Өлкөдө коронавирустун 98 жаңы учуру катталды — жалпы 88 374 учур

Иллюстративдик сүрөт

Саламаттык сактоо жана соцөнүгүү министрлиги 31-мартта Кыргызстанда коронавирустун 98 жаңы учуру катталганын маалымдады.

Жаңы катталган учурлардын эң көбү Бишкек шаарында жана Чүй облусунда катталды — 48 жана 36. Ошондой эле Ысык-Көл облусунда алты, Жалал-Абад облусунда төрт, Ош, Баткен, Нарын облустарында жана Ош шаарында бирден кишиден COVID-19 илдети аныкталды.

Ал эми коронавирустан өткөн суткада 86 бейтап айыкты. Бишкек шаарында — 44, Чүй облусунда — 25, Ысык-Көл облусунда — 13, Ош шаарында эки, Нарын жана Ош облустарында бирден киши оорудан сакайып, ооруканадан чыгарылды.

Ошондой эле COVID-19ду жуктурган бир адам каза болду — ал Бишкек шаарында дарыланып келген.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 88 374кө жетти. Алардын ичинен 84 809 бейтап айыгып, 1 499 киши көз жумду.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.