11-апрелде кыргызстандыктар айыл жана шаардык кеңештерине депутаттарды шайлашат. Үгүт башталгандан бери талапкерлер жана партиялар болушунча убада берип жатат — айрымдары калкты коронавируска каршы вакцина менен камсыз кылабыз десе, башкалары Бишкекте 2040-жылы Олимпиаданы өткөрүүнү пландап жатышат, калгандары шаардын айланасындагы жаңы конуштарга кичирайон макамын берүүнү сунушташууда.
Баарыбыз Жогорку Кеңештин 120 депутаты жөнүндө жакшы билебиз — алар мыйзам жазышат, өкмөт алардын алдында отчёт берет. Ал эми шаардык жана айылдык кеңештердин депутаттары деген кимдер?
Эгер сиз жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын колунан эч нерсе келбейт деп ойлосоңуз, анда сиз жаңылышып жатасыз. Алардын бир топ ыйгарым укуктары бар — шаарды өнүктүрүү программаларын иштеп чыгышат, бюджетти кабыл алышат, тарифтерди жана ар кандай жеңилдиктерди бекитишет. Алар кандай чечимдерди чыгарарын жана деги эле аларды шайлоонун эмнеге кереги бар экенин түшүндүрүп беребиз.
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын кандай ыйгарым укуктары бар?
Жергиликтүү кеңештин депутатынын милдети — өз шаарын же айылын өнүктүрүү, ошондой эле жергиликтүү тургундардын турмуш шартын жакшыртуу. Бул үчүн депутаттар маданий-экономикалык өнүктүрүү жана жарандар үчүн социалдык коргоо программаларын жазышат.
Бул программалар ишке ашыруу үчүн жергиликтүү кеңештер мэрди, вице-мэрди / айыл башчысын, «Бишкекжашылчарба» же «Тазалык» сыяктуу муниципалдык кызматтардын жетекчилерин шайлашат.
Шайланган аткаминерлер өз кезегинде депутаттардын алдында аткарылган жумуштар жөнүндө отчёт беришет.
Бюджет
Шаардык жана айылдык кеңештердин депутаттары жергиликтүү бюджетти бекитишет, ошондой эле анын туура өздөштүрүлүшүнө көзөмөл жүргүзүшөт. Муниципалитет же айыл башчысы акча каражаттары кантип сарпталганы боюнча депутаттардын алдында отчёт берет.
Эгер депутаттар мэрия өз ишин туура эмес, же сапатсыз аткарып жатат деп эсептешсе, алар мэрге сөгүш жарыялап, а түгүл аны жумушунан да кетире алышат. Айылдык кеңештин депутаттарынын деле ушундай ыйгарымдары бар.
Тарифтер, салыктар жана жеңилдиктер
Жергиликтүү кеңештер өздөрү жашаган айылда же шаарда коммуналдык төлөмдөрдүн тарифин белгилешет. Мисалы, алар муздак сууга, жылуулукка, лифттерди тейлөөгө, таштанды чыгарууга жана канализацияга болгон төлөмдүн баасын төмөндөтүүнү же жогорулатууну чечишет.
Мисалы, 2019-жылы октябрда Бишкек шаардык кеңештин депутаттары муздак сууга болгон тарифти көтөрүүнү чечишкен — ал кубометри үчүн 5,38 сомдон 8,1 сомго чейин бир жарым эсе өскөн.
Эсиңиздерде болсо, 2021-жылдын январында Бишкектеги маршруткалардын айдоочулары иш таштап, жол кирени көтөрүүнү талап кылышкан. Нааразычылыкка чыккан айдоочуларга калаа мэри жолукканы менен жол киренин тарифин дагы шаардык кеңештин депутаттары аныкташат. Бул маселе боюнча акыркы чечим кабыл алына элек, бирок депутаттары жол кирени күндүз 11 сом, кечкисин 15 сомго чейин жогорулатууну пландашууда.
Маршруттук таксилерде жол кирени көтөрүү маселеси өлкөнүн көпчүлүк шаарларында актуалдуу. Мисалы, 2019-жылы Ош шаардык кеңеши мектеп окуучулар үчүн маршруттук таксиде жүрүү акысын 5 сомго көтөрүүнү колдогон. Буга чейин ал жакта окуучулар жол кире үчүн 1 сомдон төлөп келишкен.
Ошондой эле, депутаттар жергиликтүү салыктарды жана жеңилдиктерди да киргизишет.
Мисалы 2002-жылы Бишкек шаардык кеңештин депутаттары токтом менен жарнамага жана автоунаа ээлерине салык салышкан. Мындай токтомдордо көбүнчө тарифтер — мисалы, жарнамага салынган салыктын өлчөмү кызмат акысынын 3% түзөт — ошондой эле аларды эсептөөнүн кошумча шарттары жазылат.
