Жаңы Конституция кабыл алынды, эмнелер өзгөрөт?

1-апрелде, Кыргызстанда бир күндө жергиликтүү кеңештерге шайлоо менен бирге референдум да өтөт. Референдумда жарандар жаңы Конституцияга «каршы» же «макул» деп добуш бере алышат. Эгерде жаңы Конституция кабыл алынса, эмнелер өзгөрөт? Кыскача айтып беребиз. 

Президент

Жаңы Конституция президент үчүн жаңы ыйгарым укуктарды белгилейт. Ал мамлекет башчысы гана болбостон, өлкөнүн аткаруу бийлигин да — өкмөттү жетектейт.

Президенттик мөөнөттөр көбөйөт. Азыр президент алты жылдык мөөнөткө бир жолу гана шайланат. Жаңы Конституция адамга мамлекет башчысынын кызмат ордуна эки жолу шайланууга укук берет. Бир президенттик мөөнөт беш жылга барабар болот.

Эгер Конституция кабыл алына турган болсо, президент өзүнүн мыйзам долбоорлорун парламенттин кароосуна киргизе алат. Азыр мамлекет башчысынын мындай мүмкүнчүлүгү жок.

Президент өкмөттүн түзүмүн аныктайт. Ошондой эле, Жогорку Кеңештин макулдугу менен министрлер кабинетинин төрагасын, анын орун басарларын жана өкмөттүн калган мүчөлөрүн дайындай алат.

Ошондой эле, мамлекет башчысы министрлер кабинетинин төрагасын жана анын мүчөлөрүн кызматтан кетире алат. Мында бул демилгени президенттин өзү, парламент же жаңы орган — Элдик курултай бере алат.

Азыр өкмөттүн отставкасы боюнча чечимди парламент чыгарат, ал эми президент өкмөттүн отставкасын же кабыл алат же кабыл албайт.

Мамлекет башчысы жергиликтүү администрациялардын жетекчилерин дайындай алат жана кызматтан кетире алат. Азыр бул ишти өкмөт башчысы аткарат.

Президент ошондой эле өз администрациясын түзө алат, аны министрлер кабинетинин төрагасы жетектейт.

Ошондой эле, президент парламентке Боршайкомдун курамынын жарымы үчүн талапкерлерди сунуштай алат. Азыр президент Жогорку Кеңешке Боршайком курамынын үчтөн бири үчүн гана талапкерлерди сунуштай алат.

Конституция президентке абдан маанилүү жаңы ыйгарым укугун берүүдө — ал референдумду дайындоо боюнча чечим чыгара алат:

  • өз демилгеси менен;
  • 300 миң шайлоочунун демилгеси менен;
  • Жогорку Кеңештин депутаттарынын көпчүлүгүн демилгеси менен.

Президентти кызматынан кантип четтетсе болот?

Жаңы Конституция бул процедураны татаалдаштырат. Азыр мамлекет башчысын кызматынан четтетүү үчүн парламент президент кылмыш кылганы боюнча айыптоо бериши керек. Андан кийин башкы прокурор бул айыптоону өзүнүн корутундусу менен ырасташы керек.

Эми, башкы прокурордун корутундусунан тышкары, жаңы орган — Конституциялык соттун дагы корутундусу талап кылынат.

Президентти кызматынан четтетүү үчүн добуш бере турган ЖК депутаттарынын үчтөн экиси добуш бериши керек. Азыр болсо депутаттардын көпчүлүгү гана жетиштүү.

Эгерде президент отставкага кетсе эмне болот?

Президенттин ыйгарым укуктары, азыркыдай эле, парламенттин спикерине өтөт. Эгер андай мүмкүн болбосо, анда өлкө башчысынын милдетин министрлер кабинетинин төрагасы аткарат.

Жаңы президент үч айдын ичинде шайланышы керек деген норма жоюлду.

Президенттин м.а. кезексиз парламенттик шайлоону дайындай албайт, өкмөттү отставкага кетире албайт жана мөөнөтүнөн мурда дайындалган шайлоолорго катыша албайт деген норма дагы жоюлду.

Парламент

Парламентте 90 депутат болот. Учурда алардын саны 120. Депутаттыкка талапкердин жаш курагы да көбөйдү. Эгерде бүгүн парламентке 21 жаштагы адам талапкер боло алса, жаңы Конституция бул жаш куракты 25 жаш деп көбөйткөн.

Депутаттар өкмөткө ишенбөө вотумун жарыялай алат деген норма жаңы Конституцияда жоюлду.

Эми, депутат бир сессия учурунда 10 жыйынга жөнү жок катышпай койсо, анда анын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулат.

Эл өкүлү өз мандатын сактап, премьер-министр же биринчи вице-премьер-министр болуп дайындала алат деген норма жокко чыкты.

Депутаттар алгач президент менен өкмөттүн, андан кийин гана өз мыйзам долбоорлорун кароого милдеттүү болот.

Өкмөт

Жогоруда айтылгандай, аткаруу бийлигин эми президент жетектейт.

Премьер-министр болбойт, министрлер кабинетинин төрагасы гана болот.

Президент иш жүзүндө премьер-министр болуп калат, ал:

  • Өкмөттүн отурумдарына төрагалык кылат
  • Өкмөттүн ишин жетектейт
  • Министрлер кабинетинин ишинин жыйынтыктары үчүн жеке жоопкерчилик тартат
  • Министрлер кабинетине тапшырма берет жана алардын аткарылышын көзөмөлдөйт

Жаңы Конституция боюнча, эгер министрлер кабинетинин төрагасы отставкага кете турган болсо, өкмөт ишин уланта берет. Азыр болсо, премьер-министр менен чогуу өкмөт толук бойдон отставкага кетет.

