түйүн. Мындан тышкары, ар кайсы түрдөгү үч миңден ашуун камераларды орнотуу пландалууда.
«Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи баскычын ишке ашыруу боюнча тендерди 2019-жылы «Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd» кытайлык компаниясы утуп алган. Ал долбоорду ишке ашырууга эң төмөн баа сунуштаган — 2 млрд 655 млн сом.
Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltdнын расмий сайтында айтылгандай, кытайлык инновациялык компания билим берүүдө, медицинада жана башка тармактарда жогорку технологиялык долбоорлорду ишке ашырат. Ал 1997-жылы негизделген. Reutersтин маалыматы боюнча, компания Шэньчжэнь фонд биржасына 2010-жылы катталган.
Компания өзүн акылдуу шаар жаатында Кытайдагы жасалма жана интеллектуалдык жабдууларды өндүрүүчү алдыңкы ишкана катары көрсөтөт.