Жергиликтүү шайлоого барам, бирок референдумга каршымын дегендер үчүн нускама

Кыргызстанда шайлоолордун кезектеги толкуну күтүлүүдө: 11-апрелде, бир күндө жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана Конституцияны алмаштыруу боюнча референдум өтөт.

Элестетип көрөлү: жергиликтүү кеңештерди шайлоодо добуш бергиңиз келет, себеби аны абдан маанилүү деп эсептейсиз, а бирок Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум кыжырыңызды келтирет.

Мисалы, бийликтин азыркы Конституцияны өзгөртүп жатканын — легитимсиз деп эсептейсиз, андыктан аны алмаштыруунун пайдасына добуш бергиңиз келбейт. Мен добуш бербесем, референдумга келгендердин саны 30 пайызга жетпейт жана ал ийгиликтүү өттү деп эсептелбейт деп үмүт кыласыз.

Эгер бул сүрөттөмө позицияңызга төп келсе, анда төмөнкү нускамага көз чаптырыңыз. (Эгерде сиз Конституциянын өзгөртүү керек деген ойдо болсоңуз, албетте ал демилгени колдоого укуктуусуз. Анда, сөздүн ачыгы, бул текстти окууга убакыт коротпой деле коюңуз).

Демек, шайлоо участкасына келип, эки бюллетендин бирөөсүн гана алганга укугум бар, туурабы?

Ооба, дал ошондой! Бул сиздин мыйзамдуу укугуңуз! Эгерде референдум кыжырыңызды келтирип жатса, анда так эле ошондой кылыш керек.

11-апрелде өтө турган шайлоонун тартиби төмөнкүдөй болот. Сиз, адаттагыдай эле шайлоо участкаңызга келесиз, бармагыңыздын изин сканерден өткөрүп, идентификациядан өтөсүз, андан кийин сизге эки дүмүрчөк берилет.

Андан соң сизди дүмүрчөктөрдү бюллетендерге алмаштыруу үчүн участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө барууну суранышат.

Ушул чечүүчү этап! Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө жергиликтүү шайлоонун гана бюллетенин аларыңызды айтыңыз. Ар бир алган бюллетень үчүн кол коюшуңуз керек — колду шайлоонун бюллетени үчүн гана коюп жатканыңызга көңүл буруңуз.

Мен бюллетендин экөөсүн тең алып, бирөөсүн урнага таштап, экинчисин жаныма алып кетип калсам болобу?

Жок, өлкөнүн мыйзамдары бюллетенди алып кетүүгө тыюу салат, анткени ал атайын коргоосу бар шайлоо документи. Андай кылбаңыз.

Бирок, референдумдун бюллетенине алмаштыруу керек болгон дүмүрчөктү жаныңызга алып калсаңыз болот.

Макул, ал эми эгерде референдум үчүн бюллетенди жараксыз кылып туруп урнага салып салсамчы? Ошондой кылсам болобу?

Анда ал референдумдун пайдасы үчүн эсептелип калат. Ошондуктан, эгерде позицияңыз референдумду өткөрбөө болсо, мындай кылган да туура эмес.

Анда жөн гана Конституцияны өзгөртүүгө каршы добуш берип койсо болбойбу?

Албетте, болот, бирок постсоветтик өлкөлөрдөгү референдум тажрыйбасы көрсөткөндөй, «каршы» пункту эч качан жеңген эмес. Жаңы бийлик Конституцияны өзгөртүүгө канчалык жан үрөп жатканын эске алсак — ал тургай депутаттардын бирин референдум жөнүндөгү мыйзамды колдогон добушун алуу үчүн ТИЗОдон бошотушкан — «каршы» пунктунун жеңишине үмүт кылбай эле коюу керек.

Демек бийлик баары бир деле каалаган жыйынтыгын жасап алабы?

