«Иттин ээси эмесмин». Шаар тургундарына тиш салган иттин ээси делген адам сурак берди

Бишкекте 1-апрелде Жусуп Абдрахманов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде бир аялды жана 12 жаштагы бир баланы ит тиштеген.

Ошол эле күнү жабыркаган баланын атасы милицияга арыз жазып кайрылган. Баланын атасынын айтымында, ага уулун ит тиштеп алганын айтып чалышкан. Ал окуя болгон жерге келип тез жардам чакыртып, уулун №3 шаардык балдар ооруканасына жеткирген.

Окуя болгон жерден тартылган видео фейсбук социалдык барагында жарык көргөн. Видеодо эркек кишилердин бири баланы иттин оозунан бошотууга аракет кылып жатканын көрүүгө болот. Кийинчерээк ЖМКлар, ал кишини иттин ээси болушу мүмкүн деп жазышкан.

Бирок 5-апрель күнү видеодогу адам Kaktus.Media’га кайрылып, иттин ээси эмес экенин, болгону баланы куткарууга жардамдашканын билдирген. Анын айтымында, окуядан кийин ал милицияга чакыртылып, сурак берип чыккан.

«Милиционерлер коркутуп киришти. Бөлүмдө бир капитан мени менен, мен бир нерсеге күнөөлүү болгонсуп сүйлөштү. Дагы бир милиционер күчкө салып, телефонумду тартып алды [...] басым менен аны блоктон чыгартып алды, алар менин бардык жазгандарымды, сүрөттөрдү көрүп чыгышты», — деп айтып берген ал.

Ошондой эле, милиция кызматкерлери сурак учурунда ит ага таандык деп мойнуна алуусун суранышканын кошумчалаган.

«Алар мени уккусу да келген жок. Качан атам келгенде гана милициядан бошотушту. Атамды дагы имаратка киргизбей жатышты», — деп билдирген ал.

Бул факты «Майда бейбаштык» беренеси боюнча каттоого алынган Свердлов райондук ИИБден «Клооптун» журналистине билдиришкендей, иттин ээси дагы деле изделип жатат. Милиция жабыркаган өспүрүмгө соттук-медициналык экспертиза дайындалганын кошумчалады.