Иллюстрация: Алина Печёнкина

Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен бир гана Кыргызстанда аткаминерлердин мүлкү тууралуу декларациялар жарыяланат. Бирок коррупцияга каршы күрөшүү үчүн иштелип чыккан система урап баштаганына көп болду. Өлкө үчүн өтө маанилүү делген шайлоо өтчү жылдарда абал ого бетер начарлады.

Кыргызстанды коронавирус эпидемиясы каптагандан кийин өкмөт насыяларды төлөө боюнча мөөнөттөрдү узартуу мүмкүнчүлүгүн берген.

Бир нече күндөн кийин өкмөт жарандарга дагы бир милдетти аткаруу убактысын жылдырган, бирок мындай жеңилдик берүүнүн жүйөөсү кыйла күмөндүү сезилген.

Бардык жарандарга салык декларацияларын, ал эми аткаминерлер менен мамлекеттик кызматкерлерге мүлк жана активдер жөнүндө декларацияларды тапшыруунун белгиленген мөөнөтүн беш айга узартышкан. Жыл сайын тапшырылуучу декларацияда мамлекеттик кызматкерлердин жана алардын жакын туугандарынын кирешеси менен активдери жөнүндө маалыматтар камтылат — бул декларация коррупцияга каршы күрөштү жүргүзүү жана ачык-айкындуулукту камсыз кылуу үчүн керек. Бир аптадан кийин дагы бир мыйзамга киргизилген түзөтүү документтерди тапшыруу мөөнөтүн кийинкиге жылдырган: 2019 жана 2020-жылдын активдери тууралуу декларация 2021-жылдын ноябрь айында гана жарыяланат.

Демек, шайлоочулар өлкөнүн саясий турмушунун өткөөл учурунда мамлекеттин иши тууралуу маанилүү маалыматтардан куру калып жатышат. Кыргызстандын жарандары 2020-жылдын октябрь айында өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныган жок. Адамдар нааразылыгын айтып көчөгө чыгып, талапкерлерди добуш сатып алууга айыпташты. Натыйжада, шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды, өкмөт кулатылды, ал эми премьер-министрдин милдетин төңкөрүш учурунда түрмөдөн бошонуп чыккан популист-саясатчы Садыр Жапаров аркалай баштады. Быйыл январь айында ушул эле адам өлкө башчысы болуп шайланды.

Алдыдагы шайлоолор (шаардык жана айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоо 11-апрелде өтөт, ал эми парламент депутаттары да быйыл шайланышы керек) Кыргызстандын элине саясий эркин дагы бир жолу көрсөтүүгө мүмкүндүк берет.


Бирок декларациясыз шайлоого катышып жаткан азыркы же мурдагы чиновниктин мыйзамсыз байыганын же күмөндүү байлыгы менен компанияларын, дегеле башка мыйзамсыз иштерин текшерүүгө мүмкүн эмес.


«Коомчулукка, журналисттерге илинчек болуучу минималдуу дагы маалымат жок», — дейт ушул темада жазып жүргөн Economist.kg. басылмасынын директорунун орун басары Елизавета Умурзакова. — Бизди ушул кичинекей маалыматтан дагы куру калтырышты».

Борбор Азиянын бардык мамлекеттеринин ичинен бир гана Кыргызстанда чиновниктердин декларациясынан азыноолак маалыматтар жарыяланат. А бирок, азыркы декларация тапшыруунун мөөнөтүн узартуу — бул тек гана көйгөйлөрдүн эң жөнөкөйү. Система эбак эле ыдырай баштаган.

OCCRP жана «Клооптун» журналисттери чоң кызматтарды ээлеген аткаминерлер менен парламент депутаттары 2010-жылдан 2018-жылга чейин тапшырган миңден ашуун декларацияны талдап, бир тенденцияны байкашты: декларацияда берилип жаткан, ансыз деле жарытпаган маалыматтар азайгандан азайып, сапаты жагынан да начарлап жатат. Болбосо элге жеткен азыноолак маалымат өзү болгону ошол. Анын үстүнө, начар, ыраатсыз көзөмөлдүн кесепетинен, коррупцияга каршы күрөштүн бул куралы тек гана формалдуулукка айланып калган.

«Биздин аткаминерлердин үрүп чыгар ити жок. Кээде айрым декларацияларды көрүп — чалкаңан кетесиң, кээ бирөөнүн жада калса батири да жок», — дейт Кыргызстандагы Transparency International уюмунун директору Айгүл Акматжанова.

  • Система кайда иштейт?

