Милиция Айзада өлтүрүлгөн жерден тартылган сүрөттүн жайылып кетишин териштирет

Милиция Айзада Канатбекова киши колдуу болгон жерден тартылган сүрөттөрдүн таркап кеткени боюнча текшерүү жүргүзөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИББдин басма сөз катчысы Улан Жумаков «Клооптун» журналистине кабарлады.

«Кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгынан кийин кенен маалымат берилет», — деди Жумаков.

Уурдалып, андан соң муунтуп өлтүрүлгөн Айзада Канатбекова менен ала качып, кийин өз өмүрүн кыйган Замирбек Теңизбаевдин өлгөндөн кийинки сүрөтү 8-апрелде социалдык тармактарга, Инстаграмдагы жаңылык каналдары менен телеграмга тарап кеткен. Азырынча окуя болгон жерде тартылган сүрөттөр кандайча интернетке таркап кеткени белгисиз.

Айзада Канатбекованы уурдоо жана өлтүрүү

Айзада Канатбекова 5-апрелде таңкы 7:00де уурдалган. Кызды ала качуу видео-байкоо камераларына жазылып калган. Видеодо кыздын жанына бир киши келип, аны күчкө салып автоунаа жакка жетелеп кеткени көрүнүп турат. Кийинчерээк кыздын жанына дагы эки киши келип, кызды күчкө салып мала кызыл түстөгү «Хонда» үлгүсүндөгү автоунаага отургузушкан. Унаа белгисиз жакка жөнөп кеткен.

Эки күндөн кийин, 7-апрелде Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арашан жана Чокморов айылдарынын ортосундагы талаада мал жайып жүргөн чабан Канатбекова уурдалган «Хонда Цивик» автоунаасын байкаган. Чакыруу жерине келген милиция кызматкерлери унаанын ичинде киши колдуу болгон Айзаданы табышкан. Автоунаанын ичинде кызды уурдаган Замирбек Теңизбаевдин сөөгү да болгон.

Алдын ала маалыматтар боюнча Теңизбаев Айзаданы футболка менен муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнүн күрөө тамырын кесип каза болгон.

Кийинчерээк, Бишкек шаардык ИИББдин басма сөз кызматы Теңизбаев Орусиянын бир нече соту тарабынан кылмыш жообуна тартылганын билдирген. Мекеменин маалыматы боюнча, 2008-жылы Омск шаарынын Киров райондук соту Теңизбаевди уурдоо үчүн соттогон. Анда ал 3 айга эркиндигинен ажыратылган. 2009-жылы, Теңизбаев тоноо үчүн экинчи ирет 2 жылга кесилген.

2011-жылдын июнь айында Теңизбаев эркиндикке чыгып, бир айдан кийин эле «Каракчылык» жана «Опузалап талап кылуу» беренелери боюнча соттолгон. Бул кылмыштары үчүн Теңизбаев 5,5 жылга кесилген. 2017-жылы ал эркиндикке коё берилип, Кыргызстанга депортацияланган. 2020-жылдын июль айынан бери ага Орусияга кирүүгө тыюу салынган.