Бул бөлүмдө жаңы норма пайда болду — эгер парламент бюджеттин аткарылышы боюнча отчётту канааттандырбаса, президент министрлер кабинетинин жоопкерчилигин карайт.

Сот бийлиги

Сот түзүмү Конституциялык, Жогорку жана жергиликтүү соттордон куралат.

Азыркы учурда Конституциялык соттун ордуна Жогорку соттун Конституциялык палатасы иштеп жатат.

Конституциялык соттун айрым ыйгарым укуктары Конституциялык палатанын ыйгарым укуктарына окшош. Мисалы, Конституциялык сот жаңы Конституцияга түзөтүүлөрдү сунуштоо долбоору боюнча корутундусун чыгарат, эл аралык келишимдердин конституциялуулугу боюнча корутундуларды да чыгарат.

Бирок, мындан тышкары, Конституциялык сот:

  • Президенттин, Жогорку соттун же парламенттин өтүнүчү менен Конституцияны түшүндүрүп берет;
  • Мыйзамдар Конституцияга ылайык келип-келбегенин талдаган иштерди чечет;
  • Бийлик бутактары арасында компетенциялар боюнча талаштарды чечет;
  • жана президентти айыптоо боюнча корутунду берет.

Конституциянын жаңы долбоорунда Жогорку жана Конституциялык соттордун төрагаларын парламенттин жана Судьялар кеңешинин макулдугу менен президент дайындай турганы жазылган. Азыркы учурда Жогорку соттун жана Конституциялык соттун төрагаларын судьялар өздөрү шайлайт.

Конституциянын жаңы долбоорунда Тартип комиссиясы жөнүндө сөз айтылбайт. Азыркы учурда бул комиссия судьяларды кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берет.

Жогорку сот өз карамагындагы маселелер боюнча мыйзамдарды демилгелей алат.

Жаңы орган — сот адилеттүүлүгү иштери боюнча кеңеш түзүлөт. Анын үчтөн экиси судьялардан, үчтөн бири президенттин, парламенттин, Элдик курултайдын өкүлдөрүнөн жана юристтерден турат.

Жаңы орган

Элдик курултай — кеңешүүчү, байкоочу, коомдук-өкүлчүлүктүү чогулуш. Ал коомдук өнүктүрүүнүн багыттары боюнча сунуштамаларды бере алат.Бирок бул аныктамада курултай эмне иш кылары түшүнүксүз — анын ыйгарым укуктары Конституциялык мыйзам менен аныкталат.

Эгерде бүгүн мыйзамдарды 10 миң шайлоочу, депутаттар жана өкмөт демилгелей алса, жаңы Конституция бул укукту төмөнкүлөргө да берет:

  • 10 миң шайлоочуга;
  • президентке;
  • парламент депутаттарына;
  • министрлер кабинетинин төрагасына;
  • Жогорку сотко;
  • Элдик курултайга;
  • Башкы прокурорго.

Цензура

Конституциянын долбоорунда берене пайда болду: «Өсүп келе жаткан муунду коргоо максатында Кыргыз Республикасынын элине таанылган адеп-ахлактык баалуулуктарына, аӊ-сезимине карама-каршы келген иш-аракеттер мыйзам менен чектелет. Маалыматты алууга жана жайылтууга чектөө коюлуучу иш-чаралардын жана чектөөлөрдүн тизмеси мыйзам тарабынан белгиленет».

Бирок кайсы иш-чаралар моралдык жана адеп-ахлактык баалуулуктарга каршы болору такталган эмес. Ошондой эле, баалуулуктардын өздөрү да белгилүү эмес. Укук коргоочулар бул ченем цензурага алып келиши мүмкүн деп эсептешет.

Мыйзам бузуулар

Конституциянын жаңы долбоорун Садыр Жапаров президент болуп шайлана электе эле демилгелеген. Жарандык коом, юристтер, эл аралык укук коргоочулар Конституциянын түзөтүүлөрү мыйзам бузуулар менен киргизилип жатканын бир катар жолу айтышкан. Мисалы, Конституциянын долбооруна Конституциялык палатанын корутундусу даярдалган эмес.

Дүйнөлүк деңгээлдеги конституциялык укук боюнча юристтерден турган Венеция комиссиясы Кыргызстандагы Конституциялык реформанын олуттуу кемчиликтери бар экенин айтышкан.

Комиссиянын эксперттери өлкөнүн Баш мыйзамынын үстүндө иштеген Конституциялык кеңешменин легитимдүүлүгүн күмөнгө коюшкан. Ошондой эле, эксперттер ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 2020-жылы күзүндө эле бүтүп калган депутаттар конституциялык реформаны бекитүүгө укуктары жок болгон деп эсептешет.

Комиссиянын корутундусунда, Конституциянын жаңы долбоорунда президенттин бийликтин башка бутактарынын үстүнөн чектен тыш үстөмдүгү жазылып, парламенттин ролу солгундап калганы айтылган. Мунун баары мамлекеттик бийлик бутактарынын арасындагы ооздуктоо жана тең салмактуулук тутумунун негиздерине зыян келтирүү тобокелдигин жаратат.