Өкмөт жол эрежесин бузуулар үчүн айыпты азайткысы келет

Өкмөт жол эрежесин бузгандарга айып пулдун көлөмүн азайтуу үчүн мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү пландап жатат. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов 3-апрелдеги түз эфир учурунда билдирди.

«Азык-түлүк, күйүүчү май кымбаттап жатат. Биз муну туура кабыл алып, президентибиздин тапшырмасы менен жол эрежесин бузгандардын айып пулдарын азайтуу ишин жүргүзүп жатабыз. Азыр токтомдун долбоору иштелүүдө. Жакынкы күндөрү Жогорку Кеңешке сунуш беребиз», — деди Марипов.

Бирок өкмөт башчы айыптын көлөмү канчага төмөндөрүн тактаган жок.

Ошондой эле, премьер-министр жакын арада өкмөт «бюджетти толтуруу үчүн» автоунаалардын айнегин караңгылатуу тууралуу мыйзам долбоорун парламентке сунуштай турганын билдирди.

2019-жылдын 4-мартынан тартып Бишкек шаары жана Чүй облусунун аймагында жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөй турган «Коопсуз шаар» долбоору иштеп баштаган. Бирок система ишке киргенден кийин айдоочулар айып пулдун өлчөмүнө нааразы болушкан. Мындан улам 2019-жылдын декабрь айында парламент жол эрежесин бузуунун сегиз түрүнө айып пулдун көлөмүн азайткан.

2021-жылдын март айына карата алынган маалыматка ылайык, жол эрежесин бузуулар үчүн айыптын көлөмү категориясына жараша миң сомдон 55 миң сомго чейин жетет.