Украинада коррупция маселеси анча курч эмес, бул өлкөдө кирешелер жана активдер жөнүндө декларация — аткаминерлердин үстүнөн көзөмөл жүргүзүүнүн эң башкы каражаты болуп саналат. 2014-жылы Евромайдан окуяларынан кийин жарандардын жана эл аралык уюмдардын талабы менен бул система ишке киргизилген. Кыргызстандан айырмаланып, Украинада аткаминерлер жөнүндө ийне-жибине чейин толук маалымат берилет.

«Декларация тапшыруу системасы эмне үчүн керек? Биринчи кезекте жарандардын атынан мамлекеттик функцияларды кантип аткарып жатканын, иш жүзүндө карапайым эл алардын колуна берген бийликтен кыянаттык менен пайдаланып-пайдаланбаганын текшерүү үчүн бул система иштеши керек», — деп Антон Марчук, Украинанын Коррупцияга каршы күрөшүү борборунун адиси айткан.

«Украина, Кыргызстан сыяктуу Орто Азия мамлекеттери үчүн мындай системалар коррупцияга аралашкан аткаминерлерди табууга жардам берет».

Биз Кыргызстандын президентинин жана премьер-министринин, ошондой эле Мамлекеттик салык кызматынын администрациясы менен байланыштык, бирок алар комментарий бергиле деген суранычыбызга жооп беришкен жок.

«Эмне үчүн?»

2005-жылы киргизилген декларациялоо системасынынын олуттуу кемчилиги бар: 16 барактан турган документтин ичинен жыйынтыктоочу маалымат камтылган бөлүгү гана жарыяланат.

Акыркы он жылда анын форматы бир нече жолу өзгөргөн. Маалыматтардын бир бөлүгү жоголуп, ал эми барларын түшүнүү кыйла оорлогон.

2010-2011-жылдары киреше жана активдер жөнүндө жалпы маалыматтар жарыяланган, алардын ичинде алардын баасы жана сатып алынган күнү да белгиленген, бирок, ошол активдер кыймылсыз мүлкпү же башка нерсе беле, так белгиленген эмес. Формада насыялар жана карыздары тууралуу маалыматтар да камтылган.

2012-жылдан 2014-жылга чейин кыймылсыз мүлк жана башка активдери өзүнчө бөлүнүп көрсөтүлчү, бирок алардын баасы жана алынган күнү жоголуп кеткен. Ошондой эле, насыялар жана карыздары тууралуу маалыматтарды алып салышкан.

2015-2016-жылы чыгымдар тууралуу кошумча маалымат пайда болгон, бирок 2017-жылдан бери колдонулуп жаткан барактын акыркы версиясында киреше булактары бөлүнгөн эмес. Декларацияда кыймылсыз мүлктүн аянтын көрсөтүүдө, эми «чарчы метр же гектар» деген жалпы колонка пайда болгон. Эгерде декларациянын ээси өлчөө бирдигин көрсөтпөсө, объекттин көлөмүн аныктоо мүмкүн эмес.

2017-жылы парламент депутаты Исхак Пирматов чыгашасы 390 миң АКШ доллар болгонун декларацияда белгилеген. Ал бул акчаны кантип короткону жөнүндө маалымат жок. Ал мындай ири суммадагы акчаны кайдан, кантип тапканы да белгисиз, себеби 2016-жылдан 2018-жылга чейин ал жылдык кирешесин 20 миң АКШ долларынын тегерегинде деп декларацияда көрсөтүп келген. Иллюстрация: Алина Печёнкина

Мамлекеттик салык кызматы декларацияларды тыкыр текшерүүдөн өткөрөт деген ойго жетеленишиңиз мүмкүн. Бирок эки салыкчы бизге айтып беришкендей, башынан эле декларациядагы жалпы маалыматтар текшерилет — 16 барак документтин бирөөсү гана текшерилет экен. Калган барактарды кандайдыр бир дал келбөөчүлүк болгондо гана ачышат.

«Салыкчылар ар бир баракты ачып отурбашы үчүн жалпыга ачык маалыматтар бар. Ошол жактан бардык маалыматтар алынат», — деп салык кызматынын басма сөз катчысы Эркин Сазыков билдирген.

Анын үстүнө, декларацияда чындыгында эле мүлктүн баасы көрсөтүлгөн, бирок аны мүлк ээлери өздөрү көрсөтүшөт, ал эми салыкчылар анын чын-төгүнүн текшерип отурбайт. Ошондой эле, салыкчылар чиновниктердин чет өлкөлөрдө байлыгы же банктык эсептери бар-жогун дагы текшербейт. Ведомстводон декларанттардын тууган-уругуна тиешелүү мүлкүн текшерүүгө укугу жок экенин билдиришти. А кыргыз чиновниктери акчасын, бар-байлыгын тууган-уругуна, жакындарынын наамына каттатуу, бекитүү көнүмүш адат.

