Кыргызстанда 15 участкада көчмө добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыкты

14:45те жаңыртылды.

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек, Ош, Токмок шаарларында жана Аламүдүн районунда 15 аймактык шайлоо комиссиясы өткөргөн көчмө шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылганын кабарлады.

Ош АШКсы доо арыздарды карап чыгып, беш участкадагы көчмө добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарды. Жалпы Ош аймагы боюнча участкадан тышкары добуш берүүгө 1 519 арыз келип түшкөн.

Токмок шаардык АШКсы үч участкада, Аламүдүн АШКсы бир участкада көчмө добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарды.

Буга чейин, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов «Жалпы иш» коомдук фонду жана «Республика» партиясынын кайрылуусунун негизинде Бишкектин алты участкасында көчмө шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылганын билдирди.

Мындан тышкары, анын айтымында, №8 муниципалдык аймактык башкармалыктын кызматкерлеринин үстүнөн кылмыш иши козголду.

«Көчмө урналар 20:00гө чейин ачылбайт. Кечээки добуш берүү боюнча дагы даттануулар келип түшсө, анда чара көрүп баштайбыз, добуш берүүнүн жыйынтыгы да жокко чыгарылышы мүмкүн», — деди ал.

Маматов көчмө шайлоонун жүрүшүндө мыйзам бузууларды иликтөө дагы деле уланып жатканын белгиледи. Анын айтымында 236 добуш жокко чыгарылды. Бишкек шаары боюнча көчмө добуш берүүгө 4 990 арыз берилген, алардын ичинен 4 001 шайлоочу ушундай ыкма менен добушун берген.

Төмөнкү участкаларда жыйынтыктар жокко чыгарылды:

Ленин району — №1028, 1029, 1026

Свердлов району — №1309, 1312, 1311.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов көчмө добуш берүү үчүн шайлоочулар көп санда арыз бергени жөнүндө «Клоопко» маалымат берди. Шайлоочулар мөөнөтүнөн мурда добуш берүү үчүн арыз бербегендерин айткан учурларды байкоочулар катташты.

Маматовдун айтымында, шайлоочулар шайлоо участкасынан сырткары добуш берери тууралуу арыздардын 87%ы үйбашчылары менен кварталдык комитет тарабынан берилген.

Байкоочулардан жана партиялардан түшкөн арыздар

«Жалпы иш» коомдук фонду 10-апрелде жергиликтүү шайлоолордо көчмө добуш берүү боюнча мыйзам бузуулар жөнүндө 29 арыз берген. Алардын 13ү Бишкекте, 16сы Ошто берилген.

Байкоочулардын маалыматына караганда, добуш сатып алуу, үгүттөө, шайлоочуларга басым жасоо, ошондой эле, айрым участкаларда байкоочулардын укуктары бузулган учурлар катталган.

БШКнын мурдагы мүчөсү Атыр Абдрахматова өз кезегинде массалык мыйзам бузуулар болгондуктан Бишкек жана Ош шаарларындагы көчмө добуш берүүнүн жыйынтыгын толугу менен жокко чыгаруу керек деп билдирген.

Анын маалыматы боюнча, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн таптакыр чоочун кишилер башкарып жүрөт, алар маршрутту билишет, комиссияны башка унаа менен коштоп жүрүшөт, шайлоочулардын үйүнө кирип жатышат.

«Балким, айрым партиялардын өкүлдөрү укук коргоо органдарынын кызматкерлерибиз деп өзүн тааныштырып жатышат. [...] Үйдөн добуш берем деп арыз тапшырбаган шайлоочулар табылып жатат, участкалардын көбүндө үйдөн добуш берүүгө арыз тапшырган делген шайлоочулардын саны өтө эле көп болуп жатат», — деди Атыр Абдрахматова.

10-апрель күнү кечинде бир катар партиялар Бишкек жана Оштогу көчмө добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышты. Алар добуш берүү учурунда массалык мыйзам бузуулар болгонун белгилешкен.

«Республика», НДПК, «Реформа», «Социал-демократтар», «Улуу Журт», «Ак-Бата», «Кыргызстандын демократиялык кыймылы», «Патриот», «Ынтымак», «Бүтүн Кыргызстан» партиялары массалык мыйзам бузуу жана шайлоочуларга кысым болгону тууралуу билдирүү жасашты.

«Добуш берүү учурунда шайлоочулардын көпчүлүгүнө көчмө добуш берүү жөнөтүүгө негиз жок экени аныкталган. Анткени алар ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер же улгайган адамдар эмес. Шайлоо участкасынан сырт добуш берүүнү каалагандар Бишкек боюнча тегиз бөлүнгөн эмес. Бир нече шайлоо участкасына гана топтолгон. [...] Биз бийлик жана шайлоо процессин уюштурууга жооптуу адамдардын бардыгы 2020-жылдын октябрь окуяларынын сабактарын жакшы өздөштүрдү жана катачылыктарды жоюуга кечикпей киришет деп үмүт кылабыз», — деп айтылган НДПК партиясынын билдирүүсүндө.

«Реформа» партиясы шайлоо купуялыгы, үйбашчылардын, квартал башчыларынын, белгисиз адамдардын шайлоочуларга кысым көрсөткөнү, үйдөн добуш берүү үчүн арыз тапшырбаган шайлоочулардын табылышы, шайлоо убагында үгүт жүргүзүү жана добуш сатып алуу фактыларын белгилешти.

«Бул фактылардын баары байкоочулар тарабынан катталды жана жол-жоболоштурулду. «Реформа» партиясы Бишкек АШКсы шаардагы шайлоо жайларынан тышкары добуш берүүнүн бардык жыйынтыктарын жокко чыгарылышын, шайлоочуга кысым көрсөткөн, добуштарды сатып алган партиялардын баарын шайлоодон четтетелишин талап кылат», — деп саясий уюм билдирди.

10-апрель күнү болжол менен кечки саат 11:00лерде партиялардын жана «Жалпы иш» коомдук фондунун өкүлдөрү Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын имаратынын алдына чогулуп, жазуу түрүндө биргелешкен арызды даярдашты.

Арыздар катталгандан кийин Бишкек менен Ош шаарынын аймактык комиссиялары текшерип баштаганын билдирди. Бишкек АШКнын башчысы Кайрат Маматовдун айтымында, айрым шайлоо участкаларындагы мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйыктыктары жокко чыгарылышы мүмкүн.

«Шайлоо бүткөндөн кийин тапшырылган материалдардын баарын карап чыгабыз. Мыйзам бузуулар аныкталган жердеги шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарабыз. Үйбашчылар добуш берүүгө кийлигишкени жөнүндө маалыматтар келип жатат, шайлоо комиссияларынын ишмердигине кийлигишүүлөр боюнча материалдарды милицияга беребиз. Ал керек болсо, шайлоодон кийин дагы маалыматтардын баарын кайрадан текшере алат», — деп ал белгиледи.