Жогорку Кеңештин бир топ депутаттары 25-мартта өткөн жыйында шайлоо жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгеледи. Депутаттар шайлоону партиялык тизме аркылуу эмес, преференциялык система менен өткөрүүнү сунуштады.
*Преференциялык шайлоо системасында шайлоочу партияга жана анын тизмесиндеги белгилүү бир талапкерди тандап алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Бул ыкма менен партия жана анын тизмесинде эң көп добуш алган талапкер парламентке өтө алат. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда шайлоо партиялык тизме аркылуу өтөт — анда жетиштүү добуш алган партиянын тизмесинде биринчи болуп турган талапкерлер Жогорку Кеңешке өтөт.
Демилгечилердин бири «Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов өткөн жылы болгон саясий кризистин келишине шайлоочулардын белгилүү бир талапкерге добуш берүү мүмкүнчүлүгү жоктугу себеп болгон деп эсептейт. Сулайманов демилгечилер пропорциялык шайлоо системасынын бир түрүнүн башка түрүнө өтүүнү сунуштап жатышканын билдирди.
«Тактап айтканда, партиялык “жабык” тизмеден партиялык “ачык” тизмеге өтүү — преференциялык [система] болуп саналат. Башкача айтканда, шайлоочу партия гана эмес, партиянын ичиндеги талапкерлерин түз шайлай алат [...] Көптөгөн шайлоочулар партиялык “жабык” тизме боюнча пропорциялык шайлоо тутумун жетишерлик деңгээлде демократиялуу эмес деп эсептешет. Себеби партиялык тизмедеги орундарды шайлоочулар эмес, партия же партиянын жетекчилиги чечет. Айрым учурларда мандаттарды бөлүштүрүү партия ичиндеги коррупция менен коштолуп келет», — деди Сулайманов.
Сулайманов учурдагы шайлоо системасы 2007-жылы орнотулганын айтып, «ийгиликтүү жакшы жагы да, терс жагы да» көрүнгөнүн кошумчалады. Ошондой эле, депутат сунушталып жаткан система өнүккөн өлкөлөрдө колдонулуп, «жакшы көрсөткүчтөргө» ээ болгонун билдирди.
Мындан сырткары Сулайманов бул мыйзам долбоорун ишке ашырууда бюджеттен каражат талап кылынбай турганын айтты.
«Ар бир талапкер өзүнүн алган добушуна жараша [мандатка] ээ болот. Эл биздин тизмебизди талдап, талапкерлерди депутат кылат — табигый люстрация жасап берет. Бул жерде [бюллетенде] эки белги болот: партия жана [талапкердин] саны. Боршайкомдун автоматтык эсептөөчү урналары муну эсептей алат, буга бир гана жаңы программа иштеп чыгып киргизсе болду — шайлоону өткөрсөк болот», — деди Сулайманов.
Шайлоо системасына өзгөртүү киргизүүчү мыйзам долбоору 2020-жылдын 6-май күнү коомдук талкууга коюлган. Сулайманов конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитет бул долбоорду жактырганын кабарлады.
Парламенттин жыйынына катышкан Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова сунушталып жаткан мыйзам долбоору прогрессивдүү экенин белгиледи.
«Бизде акыркы заманбап технологиялар пайдаланылат. Андыктан, айтылган сунуштарды ишке ашырууга мүмкүнчүлүгүбүз бар», — деди Шайлдабекова.
Шайлоону преференциялык система менен өткөрүүнү 2019-жылы депутаттар Жанар Акаев, Рыскелди Момбеков жана Исхак Масалиев сунуштаган. Алар 2020-жылы өтө турган парламенттик шайлоону ушул система аркылуу өткөрүүну көздөшкөн.
«Коё турчу, Алтыке»
Депутаттар мыйзам долбоорун талкуулап жатканда сөздү президенттин өкүлү Анарбек Калматов алды. Калматов демилгечи депутаттарга 11-апрелде жаңы Конституцияны кабыл алуу үчүн референдум боло турганын эскертип, шайлоо мыйзамына өзгөртүүлөрдү кийинки отурумдарда кабыл алууну сунуштады.
*Референдумда сунушталган Конституцияда депутаттардын санын 120дан 90го кыскартып, аларды аралаш система менен шайлоо көрсөтүлгөн. Жаңы Баш мыйзамда 55 депутат партиялык тизме, ал эми 35 депутат бир мандаттык система менен шайлана турганы айтылууда.
Алтынбек Сулайманов биринчи окууда мыйзам долбоорунун концепциясы гана кабыл алынып, кийинчерээк ал дагы толуктала турганын билдирди.
«Туура, оюңузду түшүндүм. Ошону шашылбай эле, “паровоздун алдында чуркабай эле” ушул отурумдан кийин киргизилсе жакшы болобу деген эле маселе...», — деди Калматов.
Ошондой эле, Калматов президент Садыр Жапаров буга чейин «шайлоо мыйзамдарын өнүктүрүү жөнүндө» жарлыкка кол койгонун айтып, аны сыйлооо керектигин кошумчалады.
«Ким айтты “паровоздун алдында чуркап жатат” деп? [...] Сиз кечирип коюңуз, сиз сөздү башка жакка бурбаңыз. Бул мыйзам 2020-жылы кабыл алынган, эки жума мурда бул жерге кирди. Сиз бул жерде өткөн жума айтпадыңызбы: “Эй, коё турчу Алтыке, мынаны [бүтүрүп алалы], анан...” Азыр [президенттин жарлыгын] сыйлабай жатасыңар [деп жатасыз], ким сыйлабай жатат? Кошоматчылыкты башкача кылыңыз! Андай болбойт», — деди депутат.
Калматов бул жерде «эч ким эчкимге кошоматчылык кылып жатпаганын» айтып, мыйзам долбоорун президенттин жарлыгынан кийин карап чыгууну сунуштаганын билдирди.
Бул кайым айтышууга депутат Мирлан Жээнчороев да кошулуп, Калматовду жеке «эксперттик оюн» эмес, президенттин пикирин гана айтууга чакырды. Калматов Жээнчороевге «мени үйрөтпөңүз» деп жооп берип, Жапаровдун жарлыгы тууралуу сөз кылганын айтты.
«Талант Турдумаматович, мына өзүм билемдик кылганды залдан чыгарып салыш керек. Өзү билемдик болбойт, сыйлап иштесин. Өзүнүн сүйлөгөн сөзүнө жооп бериши керек. Бул жерде “юрист катары оюм бар, мүчүлөштүктөр бар” дегенге бул кишинин укугу жок...», — деп кайрылды Жээнчороев спикер Талант Мамытовго.
«Сиз жакшы укпапсыз, мен айттым “мүчүлүштүктөр жөнүндө депутаттар айтып жатат” дедим мен. Депутаттар айтты, мен ошону сиздерге айттым. Мен жаман мыйзам деп айткан жокмун. Сиз дагы сөзүңүзгө жооп бериңиз. Сөзгө жооп бериш керек. Бул жерден чыгара турган сиз эмессиз. Оозуңузга карап сүйлөңүз, макулбу?!» — деп жооп кайтарды Калматов.
Ал эми депутат жана президенттин өкүлүнүн ортосундагы талкууну спикер Талант Мамытов токтотуп, профилдик комитеттин өкүлү Таабалды Тиллаевдин пикирин сурады. Тиллаев комитет бул мыйзам долбоорун жактырып, биринчи окууда кабыл алууну сунуштаганын билдирди.