Коронавирустан эки киши каза болуп, 71 жаңы учуру катталды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 29-мартта Кыргызстанда коронавирустун 71 жаңы учуру катталганын маалымдады. Оорунун жуктуруп алгандардын арасында төрт медициналык кызматкер бар.

Коронавирус Бишкек шаарында — 53, Чүй облусунда — 11, Ысык-Көл облусунда беш, Жалал-Абад облусунда жана Ош шаарында бирден кишиден аныкталды.

Ошондой эле өткөн суткада COVID-19дан 53 бейтап айыкты. Оорудан Бишкек шаарында — 31, Ош облусунда сегиз, Чүй облусунда жети, Жалал-Абад облусунда беш жана Ош шаарын эки бейтап айыкты.

Мындан сырткары Бишкек шаарында коронавирус жуктурган эки бейтап каза болду.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 88 163кө жетти. Алардын ичинен 84 653 бейтап айыгып, 1 497 киши көз жумду.

Бүгүнкү күндө илдеттен 550 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат — алардын ичинен 23 киши өтө оор абалда. Ошондой эле, 515 адам үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.