Ашыкча суроолордон арылуу үчүн кыргыз чиновниктери көп учурда байлыгын же кирешесин жакындарына каттатып коюшат. Адатта, мындай иштер иликтенбейт. Иллюстрация: Алина Печёнкина

Эң негизгиси, салык кызматы жаңы декларацияны мурдагы жылдары тапшырылган декларация менен салыштырбайт. Эмне үчүн ушунчалык начар көзөмөл жүргүзүлүп жатат деп Салыктарды жана төлөмдөрдү декларациялоо башкармалыгынын жетекчиси Акылбек Мамыровго суроо узаттык.

«Анын эмне кереги бар?» — деп жооп берди ал.

Мындай жооп журналисттердин купулуна толгон эмес, ошондон кийин алар бир нече расмий өтүнүч кат жазышкандан кийин салык кызматы позициясын өзгөрттү. Назбек Сатынбеков Мамыровдун кол алдында иштеген жана декларацияларды иштеп чыгууга жооптуу салык кызматкери кийинчерээк документтин 16 барагынын баары текшерилет деп билдирген.

Элүүдөй жашыруун компания

Дагы бир олуттуу маселе — тандалма мамиле.

Көрүнүктүү мисал — декларация толтурууда байлыгынын жарымынан көбүн жашырып койгон, парламент депутаты Кубанычбек Жумалиев. Ал бир нече кыймылсыз мүлкүн жана автоунаасын гана көрсөтүп, өзү жана аялы ээлик кылган 45 компанияны жашырып койгон.

2019-жылы бул тууралуу Елизавета Умурзакова жазып чыккан. Ал анда Economist.kg басылмасында иштечү. Умурзакова компанияларды Кыргызстандын корпоративдик реестринен тапкан, бирок алар тууралуу маалыматты Жумалиевдин декларациясынан таба алган эмес.

Жумалиев өзү жана аялы ээлик кылат делген 45 компанияны декларацияда көрсөткөн эмес. Иллюстрация: Алина Печёнкина

Салык кызматы мыйзам бузууну аныктап, Башкы прокуратурага маалымат бергенбиз деп жанын жеп жатат. Бирок бийлик бул маселеге Economist.kg басылмасына жарык көргөн макаладан кийин гана көңүл бурган. Финансы полициясы Жумалиевге карата «мыйзамсыз баюу» жана «кызмат адамынын мыйзамсыз ишкерликке аралашуусу» фактысы боюнча иликтөө баштаган, бирок кийин финпол жоюлуп кетти, Жумалиевдин иши эмне болгону белгисиз. (Февралдын башында Жумалиев башка иштин алкагында бийлигинен кыянат пайдаланууга айыпталып кармалган. Ал комментарий берүүдөн баш тарткан).

Жумалиев — байлыгын жашырып койгон депутаттардын бирөөсү гана. Салык кызматынан 2019-жылы парламент депутаттарынын өткөн жылга карата берген декларациясына байланыштуу Башкы прокуратурага 79 даттануу жөнөткөнүн билдиришти, — бул жалпы депутаттардын үчтөн экиси. Ага карабай эч ким жазаланган эмес, ал эми салык кызматы мыйзам бузгандардын аттарын атаган эмес, а мыйзам боюнча ачык айтышы керек.


Башкы прокуратура мындай учурларда депутаттарды текшере албай турганын айтышты, анткени мыйзамда уруксат берүүчү пункт каралган эмес.

Бирок, карапайым мамкызматкерлер үчүн эрежелер таптакыр башкача. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, 58 миң адамдын ичинен 2019-жылы декларация тапшыргандардын 3000ден ашыгы санкцияга кабылган.


2018-жылы парламент депутаты Камчыбек Жолдошбаев декларацияга жупуну батирин киргизген. Анын ортомчу компания аркылуу өзүнө тийиштүү болгон пальма жана бассейни бар хансарайы эсинен чыгып кеткен өңдөнөт. Ал комментарий берүү тууралуу өтүнүчкө жооп берген жок. Иллюстрация: Алина Печёнкина

Мал-жандык — мыйзамдагы жылчык

Жарыяланган декларациялардын анализи эң популярдуу актив — мал-жандыкка байланыштуу маселени ачыкка чыгарды.