Жеңилдиктерди киргизүүдө ушундай эле окуя — калктын аялуу катмары: аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, майып адамдар, согуш ардагерлери жана башкалар — мамлекеттен кандай өлчөмдөгү жардам аларын дал ушул шаардык кеңеш чечет.
Муниципалдык жерлер
Жергиликтүү кеңештин депутаттары муниципалдык жерлер менен жайыттарды кандай колдонуу керектигин аныкташат. Алар шаардын же айылдын кайсыл бөлүгү жеке компанияларга курулушка берилерин, кайсыл жеринде парк болорун аныкташат.
Ошондой эле, депутаттар турак үйлөрдүн жана аларга жанаша жайгашкан жер тилкелерин, сугат системаларын (арык менен ачык түрдө сугаруу же түтүктөр аркылуу сугаруу) жөнгө салуу тартибин да бекитишет. Мындан тышкары, жергиликтүү кеңештер тышкы жарнамаларды жайгаштыруу жана көчөдө соода жүргүзүү эрежелерин да аныкташат.
Депутаттар үй жаныбарларын кармоо жана малды жайыттарга чыгаруу тартибин аныкташат. Демек, сизге жолдогу жарнама такталары же кишилер баскан жолдогу ит-куштун заңдары жакпай жатса — бул кайсыл бир деңгээлде сиз жашаган аймактын жергиликтүү кеңешинин жоопкерчилиги. Баса, депутаттардын жыйыны ачык өтүүгө тийиш, демек каалаган учурда кирип катышсаңыз болот.
Маданий жана социалдык өнүктүрүү
Экономика жана инфраструктура маселелеринен тышкары депутаттар өз аймагында социалдык жана маданий жактан өнүктүрүү программаларын иштеп чыгып жүзөгө ашырууга милдеттүү.Мисалы, алар муниципалдык системаны, саламаттык сактоо, билим берүү жана спортту өнүктүрүүнү уюштурушат. Жергиликтүү кеңештер муниципалдык маданий мекемелерди сактап жана жакшыртууга милдеттүү — музей, маданият үйлөрү жана башкалар.
Ошондой эле, айлана-чөйрөнү коргоо, өзү жашаган айылдын же шаардын тазалыгын көзөмөлдөө дагы алардын милдетине кирет.
Алардын жумушу көп. Эмгек акысы кандай төлөнөт?
Жергиликтүү кеңештердин депутаттары эч кандай айлык-акы алышпайт. Бир гана жергиликтүү кеңештин төрагасы төрт жылда бир жолу компенсация ала алат.
Депутаттар коомдук башталышта — башкача айтканда, ыктыярчылар сыяктуу акысыз жана коомдун пайдасы үчүн иштешет. Бирок бул алар чөнтөгүндө бир тыйыны жок жашайт дегенди түшүндүрбөйт.
Мыйзам аларга башка жактарда, айлык алып иштөөгө жол берет — жеке компанияларда, мамлекеттик кызматта же ишкерлик кылууга. Ал тургай, алар иштеген мекеменин жетекчилиги башка депутаттардын макулдугусуз кызматтык тепкичтен ылдыйлатып же кызматтан кетире албайт.
Менчик түрүнө карабастан, депутат иштеген бардык түзүмдөр — жеке менчик фирма болобу, же мамлекеттик ишкана болобу, бул эрежеге баш ийиши керек.
Алардын эмгек акысы жок. Балким социалдык жактан камсыздоосу бардыр?
Жергиликтүү кеңештин депутаттары Жогорку Кеңештеги кесиптештериндей артыкчылыктарга ээ эмес. Мисалы, парламент депутаттары айлык алат, акысыз байланыш, кызматтык үй, керек болсо кызматтык курал менен да камсыздалат.
Ошондой эле, Жогорку Кеңештин депутаттарына медициналык, турмуш-тиричилик жана пенсиялык камсыздоо кепилдиги каралган. Мындан тышкары, парламентарийлер өзгөчө коргоого да алынат — алардын үйүн, унаасын, каттарын, иштеген бөлмөсүн тинтүүгө болбойт.
Бирок шаардык жана айылдык кеңештин депуттарына мындай артыкчылыктар каралган эмес. Башкача айтканда, алар катардагы жарандардай эле күн кечиришет.
Эгер аларга төлөнбөсө, анда эмнеге адамдар жергиликтүү кеңештин депутаты болгусу келет?
Айрымдар шаарын же айылын өнүктүргүсү келет, башкалары жергиликтүү кеңеште иштеп карьералык жактан өскүсү келет.
