Акаев: Шайлоо таза өткөн жок, иши кылып бардык бийликти Жапаров өз колуна алды

Сүрөт маектин видеосунан скриншот кылып алынды

Депутат Жанар Акаев 12-апрелде «Али Токтакунов МедиаХабына» маек курду. Анда ал өкөдө болуп өткөн шайлоо жана референдум, Садыр Жапаровдун бийлиги менен анын катасы тууралуу кеп кылды.

«Шайлоо таза өткөн жок, акча абдан чоң роль ойноду»

Акаев 11-апрелдеги шайлоо таза өтпөгөнүн айтып, олигархтардын жана базаркомдордун партиялары утуп келгенин билдирди. Ал бул шайлоодо «акча абдан чоң роль ойноду» деп белгиледи. Депутат «азыкы бийлик ушул учурдан баштап таза шайлоо өткөрсө болмок» дейт.

«Акча таратуу, добуштарды сатып алуу 4-октябрда кандай болсо ошондой эле болду. Эми ушул бай партиялар бийликке коркунучсуз. Анткени кайсы убак болбосун бийликтин айтканын алар жасап берет. Ошондуктан бийликтегилер, күч органдары, булардын акча таратуу фактысына көз жумуп коюшту», — деди ал.

Акаев ар бир шайлоодо добуш сатып алуу токтобогонун өлкөдө жакыр катмардын көптүгү менен түшүндүрдү. Ал бай партиялар мындан пайдаланарын белгилеп, Ошто «Азамат Арапбаевдин системасы» деп атааларын айтты.

«Чынында 4-5 миң сомго муктаж адамдар көп. Аны ошол бай партиялар жакшы билет дагы, округдарды бөлүп алышат. Анан шайлоого ыңгайлашкан домкомдор, кварталдык комитеттер шайлоону күтүшөт. Алар системаны жакшы билишет. Аларда кадимкидей маалыматтар бар, шайлоочуларды анализдешет», — деп система тууралуу айтып берди депутат.

Акаев парламенттик жетинчи чакырылышынын 80%ын байлар түзөөрү түшүнүктүү болуп калды дейт.

«Баш мыйзамды өзгөртүү Жапаровдун алгачкы эң чоң катасы»

Акаев Садыр Жапаровдун бийлиги тууралуу да кеп кылып, ал келгенден бери жарым жыл өтсө да позитивдүү өзгөрүү боло электигин билдирди. Ошондой эле «Баш мыйзамды өзгөртүү Жапаровдун алгачкы эң чоң катасы болду» деп белгиледи.

«Орок оро албаган орок тандайт деген жакшы сөз бар. Мына Жапаровдун жана анын командасынын бийликке келгенине туура 6 ай убакыт болду. Жарым жылда бийликтин ниети, өзгөртө алабы, кадрдык саясаты кандай болот, адилеттүүлүктү орното алабы билинип калат. Ошон үчүн алты айга чейин оппозициялык күчтөр деле көп сындабай мүмкүнчүлүк берели деген ой менен келишти», — деди ал.

Акаев президенттин кадр саясаты туура эмес болуп жатканын айтып, эгер «татыктуу кадрлар кызматка келсе биз унчукпай эле отурмакпыз го» дейт.

«Өткөндө эле сот тандоо кеңешин карадык. Мына премьер-министрди, мэрлерди коюп жатат, министрлерди коюп жатат. Эми ушундан байкалат эле да», — деди депутат.

Ошондой эле ал Жапаров «өзгөргөнүн» айтып, ага карата нараазычылык кескин күчөдү деген пикирде.

«Эл Жапаровдун 2015-16-17-жылдарда фейсбукка жазганын чыгарып жатпайбы. Таптакыр башка Жапаров [...] Октябрда “неге мүмкүнчүлүк бербейсиңер, силер Кыргызстандын өнүгүшүн көрө албайсыңар, иштеткенге мүмкүнчүлүк бербейсиңерби” дегендердин баары азыр көрүп калган жерде “биз ошондо жаңылыптырбыз” деп кечирим сурашат», — деди Акаев.

«Иши кылып бардык бийликти Жапаров өз колуна алды»

Депутат жаңы Баш мыйзам кабыл алынгандан кийин бардык бийлик Жапаровдун колуна өтүп, тең салмактуулук жоголду дейт.

«Бүгүнтөн баштап Жапаров өзү президент, өзү премьер-министр, өзү башкы прокурор, өзү сот. Иши кылып бардык бийликти Жапаров өз колуна алды. Абдан күчтүү бийлик Кыргызстанда орноду. Мурда тең салмактуу болчу. Азыркы чабал парламент да бюджетти бекитпей, өкмөт башчыны отставкага кетирүү мүмкүнчүлүгү бар болчу. Бирок мындан ары эч нерсе кыла албайт», — деди ал.

Депутат мындай ыйгарым укук башка президенттерге берилген эмес деп, «Жапаровго дагы кандай мүмкүнчүлүк керек» деп суроо салды.

«Эгер Жапаров өлкөнүн өнүкпөй атканын бир гана Конституциядан көргөн болсо, анда мына эми ага бардык мүмкүнчүлүк берилди. Бардык бийлик колунда. Биз дагы аны жүдөткөн жерибиз жок. Оппозиция мүмкүнчүлүк берип койду. Эгер ушул президенттик башкаруудан деле оңолуп кетсек, биз чын жүрөктөн колдойт элек. Эми андай болбой жатат да», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.