Акыркы суткада коронавирустун 88 учуру катталды — анын 55и Бишкекте

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 27-мартта өлкөдө коронавирустун 88 жаңы учуру катталганын маалымдады. Оорунун жуктуруп алгандардын арасында төрт медкызматкер бар.

Коронавирус Бишкек шаарында — 55, Чүй облусунда — 24, Ысык-Көл облусунда беш, Нарын облусунда төрт жана Жалал-Абад облусунда бир кишиден аныкталды.

Акыркы суткада COVID-19дан 68 бейтап айыкты. Оорудан Бишкек шаарында — 36, Чүй облусунда — 27, Ош шаарында жана Нарын облусунда экиден, Ош облусунда бир бейтап айыкты.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 87 946га жетти. Алардын ичинен 84 537 бейтап айыгып, 1 494 киши көз жумду.

Бүгүнкү күндө илдеттен 528 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат — алардын ичинен 20 киши өтө оор абалда. Ошондой эле, 437 адам үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.