11-апрелде шаардык кеңештерди шайлоого барасызбы? Азырынча чечим кабыл ала элек болсоңуз, ушул тесттен өткөндөн кийин, балким добуш берүүгө барам деген пикирге келесиз.

Назарыңыздарга «Клооптон» кыргыз саясий компасынын жаңы басылмасын сунуштайбыз! Бул тест көз караштарыңыз боюнча сизге эң жакын саясий партияны табууга мүмкүндүк берет.

Биздин тест саясат, экономика, социалдык проблемалар жана башка маселелер жөнүндө суроолордон түзүлгөн. Ушундай эле тесттен жергиликтүү кеңештерге шайлоого катыша турган 15 партия да өткөн. Бул жолу биз жергиликтүү кеңештердин депутаттарын эле шайласак да, биз республикалык масштабдагы көрүнүштөр жана проблемалар менен байланышкан көптөгөн суроолорду кошууну туура көрдүк. Биринчиден, компас бүткүл өлкө боюнча аздыр-көптүр релеванттуу болсун дедик. Экинчиден, биздин компас — биринчи кезекте пикирлештерди табууга жардам берет. Ошондуктан, анда эл аралык тематикадагы суроолор да бар, бирок шаардык кеңештердеги депутаттар бул багытта иш жүргүзбөй турганы анык.

Биз партиялардын жоопторун талдап чыктык. Эми алар ар кыл темаларга карата кандай пикирди карманарын билебиз — аялдар укугунан тартып Садыр Жапаровго болгон мамилесине чейин.

Балким сиз кайсы партияга же талапкерге добушуңузду берериңизди чечип койгондурсуз, бирок дүйнө таанымыңыз боюнча сизге жакыныраак болгон башка партияны табат чыгарсыз?

Эскертүү, биздин тест — көлөмдүү, ал 100дөн ашык суроодон турат. Бирок сизге төп келе турчу партияны болушунча так аныктоого ушунча көп суроо талап кылынды.

Тесттен өткөндөн кийин сиз:

  • Көз карашыңызга кайсы партия жакын экенин билесиз;
  • Жоопторуңузга жараша өзүңүздүн саясий автопортретиңизге ээ болосуз;
  • Деталдуу жыйынтыктарды жана алардын партиялардын берген жооптору менен салыштырмасын аласыз.

Биз билебиз, тезирээк баштагыңыз келип турат, андыктан баштайбыз!

Компасты даярдагандар: Артур Кабиров, Бектур Искендер, Нуржамал Жанибекова, Калыгул Алмазбеков, Алтынбек Бакеев, Асан Жүзбаев, Марат Кошмуратов, Аэлита Максатбекова, Сания Токтогазиева, Гүлзат Төлөгөнова, Айжамал Шеримкулова