Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 1-апрель күнү фейсбук барагы аркылуу Тажикстандын мурдагы тышкы иштер министри Хамрохон Зарифинин билдирүүсүнө жооп берди.
Буга чейин тажик саясатчысы Ташиевди Тажикстандын Исфара районундагы Ворух анклавын Кыргызстандын Баткен облусундагы башка бир жер тилкесине алмаштыруу сунушун берген үчүн сындаган.
УКМК төрагасы Зарифи «өз таарынычтарын» билдиргенин, бул билдирүүгө «түшүндүрүү» берилиши керек деп эсептейт.
«Мен өкмөттүк делегациянын өкүлү катары “Ворух” анклавына байланышкан маселени чечүү сунушун эки тараптын делегация мүчөлөрүнүн күбөлүгү астында кесиптешим, урматтуу Саймумин Сатторовичтин колуна тапшырдым, болду, бизге жакын, коңшу өлкөнүн дарегине башка бир сөз айтканым жок», — деп түшүндүргөн ал.
Анын ою боюнча, Хамрохон Зарифи болжолу менен Ташиев «өлкөнүн кызыкчылыктарына туура келбеген» шарттарга макул болбогону үчүн «маданияты төмөндүгүн жана кастык мамилесин» көрсөткөн.
УКМК төрагасы чагымга алдырбоого чакырып, Тажикстандын эли менен достук мамилени сактоого үндөдү.
«Мага каалашыңызча жалаа жаба берсеңиз болот, бирок, өтүнүч, Улуу Кыргыз Элиме тийишпеңиз!» — деп ал сөзүн бүтүрдү.
Кийинчерээк Хамрохон Зарифи Ташиевге карата дагы бир кайрылуу жасап, анда ал «улуу кыргыз эли, анын байыркы жана бай маданияты жөнүндө эч качан эч бир жаман сөз айтпаганын» билдирген.
Анын айтымында, тажик жана кыргыз элинин ортосунда бир гана кошуналык эмес, бир туугандык да байланыш бар, ал эми Зарифинин өзүнүн Кыргызстанда «жүздөгөн сыйлуу достору» жашайт.
«Ошол эле учурда мен “куп болот, таксырым” деген мамилени кабыл албайм жана эч кимге элимдин келечеги көз каранды болгон аймактык маселелерди эби-сыны жок эле, “бөрк ал десе, башын ал” деген таризде чечип коюуга жол бербейм. Кантип эле Ворухту темир дубал менен тороп, элдин руханий жана тарыхый мурасын бузуп, байыркы, жүздөгөн жылдар бою мүрзөлөрдө нечен муундун ата-бабалары жаткан жеринен, ошол жердин тургундарын кантип кууп чыгып коймок элек?» — деп жазды Зарифи.
Мурдагы министр Ташиевди маселени чечүүнүн «ыксыз жана акылга сыйбаган» вариантын сунуштап, «экинчи тарап менен макулдашпай туруп» эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн мазмунун басма сөз жыйыны аркылуу элге жайылтуу менен этиканын нормаларын бузууда деп жемеледи.
Зарифинин билдирүүсү
Тажикстандын экс-тышкы иштер министри Хамрохон Зарифи 30-мартта билдирүү жасап, анда Ташиевдин Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы чек ара маселелери боюнча сүйлөшүүлөрүнүн биринчи айлампасынын жыйынтыгы тууралуу айткандарын окуп чыкканын билдирген.
Ал аны «сандырак» деп атап, билдирүүсүндө УКМКнын өмүр баянындагы айрым фактыларды, анын ичинде Ташиевдин Кумтөр кенин улутташтыруу маселеси боюнча митинг учурунда Ак үйдүн тосмосунан ашып өтүүгө жасаган аракети жана ошол окуялардын кесепети тууралуу айткан.
«Анын өмүр баянына кеңири токтолбой эле коёюн — ошол эпизоддор боюнча ансыз да түшүнүктүү. Эми ошол саясатчы сөрөй сүйлөшүү жүргүзүү процесстерининин эрежелерине, этика, өзүн-өзү жана башка мамлекеттин делегация мүчөлөрүн сыйлоо керектигине карабастан, “Ак үйгө” жортуулун эстеп, ошол тажрыйбасын башка суверендүү мамлекеттин аймагында сынап көргүсү келиптир», — деп жазган ал.