Андай болот деп айтыш кыйын. Ооба, бизде бийлик абдан коррупциялашкан, бирок шайлоолордо мындай амалкөйлүккө баруу оңой иш эмес. Айрыкча бармак издеринин жардамы менен адамды идентификациялоо жана автоматтык эсептөөчү урналар (АСУ) колдонулуп жаткандыктан бул оңой-олтоң иш эмес.

2015-жылы ушул механизмдер киргизилгенден бери Кыргызстанда бюллетендерди тутамдап урнага салуу жана «каруселди» уюштуруу — бул бир эле шайлоочуну бир нече участкага алып барып, добуштардын санын көбөйтүү ыкмасын колдонуу кыйла татаалдашкан.

Мында мыйзам бузуулар таптакыр жоголду дегенди түшүнбөш керек — хаха! — бирок колдонууга туура келген ошол мыйзам бузуулар ачык-даана көрүнүктүү боло баштаган: мисалы, массалык добуш сатып алуу же админресурсту пайдалануу. Натыйжада, мындай мыйзам бузуулардын арты шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу, ал тургай бийлик алмашуу менен аяктап жатты.

Теориялык жактан алып караганда, админресурсту колдонуу менен бийлик референдумдун жыйынтыгына таасир эте алат, а бирок референдумга келген шайлоочулардын санына таасир этүү алда канча татаал.

2021-жылдын январь айында өткөн соңку шайлоо жана референдумда шайлоочулардын 40 пайызы да келген эмес — мында президент шайланган жана башкаруу формасы (эмне балакет болсо да) үчүн добуш берилген.

Ал эми жергиликтүү шайлоолорго адамдардын кызыгуусу адатта ого бетер төмөн, демек референдумда добуш бергендердин катыш пайызы үчүн күрөштө ар бир келген кишинин добушу чоң мааниге ээ.

О, жергиликтүү кеңештерге кызыгуу аз дедиңиз. Андай болсо таптакыр эле шайлоого барбай койсом кантет?

Албетте, барбай койгонго да укугуңуз бар. Бирок, бир жагынан жергиликтүү кеңешке шайлоолор бул жылы абдан маанилүү болуп турат. Айрыкча Бишкектеги шайлоо маанилүү — борбор калаа ансыз да жаңы бийликке оппозиция экенин көрсөттү (эгерде президент Садыр Жапаров Бишкекте салыштырмалуу аз добушка ээ болгонун эске алсак), аны менен бирге шайлоо өнөктүгүндө көрүнүктүү фаворит да байкалбайт.

Жалпысынан добуш берүүнүн жана шайлоого келгендердин саны аз болгонун эске алганда, Бишкек шаардык кеңешине шайлоодо ар бир добуш ачык айтканда чоң таасир этет. Башка жергиликтүү шайлоодо деле абал ушундай.

Ошондуктан, жергиликтүү бийлигибиз көз карандысыз жана борбордук бийликке оппозиция болууга дарамети жеткен, эр жүрөк болушун кааласаңыз (күчтөрдүн тең салмактуулугу үчүн алар чындыгында эле ошондой болушу зарыл), анда шайлоого барганыңыз оң.

Бирок, биз жогоруда айткандай, эгерде Конституциянын алмашуусуна каршы болсоңуз, экинчи бюллетенди таптакыр эле албай коюңуз.

Эми кысым көрсөтүүгө жана мыйзам бузууларга кайтып келсек, эгерде участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү мени кыстап, экинчи бюллетенди алууга мажбурласачы? Анда эмне кылам?

Эмнеси болсо да, экинчи бюллетенди алуудан баш тартыңыз, ар бир участкага бөлүнгөн байкоочуларга дароо арызданыңыз. (Участкаңызда «Клооптун» байкоочусу болоруна чоң ыктымалдык бар). УШК мүчөлөрүнүн ушул сыяктуу кысымы — мыйзам бузуу деп эсептелет, ал тийиштүү түрдө катталышы (жана жазага тартылышы) керек.

Коркпоңуз! Өз укугубуз үчүн күрөшкөнгө мезгил келип жетти.