2018-жылы парламенттин 41 мурдагы жана учурдагы депутаты жана ошол кездеги президент жалпы суммасы 3,2 млн АКШ долларын түзгөн мал-жандыкты декларацияга жазышкан. Мындагы көйгөйлүү маселе — мал-жандыктын чындыгында бар-жогун текшерүү өтө кыйын. Ошондой эле, бул аткаминерлердин көбүндө фермасы да, жер тилкеси да, а түгүл айыл жеринде үйү жок болгону да шек жаратат. Мунун үстүнө, канча баш малы бар экенин так жазуу зарыл эмес — алардын баасы гана көрсөтүлөт, болгондо да бааны декларанттардын өздөрү белгилешет.

Кандай жол менен табылганы белгисиз болгон акча каражаттарын адалдаштыруу үчүн бул актив мыйзамдагы эң сонун жылчык болуп берет.

Мисалы, декларациялардагы маалыматтар боюнча, депутат Акылбек Жамангуловдун кирешеси 2015-жылдан 2018-жылга чейин улам азая берген, бирок 2017-жылы — мамлекеттик кызматтагы акыркы жылын иштеген — ал капыстан эле жалпы суммасы анын жылдык кирешесинен ашкан мал-жандыкты декларациясына көрсөткөн.

Актив катары мал-жандыктын изин табуу абдан оор, ошондуктан депутаттардын көбү үйүр-үйүр малга ээлик кылганын декларацияда көрсөтүшөт, бирок алардын жашоо-турмушун эске алганда мунун чын-төгүнүн элестетип көрүү оор. Иллюстрация: Алина Печёнкина

Бразилиянын айрым аймактарында айыл чарбасы экономиканын негизин түзөт. Бул өлкөдө коррупция, акча адалдаштыруу жана алдамчылык боюнча абдан көп учурлар ачыкка чыгып, алардын баарында мал-жандык жоопкерчиликтен качуунун бир куралы катары колдонулганы маалым болгон. Ошондуктан, 2012-жылы өкмөт бул багытта акча адалдаштырууга каршы күрөшүү үчүн айрым жаңы эрежелерди киргизген. Кыргызстанда мындай эрежелер киргизилген эмес.

Transparency International уюмунун Бразилиядагы консультанты Дарио Кардосо таасирдүү чиновниктер акчасын жашыруу үчүн мал-жандыктарды колдоноорун айтып берди. Ушул эле ыкманы баңгизат сатууга жана мыйзамсыз айыл-чарба иштерин жүргүзүүгө байланышкан иштерде колдонушкан.

«Жазалоо системасы жок»

Өкмөттөгүлөр система иштебесин билишет.

2020-жылдын июнь айында, парламентте өзгөртүүлөр киргизилген мыйзам долбоору сунушталган. Буга «саясий жана туруктуу коррупцияга» жана «мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кирешесине салыштырганда чамасы чак келбеген чыгымдарына» болгон тынчсыздануу негиз болгон.

Мамлекеттик кызматкерлер мыйзамсыз кирешесин жашырууга жана салыктан качууга аракет кылып, активдерин жакын туугандарынын жана башка ортомчулардын атына каттатканы жөнүндө бул документте таасын жазылып турат. Ошондой эле, мамлекеттик кызматкерлер сатып алган, колдонгон жана саткан мүлктү ачыкка чыгарган журналисттердин иши да бул документте белгиленген.

Бирок жакында эле өлкөдө орун алган төңкөрүш жана өкмөттүн алмашуусунан кийин мыйзам долбоорунун тагдыры кандай болору белгисиз. Эл өкүлдөрү элге отчёт бериши керек дегендердин айрымдары, жаңы парламент мыйзам долбоорун колдогон күндө деле олуттуу өзгөрүүлөр болбойт деп эсептешет.

«Эгер сен декларацияны туура эмес толтурсаң, же болбосо кайсыл бир маалыматты туура эмес жазсаң деле бизде жазалоо системасы жок», — деп билдирген Transparency International уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Айгүл Акматжанова. — Эгерде жазалоо системасы начар иштесе, таасирдүү механизм жөнүндө кантип кеп кыла алабыз?»

Активдер жөнүндө декларацияга ылайык, Ош облусунун Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимовдун 2016-жылдан 2017-жылга чейинки кирешеси түшүнүксүз себептерден улам төрт эсе көбөйүп кеткен. Кийинки жылы, ал дагы 50%га көбүрөөк акча таап баштаган. Февраль айында агасы — бажы кызматынын мурдагы кызматкери Райымбек Матраимов коррупциялык кылмыштарды кылганын мойнуна алган. Райымбек Матраимовдун аты OCCRP, «Клооп» жана «Азаттык» жасаган иликтөөдө аталган. Иллюстрация: Алина Печёнкина