Зарифи өз билдирүүсүндө Ворухтун жери аска-зоолуу экенин, ал «зоолуу адамдарды» жактырбасын белгилеген.
«Тажикстандын аймагы жана анын чек аралары — бул ичип алган достор менен ашып түшүп, Кыргызстандын кезектеги мыйзамдуу шайланып келген президентин кууп чыккыдай “Ак үйдүн” тосмосу эмес. Кыргызстанда жыл сайын бунт көтөргөн да силерсиңер, бул оюнду революция деп атап, кезектеги президентти кулатасыңар, аны өлкө лидери катары кабыл албай эле коңшу айылдын бандиттеринин башчысы катары кабыл аласыңар, эгерде өлкөдөн качып чыгып кете албаса — камайсыңар түрмөгө. Андан кийин ал качан дагы бир башка козголоңчунун жардамы менен түрмөдөн чыгып келип өзүңөрдү камайт болду экен деп түнү бою уктабайсыңар», — деп жазган тажик ТИМинин экс башчысы.
Ал Тажикстан Ворухту эч качан анклав деп эсептебегенин, себеби ал «бардык тарыхый документ, саясий жана географиялык карталар боюнча» тажик мамлекетине таандык деп билдирген.
Анын айтымында, Тажикстанга кайсыл бир жерлерди кайтарып берүү деген суроо болбошу керек, анткени, чын-чынына келгенде, кыргыз тарап тажиктин жерлерин басып алган.
«Азыркы Баткен облусунун бир бөлүгү мыйзам боюнча Тажикстандын аймагына кирчү, ал жерлердеги жайыттар советтик доордо көчмөндөргө мал багуу үчүн (көңүл буруңуз - тажик жайыттарга!) кирүүгө уруксат берилген административдик түзүлүштөр катары кабыл алынган. Натыйжада ошол көчмөндөрдүн бир бөлүгү эзелтеден бери тажик элине таандык жерлерге отурукташып алып, үй-бүлө куруп, үй-жайын салып, тажик бир туугандары менен ынтымакта жашап келишкен» — деп жазган Зарифи.
Ал Тажикстанга «өз жерлерин эле Тажикстандын башка жактарындагы жерлерине алмаштырууну» сунуштап жатышканына кыжырданган.
Экс-министр Тажикстандын УКМКсынын башчысы Саймумин Ятимовго «кесипкөй эмес адам менен» сүйлөшүү жүргүзүү канчалык «оор» болуп жатканын түшүнөөрүн билдирген.
«Ал жумушу боюнча деңгээли ушундай адамдар менен 40 жылдан ашык убакыттан бери кездешип жүргөнү айдан ачык. Белгилүү советтик режиссёр Говорухиндин “Жолугушуу ордун өзгөртүү мүмкүн эмес” деген кинотасмасындагыдай ал “Горбатый! Чык!” деп айта турган күн да алыс эмес», — деп жазган тажик саясатчысы.
Сөзүн жыйынтыктап жатып Хамрохон Зарифи бул билдирүүсү Тажикстан өкмөтүнүн эмес, жеке жарандык позициясы экенин баса белгилеген.
Тажикстан менен жер алмашуу
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 26-мартта өткөн басма сөз жыйынында кыргыз тарап Ворух анклавын Лейлек жана Баткен райондорунда жер тилкелерине алмашуу сунушу берилгенин билдирген.
Анын айтымында, Тажикстан менен чек араны делимитациялоо уланууда.
«Тажикстан багытында негизги маселелердин бири Ворух анклавы болуп жатат. Биз Ворух боюнча тажик тарапка өзүбүздүн эки сунушубузду бердик. Биринчи сунуш — анклавдын аймагын мыйзамдуу түрдө ченейбиз, анклав мындан ары өспөйт. Анклавга Аксайды айланып кирип-чыгуу үчүн өзүбүздүн аймактан жол беребиз. Экинчи сунушубуз — биз Ворух анклавын алмаштырганга даярбыз, Ворухту бизге таштаса Лейлек районунан же, Баткен районунан башка жерлеринен берүүгө даярбыз», — деди ал.
