Байкоочулар: Шайлоо купуялыгы да, социалдык аралык да сакталган жок

«Клооптун» байкоочулары байкаган мыйзам бузуулар

«Клооптун» байкоочулары шайлоо участкаларындагы мыйзам бузууларды каттап жатат. Мисалы Каракол шаарындагы №3160 участкасында шайлоо комиссиясынын мүчөсү урнанын жанына жакын келип, шайлоочунун салып жаткан бюллетенин карап тиктеп туруп алган. Ошондой эле, бул участкада АСУ иштен чыгып, узун кезек жаралган.

Ал эми Чүй облусунун Гавриловка айылындагы №7222 участкасында УШК мүчөсү урнанын жанында туруп алып шайлоочуларга бюллетень салууга көмөктөшкөн. «Клооптун» байкоочусунун эскертүүсүнө УШК өкүлдөрү көңүл бурушкан эмес.

Чүйдүн Жал айылындагы №7235 участкасында шайлоочулар бири-биринин бюллетенин карашкан. Бул факты боюнча УШК мүчөлөрү добуш берүүнүн купуялуулугу бузулганы тууралуу акт түзүшкөн.

Бишкектеги №1141 участкасында аял АСУнун жанынан добуш берген. Ал муну көзү көрбөй жаткандыктан жана эмне кылышты билбей жатканы менен түшүндүргөн. УШК мүчөсү аялдын жанында тургандыктан бюллетенде кимге добуш берилгенин көрүшү мүмкүн.

Ош облусунун Чагыр айылында №5516 шайлоо участкасында УШК мүчөсү урнанын жанына туруп алып, шайлоочуларга бюллетенди үкөккө салууга жардам берип турган.

Ушундай эле окуя Ысык-Көл облусунун Түп айылында №3065 шайлоо участкасында катталган. УШК мүчөсү үкөктүн жанында тургандыктан байкоочу комиссиянын төрагасынын атына арыз жазды.

Ошондой эле, бюллетенди сүрөткө тарткандарды дагы байкоочулар видеого тартып алышты. Мындай окуя Бишкектеги №1305 шайлоо участкасында катталган. Байкоочулар УШК мүчөлөрүнөн чара көрүүнү талап кылгыча, шайлоочу бюллетенди урнага салып, чыгып кеткенге үлгүргөн.

Бюллетенди сүрөткө тартуу фактысы Сокулук районунун Новопавловка айылындагы №7231 участкасында катталды. Шайлоочу бюллетенди сүрөткө тартууга аракет кылды. УШК мүчөлөрү андай кылбаш керектигин айтканда шайлоочу эмне үчүн андай кылганын так түшүндүрүп бере албай койду.