Кээде жергиликтүү кеңештер мамлекеттик кызматка же Жогорку Кеңешке өтүү үчүн трамплин катары кызмат кылат. Парламенттин учурдагы чакырылышында жок дегенде 20 депутаттын өмүр таржымалында жергиликтүү кеңештерде иштегени жазылган.
Албетте, мыйзам депуттарга жеке кызыкчылыгы же тууган-туушкандарынын пайда табуу максаты бар иштерге аралашууга тыюу салат.
Депутаттарга мандатын жумушка байланышпаган максатта пайдаланууга тыюу салынат. Мисалы, жол эрежесин бузгандыгы үчүн айыптан кутулуу үчүн депутаттык күбөлүгүн көрсөтүүгө болбойт.
Ошондой эле алар кайсыл аймактын депутаты болсо ошол эле аймакта мамлекеттик кызматта иштей албайт. Депутаттар өз аймагында мамлекеттик же муниципалдык ишканаларды жетектей албайт. Мисалы, «ОшТазалыктын» директору бир эле учурда Ош шаардык кеңештин депутаты боло албайт.
Бирок, иш жүзүндө тыюулардын бардыгы эле сактала бербейт. Мисалы, Бишкек шаардык кеңештин учурдагы түзүмүнө бир топ курулуш компаниясынын ээлери кирген. Ошол эле кезде, алардын ыйгарым укуктарына курулуш иштери үчүн жерлерди бөлүштүрүү маселелерин кароо да кирет.
2019-жылы борбор калаанын депутаттары Бишкектин деталдуу пландаштыруу долбоорун кабыл алышкан. Ага ылайык, борбор шаардын «алтын квадраты» деп аталган бөлүгүндө эски кабат үйлөрдү бузуп, алардын ордуна жаңы имараттарды куруу пландалган. Прокуратура пландаштыруу долбоорунда тобокелчиликтерди таап, шаардыктар сотко кайрылып, аны жеңип чыгышкан. Жыйынтыгында бул план жокко чыгарылган.
Шайлоо кандайча өтөт?
Шаардык жана айылдык кеңештер төрт жыл сайын шайланат. Депутаттардын саны айыл же шаардын жашоочуларынын санына жараша болот: Ош жана Бишкек шаарларында эң көп депутат шайланат — 45 адам. Башка шаардык кеңештерде алардын саны азырак: мисалы, Жалал-Абад шаардык кеңешинде болгону 31 депутат бар, ал эми Шопоков шаарында андан дагы аз — 21 адам. Айылдык кеңештердин депутаттары мындан да аз.
Депутаттыкка талапкерлигин койгондор үчүн белгиленген талаптар анчейин деле чоң эмес. Жашы 21ден жогору жалпы орто билимден төмөн эмес билими бар (9-класс) жаран депутат боло алат. Эгерде талапкердин соттуулугу бар болсо, анда алар жоюлган болушу керек.
Буга кошумча айта турган болсок, парламентке баргысы келген талапкерлер үчүн коюлган талаптар азыраак. Мисалы, мыйзамдарда Жогорку Кеңешке шайлангысы келген талапкердин билими кандай болушу керек деген да талап жазылган эмес.
Ошентсе да, жергиликтүү кеңешке баруу бир караганда оңой көрүнгөнү менен татаал. Биринчиден, бул жылы жергиликтүү кеңешке аттанган талапкерлердин саны өтө көп. Мисалы, жергиликтүү кеңештердеги 797 мандатка 59 партиядан 12 миңге жакын талапкер ат салышууда. Бишкекте бир мандатка 44 адам талапкер.
Айылдык кеңештерди шайлоодогу абал мындан кем калышпайт — 420 айылдык кеңешке дээрлик 18,7 миң талапкер ат салышат. Мисалы, Чоң-Алай айылдык кеңешиндеги 10 мандатка 54 адам талапкерлигин койгон.
Экинчиден, партиялар шаардык кеңешке өтүш үчүн шайлоочулардын бери эле дегенде 7% добушуна ээ болушу керек. Мисалы, Бишкекте дээрлик 418 миң шаар тургуну шайлоо укугуна ээ. Бишкек шаардык кеңешке өтүш үчүн партиялар жок дегенде 30 миң добуш алышы керек. Бирок бул сан, кыйла аз болуп калышы ыктымал, себеп дегенде шайлоого бардыгы эле келе бербейт.
Парламентке өтүү үчүн мындай жогорку барьер мурдатан эле бар — партиялар өлкө боюнча 7%дан кем эмес добушка ээ болушу керек.
Бирок, 2020-жылдын октябрь айындагы бийлик алмашуу жана саясий кризистен кийин, парламентке өтүүнүн босогосу 3%га төмөндөгөн. Ал эми жергиликтүү кеңешке барууну каалаган партиялар үчүн мыйзам өзгөрүүсүз калган.