Коронавирустун жаңы 100 учуру катталып, 62 киши айыкты

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 26-мартта өлкөдө коронавирустун 100 жаңы учуру катталганын маалымдады. Оорунун эң көп жаңы учурлары Чүй облусунда жана Бишкек шаарында катталды — 46 жана 45.

Ошондой эле Ысык-Көл облусунда беш, Ош облусунда эки, Жалал-Абад жана Баткен облустарында бирден кишиден COVID-19 илдети аныкталды.

Акыркы суткада коронавирустан 62 бейтап айыкты. Оорудан Бишкек шаарында — 36, Чүй облусунда — 23, Ош шаарында эки жана Нарын облусунда бир бейтап айыкты.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 87 858ге жетти. Алардын ичинен 84 469 бейтап айыгып, 1 494 киши көз жумду.

Бүгүнкү күндө илдеттен 505 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат — алардын ичинен 19 киши өтө оор абалда. Ошондой эле, 446 адам үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.