Аталган маалымат жыйынында Ташиев 16-17-мартта Гүлистондо өткөн Бишкек менен Дүйшөмбүнүн ортосундагы чек араны тактоо боюнча өлкөлөр аралык сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу айтып берген.
Кыргызстандын атайын кызматынын жетекчиси кыргыз-тажик чек арасында күйүүчү-майлоочу каражаттардын аткезчилигине байланыштуу маселени да козгогон. Анын айтымында, мурунку бийликтер аткезчиликти көз жаздымда калтырып келишсе дагы, учурда чек ара чечилип бүткөнгө чейин аткезчилик эки тараптан тең токтотулат.
«Азыр Тажикстанга бир да литр күйүүчү май өткөн жок. Тажикстандан да продукция өткөн жок. Чек ара маселелери чечилгенден кийин жеңилдиктер болот, иштеп баштайбыз», — деген Ташиев.
Ташиевдин айтканы боюнча, кыргыз-өзбек сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча, Кыргызстан дээрлик 8 миң гектар жерди алган.
Расмий Дүйшөмбү кыргыз тараптын сунушуна бүгүнкү күнгө чейин жооп бере элек.
Чек ара маселеси
Кыргызстан менен Тажикстандын чектеш аймактарындагы талаш-тартыш көп жылдардан бери бүтпөй келет. Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына ылайык, 2020-жылы Кыргызстандын чек арасында 12 жаңжал катталган. Анын ичинен 9 окуя кыргыз-тажик чек арасында болгон.
Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 976 километрди түзөт, анын ичинен 519 километри боюнча делимитация жана демаркация иштери бүткөн, калган бөлүгү такталбаган бойдон калууда. Чек аранын аныкталбаган тилкесиндеги суу, жер ресурстарын пайдалануу, чек арадан мыйзамсыз өтүүгө байланышкан чырдан улам чектеш айыл-кыштактарда кагылышуулар байма-бай болуп турат.
Ворух анклавы — Баткен облусундагы Тажикстандын аймагы. Ал жерде 130 чарчы километрде 35 миңге жакын калк жашайт. Анклавдын тургундары менен чектеш жерлерде жашаган кыргыз жарандар талаш жерлерге адамдар жайгашып алды деп бири-бирин айыптап келет. Мындай жерлерди колдонууга тыюу салынган.
Мындан тышкары, Кыргызстандын аймагы боюнча Ворухту Тажикстан менен байланыштырган жол өтөт. Бул жол транзиттик статуска ээ: ал жолдо көзөмөл өткөрүү жайлары жана чек ара көзөмөлү жок. Бирок, кыргыз айылдары аркылуу өткөн бул транзиттик жолдо чек арачылар көзөмөл жүргүзбөгөнүнө жергиликтүү тургундар нааразылыгын билдирип келишет.
Ушул жолдун айынан кыргыздар жашаган Ак-Сай айылынын тургундарынын өздөрү жашаган мамлекеттин калган аймактары менен байланышы үзүлүп калган. Анткени Лейлек районун калган Кыргызстан менен байланыштырган жалгыз жол Ворух аркылуу өтөт. Айланып өтүүчү жол курууга Тажикстан уруксат бербей келет: жол салынуучу аймактын дагы башы ачыла элек.
Ворухтагы чыр-чатактын дагы бир себеби — Төрткүл суу сактагычынын суу тосмолору. Анын жардамы менен эки өлкөнүн тең дыйкандарын сугат суусу менен камсыз кылуучу дарыяны көзөмөлдөсө болот. Эки өлкө тең өз кызыкчылыгына колдонуу үчүн суу тосмолоруна ээлик кылгысы келет.
2019-жылдын март айында анклавдагы Ак-Сай—Тамдык жолунун курулушуна байланыштуу чыр чыгып, жыйынтыгында эки адам каза таап, 20 киши жаракат алган. 2019-жылдын июлунда Ворухта газ саткандар арасында жаңжал чыккан: мушташта бир адам жабыркаган.
Андан көп өтпөй, чек аранын такталбаган аймагында, «Ворух» деген жазуунун жанына байрак орнотулгандан кийин эки тарап ок атышкан: бир аскер кызматкерине ок тийген, милиционерлер жана катардагы жарандардын арасынан эки адам жабыркаган.